Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 02:17

Индиянын бийлиги дааватчыларды айыптады


Атайын автобустар Нью-Делинин Низамуддин аймагындагы дааватчыларды карантин жайына жеткирүүдө, 31-март 2020-жыл.

Индиянын бийлиги коронавируска чалдыккандардын көбөйүшүнө “Таблиги жамаат” кыймылынын март айындагы чоң жыйындары себеп болгонун билдирүүдө. Мусулман коомчулугунун өкүлдөрү өлкөдө исламга каршы маанай күчөгөнүн белгилеп жатышат.

Соңку бир канча күндөн бери “Таблиги жамааттын” коронавируска чалдыккан мүчөлөрү тууралуу кабарлар Индиянын телеканалдарынын башкы сабынан түшпөй жатат.

Бул өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги дүйшөмбүдө билдиргендей, өлкөдө COVID-19 вирусун жугузуп алган 4,5 миңден ашуун адамдын кеминде 1445инин илдетке чалдыгышына “Таблиги жамааттын” март айындагы ири жыйындары себеп болгон.

Азырынча бул адамдардын канчасы дааватчы экени, канча адам алардан вирусту жугузуп алганы так эмес. Бир нече күн мурда Индиянын маалымат каражаттары кеминде 400дөй дааватчыда коронавирустукуна окшош симптомдор байкалганын жазышкан.

Маалыматка ылайык, 1-марттан 15-мартка чейин миңдеген динзарлар “Таблиги жамааттын” чоң жыйындарына катышуу үчүн Индиянын баш калаасы Нью-Делинин Низамуддин аттуу аймагына чогулушкан. “IndiaToday” порталы жазгандай, диний жыйындарга Индонезия, Малайзия, Бангладеш жана Кыргызстан сыяктуу бир нече мамлекеттин жарандары да катышкан.

Индиянын өкмөтү вирусту чет өлкөдөн келген зыяратчылар жайылтышы мүмкүн экенин билдирип, уюштуруучуларды эрежелерди сактаган жок деп күнөөлөп жатат.

“Ушундай кырдаалда мынчалык чоң жыйын өткөрүү толугу менен туура эмес чечим болгон. Катышуучулардын көбү өлкөнүн башка аймактарына чыгып кетишкенин айтышууда. Алар менен канча киши байланышта болгонун элестетүүнүн өзү абдан коркунучтуу”, - деп билдирди Нью-Делинин башкы министри Арвинд Кеджривал.

Диниятчыларга айып тагылды

Нью-Делинин Низамуддин аймагындагы “Марказ” аттуу бир нече кабаттуу имарат “Таблиги жамаат” кыймылынын Индиядагы тарапкерлеринин негизги борбору деп саналат. ​

Нью-Делинин Низамуддин аймагындагы динзарлар, 31-март 2020-жыл.
Нью-Делинин Низамуддин аймагындагы динзарлар, 31-март 2020-жыл.

Маалымат каражаттары жазгандай, аталган комплекстин курамында бир мечит жана кеминде 5 миңдей адамды батыра алчу жатаканалар жайгашкан. Диний жыйын дал ушул жайда өткөн.

Индияда COVID-19-вирусуна байланыштуу жалпы карантин 24-мартта башталган. Бирок баш калаа Делинин бийлиги 200дөн көп адам катышкан иш-чараларга 13-мартта эле тыюу салган. Нью-Делинин полициясы жыйын өткөн борбордун башкы имамы Маулана Саад баштаган жети диниятчыга “карантин чараларын көз жаздымга калтырган” деген айып такты.

Уюштуруучулар коомдук иш-чараларды чектеген эреже күчүнө кирердин алдында диний жыйынды токтотушканын, катышуучуларды кетүүгө чакырышканын, бирок Индияда каттамдар үзгүлтүккө учураганы үчүн зыяратчылардын көбү кете албай калганын билдиришүүдө.

Индиянын Ички иштер министрлиги 1-апрелде маалымдагандай, дааватчылардын диний борборундагы 2000ден ашуун адам карантинге алынды. Алардын кеминде 216сы чет өлкөнүн жарандары.

Учурда бийлик жана мусулман имамдары чоң жыйынга катышып, бирок Индиянын башка аймактарына чыгып кеткен дааватчыларды текшерүүдөн өтүүгө чакырууда.

“Индиянын кайсы бөлүгүндө болбосун, мечиттерден чыга албай калгандарга кайрылам. Өкмөткө жана жергиликтүү бийликке кабар бергиле. Жашырына турган учур эмес. Коркпогула. Карантин жазалоо дегенди билдирбейт. Бул өзүңөрдүн жана жакындарыңардын коопсуздугу үчүн гана керек”, - деп кайрылды “Бүткүл Индия имамдары” уюмунун башчысы Умер Иляси.

Индияда исламофобия күчөдүбү?

Кантсе да “Таблиги жамаат” кыймылынын мүчөлөрүнө байланыштуу соңку жаңылыктар хиндулар басымдуулук кылган Индиянын интернет сегментинде дааватчыларды айыптаган билдирүүлөргө май чачты.

Нью-Делинин Низамуддин аймагындагы чоң жыйындарга катышканы айтылган динзарлар текшерүүдөн өтүп жатат, Ахмедабад шаары, Индия, 3-апрель 2020-жыл.
Нью-Делинин Низамуддин аймагындагы чоң жыйындарга катышканы айтылган динзарлар текшерүүдөн өтүп жатат, Ахмедабад шаары, Индия, 3-апрель 2020-жыл.

Мындан улам Индиядагы мусулман коомчулугунун көрүнүктүү өкүлдөрү коронавируска байланыштуу кабарлар исламга каршы маанайды күчөтүп жатканын белгилешип, кайрылуу таратышууда. Алардын бири Индия парламентинин депутаты, “Мусулмандардын биримдиги үчүн бүткүл индиялык кеңеш” аттуу саясий партиянын башчысы Асасудин Оваиси да бар.

“Таблиги жамааттын" айланасындагы окуя COVID-19 вирусуна байланыштуу бардык күнөөнү мусулмандарга арта салуу үчүн колдонулуп жатат”, - деп жазды Оваиси “Твиттердеги” барагына.

Мусулман коомчулугунун айрым өкүлдөрү Индиянын бир катар аймактарында хиндулар менен сихктердин да жоон топ тарапкерлери катышкан диний жөрөлгөлөр өткөнүн, аларга мынчалык маани берилбегенин айтышууда. Индиянын 1,3 миллиарддай калкынын 200 миллиондон ашыгы ислам динин карманат.

Пакистанда дааватчылар карантинде

Ал эми калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн коңшу Пакистанда да өткөн айда коронавирус пандемиясына карабай Лахор шаарындагы диний жыйынга чогулган 20 миңдей адам карантинге алынды. Дагы оң миңдеген адамдар изделип жатканын бийлик кабарлады.

Карантинге алынган даваатчылар автобустун келишин күтүп жатышат, Нью-Дели, 31-март 2020-жыл.
Карантинге алынган даваатчылар автобустун келишин күтүп жатышат, Нью-Дели, 31-март 2020-жыл.

Жыйындын уюштуруучуларынын айтымында, “Таблиги жамаат" кыймылынын 10-12-март күндөрү өткөн чоң жыйынына 100 миңден ашуун адам катышкан. Пакистан бийлиги коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн алардын баарын обсервацияга алууну чечти.

11 миллиондой калкы бар Лахор шаарында жети миңдей киши, Синд провинциясында сегиз миңдей, ал эми Хайбер-Пахтунхвада 5300 киши карантинге алынды. Алардын бардыгы сөз болуп жаткан жыйынга катышкан.

Пакистанда төрт айлык дааватта жүрүп мекенине кайткан кыргызстандыктан да СOVID-19 вирусу табылган. Ага чейин Исламабаддын мечитинен бир кыргызстандык дааватчыдан коронавирус табылып,13 жердеши менен Пакистандын борборунда карантинге алынганы кабарланган.

7-апрелде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүнкү күндө Пакистанда жана Индияда канча кыргызстандык дааватта жүргөнү белгисиз экенин билдирди:

"Алардын санын такташ өтө кыйын экен. Азыр Муфтият менен иштеп жатабыз. Кандай жол менен келсе да аларды обсервацияга жаткырабыз. Анализи таза чыкса гана кое беребиз".

Буга чейин Индиянын маалымат каражаттары Патна деген шаарда кыргызстандык 10 жаран кармалып, COVID-19 вирусуна байланыштуу текшерүүгө жөнөтүлгөнүн жазып чыккан.

Дааватчылар деген ат менен белгилүү бул диний кыймылга Орусия жана Борбор Азиянын үч өлкөсү тыюу салган. Бирок Кыргызстан коңшуларынын мындай чараларын колдобойт.

Коронавируска кабылган динзарлар

Түштүк Кореяда коронавирустун жайылышына себепчи болгон диний топтун лидери Ли Ман-Хи басма сөз жыйыны маалында кечирим сурап жаткан учур, 2-март 2020-жыл.
Түштүк Кореяда коронавирустун жайылышына себепчи болгон диний топтун лидери Ли Ман-Хи басма сөз жыйыны маалында кечирим сурап жаткан учур, 2-март 2020-жыл.

"Таблиги жамаат” кыймылы коронавируска байланыштуу чуунун чордонунда калган жалгыз диний уюм эмес. Өпкөнү сезгенткен илдеттин Түштүк Кореяга жайылышына “Шин-Чонжи Ыйса чиркөөсү” аттуу диний секта себеп болгону белгилүү. Аталган топтун Тэгу шаарында 9-16- февраль күндөрү өткөн диний жөрөлгөлөргө катышкан 9 миңдей кишинин көбүндө коронавирус табылган. Ушул тапта Израилдин Бней-Брак шаарында да жөөттөрдүн ашкере динчил топтору бийликтин сактык чараларын көз жаздымда калтырып жатканы, андыктан бул калаада илдет тездик менен жайылып жатканы кабарланууда.

Орусиянын баш калаасы Москвада да коронавирусту кеминде үч чиркөө кызматкери жугузуп алганы белгилүү болду. Алар шаардык епархиянын диний кызматкерлери экенин РБК баштаган орус маалымат каражаттары билдирүүдө.

Орусиянын православ чиркөөсү коронавируска байланыштуу диний жайларга чектөө коюудан баш тартып келген. Бирок 17-мартта Москванын жана бүткүл Орусиянын патриархы Кирилл диний жөрөлгөлөр маалында санитардык эрежелерди күчөтүүгө чакырган.

"Таблиги жамааттын" мүчөлөрү карантинге алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:38 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (19)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG