Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Жалал-Абадда 106 медицина кызматкери обсервацияда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунда нөөмөттөгү жана илдети аныкталган дарыгерлер менен байланышта болгон 106 медицина кызматкери обсервацияга алынды. Бул тууралуу саламаттык сактоо боюнча облустук штабдын башчысынын орун басары Арстанбек Боржиев Жалал-Абаддагы онлайн брифингде билдирди.

«Обсервацияда жаткандардын ичинен 57си - 14 күндүк нөөмөт алмашкан дарыгерлер. Калган 49у илдет аныкталган санэпидкөзөмөл дарыгери менен байланышта болгон шаардык санитардык эпидемиологиялык борборунун кызматкерлери. Алар өз иш бөлмөсүндө жана Жалал-Абад курортуна карантинге жаткырылган. Анализдери алынып, толук жыйынтыгы чыга элек», - деди Боржиев.

Жалал-Абад облусунда коронавирус аныкталган жети дарыгердин бешөө - Ала-Бука аймактык ооруканасынын, бирөө - Жалал-Абад облустук клиниканасынын жана дагы бири - шаардык санитардык эпидемиологиялык борборунун кызматкери.

Кыргызстанда 7-апрелге карата коронавирустун жаңы түрү жуккан дарыгерлер 19 киши болду. Булардын ичинен 7 дарыгердики акыркы суткада аныкталды.

18-марттан бери Кыргызстанда COVID-19 вирусу 228 адамдан табылды. Алардын 23ү айыкты, 4 киши каза болду. (RsK)

XS
SM
MD
LG