Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Ош: партиялардын «саясатташкан» жардамы


Ош базары.
Ош базары.

Ош шаарына коронавируска байланыштуу өзгөчө абал киргенден бери бир нече партия ачык жарыя кылуу менен элге жардам бере баштаган. Бул коомчулукта алардын саясий упай топтоо аракети катары кабыл алынууда.

Ошто жана бир канча шаарда 12-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтмөк. Бирок шайлоо COVID-19 илдетине байланыштуу жылдырылып, эми качан өтөрү белгисиз.

Ош шаарына Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 130 тонна ун бөлүнүп, 5-6-апрель күндөрү жергиликтүү бийлик элге тарата баштаган. Оштогу айрым укук коргоочулар жана активисттер «аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бөлүнгөн унду «Биримдик» партиясы өз атынан таратып жатат» деп айтып чыгышты.

«Азаттык» радиосуна бир нече аудио келди. Анда «Биримдик» партиясы өз тарапташтарына гана ун таратып жатканы жөнүндө сүйлөшүүлөр бар. Атын атагысы келбеген бир канча киши бул Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн ун экенин айтты. Алардын бири мындай дейт:

«Бийликтин партиясы "Биримдиктин" атынан» деп гумжардамга келген унду таратып жатат. Эки-үч күн мурда шайлоочу бекер берилип жаткан унду алууга барган учурда берип жаткан аял «сен шайлоо учурунда башка партияны колдогонсуң» деп ага ун бербей коюшуптур. Кийин да ушундай окуялар кайталанды. «Өзүбүзгө караштуу партияны колдойбуз деген адамдарга беребиз» деген учурлар бар».

Ош шаарынын мэриясына караштуу тышкы байланыштар жана ишкер чөйрөнү өнүктүрүү aгенттигинин жетекчиси, «Биримдик» партиясынын Ош шаарындагы координатору Замир Юсупов бул маалыматты четке кагып, партиянын атынан азык-түлүк таратылбаганын айтты:

«Бул маалыматты кечээ «Фейсбуктан» көрүп таң калдым. Жалган маалымат. Билбейм, кантип эле жазып калышты. Ар бир адам элге жардам берип кайрымдуулук кылып жатат. Балким ошону кээ бири түшүнбөй, Мамматрезервдин жардамын партиялар өз атынан берип жатат деп ойлоп калышы мүмкүн».

«Интербилим» коомдук бирикмесинин Оштогу өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева өзүнүн булактарына таянып, жогорудагы маалыматка ээ экенин, бирок «Биримдик» өзүнүн же Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун унун таратканын так айта албай турганын билдирди:

«Булар өздөрү барып таратып жатпайбы. Демек өздөрүнүн шайлоочуларына таратып жатат. Партиялардын акчасы болсо, ал расмий түрдө фонддон ачык жарыяланган мэриянын же республикалык эсептерге которсо шайлоочуларына гана эмес, тегиз таратылмак. Чындап Ош шаарына жардам берем десе, алар шайлоочуларды ойлонбош керек да. Мисалы, «Биримдик» «Ош шаарына жардам берип жатабыз» деп салмак да. Аларга айырмасы жок болуш керек».

«Биримдик» партиясынан сырткары, «Бир Бол», «Бирик», КЛДП жана башка партиялар да элге жардам берип жатканы тууралуу маалыматтарды айрымдар Интернет аркылуу байма-бай бөлүшүүдө. Булар Ош шаардык кеңешине шайлоого катышарын жарыялашкан партиялар.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова Оштогу партиялардын элге берип жаткан жардамы жөнүндө бир канча кайрылуу болгонун айтты. Ал партиялардын көрсөткөн жардамын «көмүскө үгүт» деп баалады:

«Тамак-аш болобу же башкасыбы, анын баарын бекер таратууга шайлоо мыйзамдары чек коёт. Бул добушту сатып алуу деп эсептелет. Бир жагынан шайлоо өнөктүгү токтотулду, экинчи жагынан шайлоого катышып жаткан партиялар «элге жардам берип жатабыз» деген ураанды жамынып, өзүнүн саясий пиарын улантып жатышат. Учурдан пайдаланып, көмүскө үгүттөө иштерин жүргүзүү - мыйзамсыз».

Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого тогуз партия ат салыша баштаган. Коронавирус илдетинен улам БШК 23-мартта жергиликтүү шайлоону токтоткон.

Өлкөнүн айрым аймактарында 25-марттан тартып өзгөчө абал режими кирген. Алардын катарында Ош шаары да бар. Өзгөчө абалдын мөөнөтү 15-апрелге чейин деп белгиленген. Буга байланыштуу базарлар, ишканалар жабылып, тейлөө сектору ишин токтоткон. Аларда иштеп жаткан миңдеген адам жумушу жок үйүндө отурууга аргасыз болсо, коомдук аялуу катмары азык-түлүк жана башка жардамга муктаж экенин билдирүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG