Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Коронавирус кыргыз коомунун өксүгүн көргөздү


Бишкектеги жаңы конуштагы турмуш.
Бишкектеги жаңы конуштагы турмуш.

COVID-19 илдетинен улам жаралган эпидемилогиялык жана социалдык кризис учурунда жүздөгөн ыктыярчылар өкмөттүн ишине кол кабыш кылышууда.

Бир канча күндөн бери социалдык коргоого муктаж үй-бүлөлөргө жардам чогултуп жана таратып жаткан жаштар өз байкоолору менен бөлүштү.

Аскар Алмаз уулу COVID-19 илдети тарап, өлкөдө карантин башталганда чукул арада 30 ыктыярчыдан турган «Жаштар демилге борбору» деген коомдук бирикме түзүп, 15 машине менен эки жумадан бери азык-түлүктүн айрым зарыл түрлөрүн чогултуп, Бишкектин четиндеги конуштарда жашаган үй-бүлөлөргө таркатып жатыптыр.

«Бүгүнкү күндө аябай көп адам жардамга муктаж, - деди ал. - Эртең мененки саат жетиден кеч киргенге чейин такыр тынбай калдык. Баарынан өкүнүчтүүсү - жардам сурагандардын ичинде күйөөлөрү таштап кеткен, жалгыз бой энелер көп. Алар үчтөн-төрттөн баласы менен батирлерде ачка отурушат. Андан кийинкилери - майып, кары-картаң жана күнүмдүк акча тапкан үй-бүлөлөр».

Алмаз элдин социалдык абалын өз көзү менен көрүп, оор абалга туш келген тургундар көп экенине ичи ачышып турганын белгиледи. Ал ыктыярчылык ишмердүүлүгүн COVOD-19 илдети токтогондон кийин да уланта берүүнү максат кылууда.

«Коронавирус мамлекеттин шайын оодарып, бир топ нерсени ачыкка чыгарып койду. Көрсө буга чейин деле нанга жетпей, зар какшап жүргөн үй-бүлөлөр толтура турайбы, аларды көрүп бир топ дендароо болдук. Эми мамлекет деле мындан кийин ал адамдарга тийиштүү жардам көрсөтөт деп терең үмүт кылабыз», - деди ал.

Коронавирустун жаңы түрү жайылып жатканына байланыштуу 15-апрелге чейин Кыргызстанда өзгөчө кырдаал, айрым аймактарда өзгөчө абал жарыяланган.

Ага ылайык, базарлар, соода борборлору, ишканалар, кызмат көрсөтүү жайлары жабылган. Бул өз кезегинде миңдеген адамды күнүмдүк кирешесинен кол жуудуруп, мамлекеттен жана демөөрчүлөрдөн көмөк сураган адамдардын катарын калыңдатты.

Нурсултан Кубанов.
Нурсултан Кубанов.

Маселен, Нурсултан Кубанов да өз ыктыяры менен муктаждарга жардам кылып жүргөн активисттердин бири. Ал кыргыз коому ушул күндөрдөн сабак алып, мындан ары той-топурларды чектеп, үнөмдөп жашаганга үйрөнүшү керек деп эсептейт.

Нурсултан жардамга муктаж балалуу жалгыз бой энелер көп экенин байкаган. Ыктыярчы муну билимдин өксүгүнөн жана жаштардын үй-бүлө куруу маданияты калыптанбаганынан көрөт.

«Үй-бүлө маданияты калыптанбагандыктан ажырашуулар көп болуп, азыркыдай жалгыз бой энелер балдары менен калып атат. Муну өкмөт көзөмөлгө алышы керек», - деди активист.

Ал эми блогер Азирет Осмонов теңтуштары менен «Инстаграмдагы» жеке баракчасына кайрылган муктаж жарандарга жардам уюштуруп жатат. Ал муктаждарга азык-түлүк жеткиргени барганда элде социалдык чыңалуу күч экенин, агрессияга алдыргандар да бар экенин көргөн.

Азирет Осмонов.
Азирет Осмонов.

«Биз кечээ тизме боюнча Арча-Бешик конушуна барганда, башка эле адамдар «бизге эмнеге жардам бербейсиңер» деп асылды. «Биз тизме боюнча гана таратабыз» десек уккусу жок. Анан «бизге май эмес, ун керек болчу» деп кекеткендери да бар. Ушуларды көрүп бир аз маанайың түшөт», - деди ал өз башынан өткөргөндөрүн айтып берип жатып.

Деген менен блогер ыктыярчыларга ыраазы болуп, алкыш айтып, көмөктөн баш тартып, «бизден да муктаждарга алып барып бергиле» деген жарандар да болгонун кошумчалады.

Буга чейин баш калаадагы жардамга муктаж жарандардын кайрылууларына Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев мындайча жооп берген:

«Материалдык резервдин эсебинен Бишкек шаарына 6 миң тонна ун бөлүнгөн. Бул алты миң тонна унду төрт районго бир жарым миңден бөлгөнбүз. Мэриянын токтомунун негизинде бул унду тарата баштадык. Бул унду ким алат? Биринчиден, социалдык коргоо кызматтарында каттоодо тургандар, экинчиден, жашаган жерине жараша элге беребиз.

Экинчиден, Сооронбай Шарипович суранып, араб фонддору жардам кылып, бир баштыкка ун, макарон, май, кант ж.б. салып, калктын аялуу муктаж катмарына тарата баштадык. Бул 15 миң даана баштык, ар бир районго 3 500, 4 миңдин тегерегинде жардам баштыктары такыр колунда жокторго, каттоосуна карабай берилет.

Балбак Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев.

Биз квартал башчылар, айыл өкмөттөрү жана акимдер менен тыгыз иштешип, тизмелерин алып жатабыз. Мындан сырткары калаа мэри Азиз Суракматовдун буйругу менен 12-13-апрелден тартып 15 миңге жакын адамга жардам таратабыз. Алар шаардын ичинде, социалдык коргоо бөлүмдөрүндө каттоодо турган багаар-көрөрү жоктор. Башкача айтканда, майыптар, жетимдер, жалгыз бой энелерге таратабыз.

Шаар башчысы Азиз Суракматовдун өтүнүчүнөн кийин 20 миң үй-бүлөгө ишкерлер жардам беребиз деп жатышат. Булардын баарын бөлүп-бөлүп даярдап жатабыз. Баарын элге жеткиребиз.

Бишкек шаарына жакын жайгашкан Ак-Жар, Ала-Арча, Ак-Ордо - 1,2, ТЭЦ-2 жаңы конуштарына биз Бишкек шаар башчылыгы Чүй облусуна жардам берүү максатында өкмөт бөлүп берген ун жана азык-түлүк баштыгын баарына жеткиребиз. Мындан тышкары «Фейсбуктан» да жардам сурагандар бар. Борборлоштурулган бир штаб бар, баарын тизмелеп, ошол штабга өткөрүп, ал жактан бөлүнүп жатат. Башка жактардан, жарандардан келген жардам бар.

Баарыбыз аларды текшерип, жардамга муктаждардын тизмесине ылайыктап жатабыз. Жардам туура эмес кетип калса, анда башыбыз менен баарыбыз жооп беребиз».

Өлкөдө 25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG