Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:26

Илдет жугузган дарыгерлердин аянычтуу абалы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуккан медкызматкерлердин саны 32ге чыкканын маалымдады.

Айрым эркин эксперттер бул көрсөткүч бир нече күндөн кийин дагы эселеп көбөйө турганын айтып кооптонууда.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов обсервацияда жаткандардын анализи чыккандан кийин бул көрсөткүч дагы өзгөрүшү мүмкүн экенин айтууда.

Министр "Азаттыктын" 7-апрелдеги "Эксперттер талдайт" берүүсүндө медкызматкерлерге илдеттин жугушу боюнча эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүү зарыл экенин белгиледи:

Сабиржан Абдикаримов.
Сабиржан Абдикаримов.

“Эпидемиологиялык иликтөөдөн кийин эмненин негизинде жукканын айтышыбыз керек. Эрежелерди сактабаганы үчүнбү? Атайын кийим-кечелерди бергенбиз. Кээде ошону кийип, кайра чечкенде эреже сакталбаганы үчүн жугузуп алышы мүмкүн. Инфекциялык ооруканада иштеп жүргөн бир дарыгер өзү менен кошо иштеген үч медицина кызматкерине жана үйүндөгү баласы менен келинине жуктуруп алган”, - деди министр.

Министрдин маалыматында, Ноокат районундагы обсервацияда жаткан кишилерди медициналык тейлөө менен камсыз кылган бир дарыгер жана үч медайым, Ош шаарындагы Жугуштуу оорулардын клиникасындагы мурда ооруп жаткан дарыгердин кесиптештери, бир дарыгер, эки медайым коронавирус жугузуп алган. Бир дарыгерге кичи ажылыктан (умра) келген адамдан жуккан.

«Дарыгерлердин маанайы чөгүп турат»

Ооруп жаткан дарыгерлердин бешөө азыр Бишкетеги жугуштуу оорулардын клиникасында. Аталган жайдын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, ак халатчандардын абалы канааттандырарлык. Ооругандардын бирөөнүн - эпидемиолог-дарыгердин - дем алуусу начарлап, 6-апрелде кычкылтек жабдуусуна кошулган. 7-апрелде өз алдынча дем алууда.

Ооругандар менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок. Аалиевдин айтымында, алардын азыр маанайы түшүп турган кези.

Гүлжигит Аалиев.
Гүлжигит Аалиев.

«Ооруп калган дарыгерлер менен бүгүн сүйлөштүк, - деди башкы дарыгер. - Аларга диагноз жаңы эле коюлгандыктан, ашыкча сүйлөшкөндү жактырбай, маанайы чөгүп турушат. Андыктан психологиялык басым жасабайлы деп чечтик. Себеби, ооругандар көп нерсени жактырбай, өзүнчө кыжаалат болуп жатышат. Бардык дары-дармектер, өздүк гигиеналык каражаттар жетиштүү. Кечээ COVID-19 менен ооруган бир дарыгердин абалы начарлап, өз алдынча дем ала албай, кычкылтек бергенбиз. Бүгүн жакшы болуп калыптыр. Калгандарынын абалы канааттандырарлык. Ооругандардын арасында кенже медициналык кызматкерлер да бар».

Эпидемологиялык кырдаалда медициналык кызматкерлердин өзүн-өзү коргоосуна байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигинин №208 буйругу чыккан. Ага ылайык бардык ооруканаларда жугуштуу ооруга каршы өздүк тазалык, кийимдерди алмаштыруу тартиби берилген.

«Буйрукту так аткарып жатабыз»

Жалал-Абад шаарында коронавирус жуккан жаш балдарды дарылап жаткан Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын балдардын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн кенже илимпоз, дарыгери Марлен Беделбаев ооруканадагы шарттар тууралуу буларга токтолду:

Марлен Беделбаев.
Марлен Беделбаев.

«Бул буйрукта эмне жазылган болсо баарын аткарабыз. Кийинүү тартибин да бузбайбыз. Дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуп жатабыз. Атайын кийимдер, өздүк санитардык каражаттар, дезинфекция каражаттары Жалал-Абад облустук клиникалык жугуштуу оорулардын ооруканасында азыр жетиштүү. Кооптуу зонага кирерде коргонуучу костюмдарыбызды кийип киребиз. Маселен, алты саат ал жакта иштесек, аларды чечпейбиз. Кесиптештер арасында ооругандар жок. Кийин кооптуу зонадан чыкканда чечип, дезинфекциялык каражатка салып жатабыз. Бизде азыр 48 оорулуу жатат. Арасында балдар да бар. Айыгып чыккандары да бар».

«Кыргыз дарыгерлери ачык айткандан коркушат»

Дүйнөдө коронавирус жугуу коркунучунда дарыгерлер биринчи орунда туруп, оору башталгандан бери 100дөн ашык медициналык кызматкер каза тапты. Бирок Кыргызстанда жугуштуу ооруларды дарылаган дарыгерлер менен медайымдар саналуу болгондуктан, аларга оору жугуп, кыйналышы өтө опурталдуу экенин саламаттык боюнча эксперт Бермет Барктабасова баса белгиледи.

Ал «оору жайыла баштаганда эле эпидемологиялык кызмат, Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, оорудан коргонуу боюнча көрсөтмө берген эмес» деп сындады:

Бермет Барктабасова.
Бермет Барктабасова.

«Түштүк аймактардагы дарыгерлер эч кимиси атайын көрсөтмө албаганын айтышууда. Оору башталганда алар эч кандай коргонуучу кийими жок эле бейтаптарды карап жүрүшүптүр. Бирок эми муну ачык айтып чыга албай коркуп жатышат. Себеби «ооруну жугуздуңар» деп, алардын өзүнө айып коюшууда. «Коргонуучу каражатты туура эмес кийип, чечип ооруну жугузушту» дегенди расмий тарап айтып жатпайбы. Эгер аларга кандай кийиниш керек экени айтылбаса кайдан билишмек эле? Азыр деле аларга берилип жаткан коргонуучу кийимдер сапатсыз, үлбүрөгөн жука материалдан экен. Бат эле айрылып калып жатыптыр. Министрликте ал тургай мындай каражаттардын бирдиктүү стандарты да болгон эмес. Андыктан медиктер арасында ооругандар көбөйө бермекчи».

Ал арада медициналык кызматкерлердин өзгөчө кырдаал маалындагы иши, айлык акысы, ооруну жугузуп алса, ошол илдеттен каза тапса төлөнө турган жөлөкпул тууралуу атайын мыйзам долбоору иштелип жатат. Министр Сабыржан Абдикаримов бул мыйзамды парламент тез арада кабыл аларын билдирди.

Марттын экинчи жарымында Кыргызстанда коронавирус менен ооругандар жаңыдан каттала баштаганда социалдык медиада медиктердин коргонуу каражаттары жок иштеп жатканы тууралуу маалыматтар таркаган.

Бирок УКМК мындай билдирүүнү "фейк" деп атап, аны тараткан адамды кармаган.

Соңку маалыматтарга таянсак, бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда бул илдет жуккандардын саны 270ге жетти, алардын ичинен төртөө каза болду, 25и айыгып чыкты. Алардын ичинен 32си медициналык кызматкерлер.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG