Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Боронов: кемчилик кетирген жетекчилер жоопкерчиликке тартылат 


Штабдын жыйынында.
Штабдын жыйынында.

5-апрелде вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Анда Боронов уюштуруу иштеринде кемчилик кетирген жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү кызматтан гана алынбастан, жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Вице-премьер-министр өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедовго Ала-Бука районунун акими кемчилик кетиргенин айтып, чара көрүүнү сунуш кылды.

«Уюштуруу маселесин тийиштүү деңгээлде чече албаган жетекчилерге талап катуу болот. Ала-Бука районунун акими бир күн кечке кен иштетүү жайына вахтага баргандарды себепсиз кармап отурду. Өндүрүш процессин токтотпоо маселесине президент көңүл буруп атат», - деди вице-премьер-министр.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигине Ала-Бука райондук ооруканасынын башкы дарыгери медициналык кызматкерлердин коопсуздугу боюнча тийиштүү деңгээлде иш алып барбаганын белгилеп, маселени иликтеп чыгып, тиешелүү чечим кабыл алууну тапшырды.

XS
SM
MD
LG