Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Ошто шайлоодогу үгүт иштерине байланыштуу талкуу болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Анда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун 13-марттан тартып башталган үгүт иштеринде маалымат таратуу маселеси талкууга алынат. Уюштуруучулар «Азаттыкка» маалымдаганы боюнча, үгүт иштерин жүргүзүүдө интернет-ресурстарды пайдалануу, фейк маалыматтарды таратуунун күңгөй-тескейи ортого салынат.

Иш-чараны Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) жана Маданият, маалымат, туризм министрлиги уюштурууда. Жыйынга министрликтен, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн, аймактык шайлоо комиссиясынан, жергиликтүү күч түзүмдөрүнөн жана маалымат каражаттарынан өкүлдөр чакырылган.

Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 12-апрелде болот. 12-мартта үгүт өнөктүгү башталды.

Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого тогуз партия ат салышат. Алар - «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Биримдик», «Кыргызстан», «Улуу Журт», КЛДП, «Эмгек», «Бирик», «Бир Бол» партиялары. (DU/ZKo)

XS
SM
MD
LG