Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

«WhatsApp» фейк-маалыматтарды кайра жиберүү функциясын чектеди


Буга чейин «WhatsApp» мессенжеринен бир кабарды беш жолу башка бирөөгө жиберүү мүмкүнчүлүк болсо, эми аны колдонуучу бир гана жолу жөнөтө алат.

Компания муну COVID-19 вирусуна байланыштуу жалган маалыматтардын тарап жатканын токтотуу аргасы экенин маалымдады. Такталбаган кабарларды болсо компаниянын маалымат борборуна жөнөтүү сунушталды.

«​«Көп жиберилген кабар» деген эки сызыкча символу менен белгиленет. Бул символ сизге жөнөткөн колдонуучу кабардын автору эмес дегенди билдирет. Биз мындай кабарлардын кайра жиберилишин чектедик. Эми бир гана жолу жиберүүгө болот», - деп жазылат компаниянын блогунда.

Кыргызстанда жалган маалымат тараткандар боюнча атайын кызмат иш жүргүзүүдө. Жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, жарандардын жалган маалымат таратканы аныкталса, алар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

XS
SM
MD
LG