Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:26

Ала-Букадагы дарыгерлерди дүрбөткөн чечим


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ала-Букада беш дарыгер жумуш учурунда коронавирус жугузуп алганына байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги аймактык оорукананын башчысын кызматтан алды.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб Ала-Бука аймактык ооруканасынын жетекчисине карата кызматтык териштирүү жүргүзүүнү Саламаттык сактоо министрлигине тапшырган.

Райондук оорукананын жамааты бул чечимге макул болбой, жетекчини ордунда калтырууну талап кылууда. Жалал-Абад облусунун өзүндө эле 106 медицина кызматкери обсервацияга түшкөнү маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлиги Ала-Бука аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Бактыгүл Алибаеваны кызматынан бошотту. Анын ордуна орун басары Айнура Мырзалиева убактылуу башкы дарыгердин милдетин аткарат.

Ала-Бука аймактык ооруканасынын жамааты башкы дарыгерин ордунда калтырууну 6-апрелде талап кылып чыкты. Бейтапкананын имаратынын алдына чогулган ондогон дарыгерлер мындай кырдаалда жетекчини алмаштыруу туура эмес деп эсептешет. Аты-жөнүн атагысы келбеген медицина кызматкери чогулгандардын талабын түшүндүрдү:

«Азыр бизде оор кырдаал эми гана башталып жатат. Алдыда мындан да татаал учурлар болушу мүмкүн. Мындай учурда жетекчиликти алмаштыруу туура эмес. Жаңы келген жетекчи жагдайды түшүнүп, ишти алып кеткиче дагы убакыт керектелет. Ошондуктан жамаат арасындагы ынтымакты сактап калуу азыр зарыл болуп турат. Териштирүү иштерин кийинчерээк деле жүргүзсө болот. Ошондуктан биз жетекчибизди өз ордунда калтырууну суранабыз».

Аймактык ооруканада 300дөн ашык ак халатчан эмгектенет. Коронавируска шектүү алгачкы бейтап жугуштуу оорулар бөлүмүнө 23-мартта келип түшкөн. Райондук оорукананын дарыгерлери илдет менен күрөшүүдө колдон келишинче аракет кылып жатышканын билдиришет. Чогулгандардын арасындагы дагы бир кызматкер көзүнө жаш тегеренип мындай деди:

«Биз бул кырдаалга такыр даяр эмес болчубуз. Психологиялык жана физикалык жактан да даярдык жок болчу. Мындай кырдаалда тийиштүү органдар бизди текшерүүнүн ордуна колдош керек. Биздин жетекчибизге такыр тийишпесин. Умрадан келгендерди убагында кармап, өз убагында чара көргөндө мындай кырдаал түзүлбөйт болчу. Баарына жайылып кеткен соң бизди күнөөлүү кылбай...».

Аймактык оорукананын беш кызматкеринен коронавирус табылганы 4-апрелде белгилүү болгон. Алар азыр жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жатышат. 1-апрелде нөөмөт алмашкан 10 дарыгер Ала-Бука районундагы кесиптик лицейлердин бирине обсервацияга алынган. Карантинде жаткан дарыгерлердин бири буларды айтты:

«Жумушта бизге коргонуучу каражаттар берилген эмес. «Бир жолу колдонуучу беткапты жууп-тазалап, бир ай колдоносуңар» деп беришкен. Арты ачык коргоочу халаттарды колдонуп жүрдүк. Аны кечкисин жуусак, күндүзү толук кургабай, нымдашкан боюнча кийип, ишке чыгып жаттык. Коргоочу кийим сурасак «бир жолу колдонуучу кийим, силерге болбойт» деп коюшкан. Убагында кызматкерлер дурусураак окутуудан да өткөн эмес. Болгону 15 мүнөттүк кийинүү эрежеси боюнча түшүндүрүү сабагын өтүшкөн. 23-март күнү эртең менен жумушка келсек, мажбурлап эле жугуштуу оорулар бөлүмүнө киргизип жиберишти. Эми болсо 1-апрелден бери обсервацияда жатабыз, кабар алган адам жок. Жарым айдан бери балдарымды, үй-бүлөмдү көрө элекмин. Тамак-ашты сырттан таштап келишет, бизди күзөтчү кайтарып жатат. Мындайда дарыгерлердин иммунитети кантип көтөрүлөт? Март айында суткалап иштеп, 8 миң сом маяна чыгыптыр. Тескерисинче, мурунку айдан да аз чыгыптыр. Бул боюнча бухгалтерден тактоого мүмкүнчүлүк болбой жатат».

5-апрелде Республикалык штаб Саламаттык сактоо министрлигине медицина кызматкерлеринин коопсуздугу боюнча тийиштүү деңгээлде иш алып барбагандыгы үчүн Ала-Бука аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Бактыгүл Алибаеваны иштен алып, кызматтык териштирүү жүргүзүүнү тапшырган. Бирок ал ишинде кандай кемчилик кетиргени так айтылган эмес.

Коронавируска каршы күрөш боюнча облустук штабдык башчысынын орун басары Арстанбек Боржиев илдетке кабылган дарыгерлердин абалы туруктуу экенин айтты:

«Ала-Букада илдет жуккан дарыгерлердин абалы жакшы. Эч кандай симптомдору жок жана дарыларын убагында ичип жатышат. Алар туура кийинип-чечинүүдө жугузуп алышы мүмкүн. Себеби кенже тейлөөчү кызматкерлер техникалык коопсуздук чараларын аткарбай калышкан окшойт. Анткени алар жогорку билимдүү адистер эмес. Аны атайын комиссия териштиргенде аныкталат. Бирок бардык медкызматкерлер убагында окутуудан өткөн. Илдет жугузуп алган дарыгерлердин бирөө - Жалал-Абад облустук клиниканасынын жана дагы бири - шаардык санитардык-эпидемиологиялык борбордун кызматкери».

Ала-Бука аймактык ооруканасынын кызматкерлери. 6-апрель, 2020-жыл.
Ала-Бука аймактык ооруканасынын кызматкерлери. 6-апрель, 2020-жыл.


Ала-Букадагы дарыгерлер менен район акими Эмилбек Абдыкадыров жолугушуп, алардын талаптары облустук деңгээлде каралып жатканын билдирди:

«Сиздер өз кайрылууңуздарды жазып, жөнөтсөңүздөр болот. Мындай кырдаалда өз милдетибизди аткарып, кызматыбызды үзгүлтүксүз өтөп туралы. Учурда облустук штаб бул маселеде Саламаттык сактоо министрлиги менен сүйлөшүп жатат. Мен да аким катары облус башчысына «райондук оорукананын башчысына карата терс талабым жок» деп өз оюмду жеткирдим. Анткени Бактыгүл жамаат менен ынтымактуу иштеп, бул кырдаалга байланыштуу колдон келген аракетин көрүп жатат».

Жалал-Абад облусунда нөөмөттөгү жана илдети аныкталган дарыгерлер менен байланышта болгон 106 медицина кызматкери обсервацияга түштү. Алардын ичинен 57си - 14 күндүк нөөмөт алмашкан дарыгерлер. Калган 49у илдет аныкталган санэпидкөзөмөл дарыгери менен байланышта болгон шаардык санитардык-эпидемиологиялык борбордун кызматкерлери. Алар өз иш бөлмөсүндө жана Жалал-Абад курортуна карантинге жаткырылган.

Кыргызстанда 7-апрелге карата COVID-19 вирусу жуккандардын саны 228 адам болду. Алардын 23ү айыгып, төртөө каза болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG