Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 5-апрель, 2020 Бишкек убактысы 02:27

Кыргызстан, «Таблиги жамаат» жана даават


«Биз жана дин» түрмөгүндө Кыргызстандагы даават жана «Таблиги жамаат» кыймылына байланышкан маселелер тууралуу сөз кылабыз.

Өлкө аймагында дааватка чыкан адамдардын сандык, улуттук, жаш курагы кандай? «Таблиги жамааттын» башкаруу түзүмүнүн өзгөчөлүгү эмнеде? Ага тыюу салынса кандай оң жана терс натыйжалар келип чыгат? Ушул жана башка суроолорго да жооп издедик.

Теманын алкагында эксперт Канатбек Мурзахалиловдун суроолоруна Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы башчысы, саясий илимдердин кандидаты Орозбек Молдалиев менен Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Кабылбек ажы Акматов жооп беришти.

Канатбек Мурзахалилов: - Кыргызстанда ислам динине чакырууну, ага үгүттөөнү даават деп айтабыз. Дааватты болсо «Таблиги жамаат» кыймылына байланыштырып жүрөбүз. Дүйнө жүзүндө «Таблиги жамаатка» байланыштуу бир да уюм катталбаганы да белгилүү. Биздин өлкөдө даават иши муфтияттын бир тармагы катары каралып, анын алкагында 1997-жылы ачылган «Даават», учурда «Даават, үгүт-насаат, жаштар жана аялдар» бөлүмү аркылуу жүргүзүлүп жатат. Айрым дин аалымдары «даават - бул уюм эмес, ал диний ырасым, ибадат» деген пикирлерин билдирип келишет. Ал эми кээ бир талдоочулар «бул уюм, анткени, анын лидерлери, каржы булактары, жактоочулары, жыйналыштары, ишмердүүлүк жүргүзгөн топтору бар» дешет. Бул талаштуу жагдай боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

Орозбек Молдалиев: - Даават маселесине келгенде эксперттер эле эмес, диний аалымдар да бир аз куйтулук менен сүйлөп коюшат. «Таблиги жамаатты» талкуулаганда: «Бул жамаат керекпи?» деп сурасаң, белгилүү эле аалымдар: «Дааватсыз дин болбойт» деп дааватка такап коёт. Албетте, дааватсыз дин болбосу чын. Бирок дааватты сөзсүз эле «Таблиги жамаат» жүргүзүшү керекпи деген маселеге келип такалып калабыз. Даават - имамдын милдети. Мечитте, намаз окуганда, айрыкча жума намазда динге чакырат, хутба айтат. Мунун баары эле динге, исламга чакыруу.

1997-жылга чейин Кимсанбай ажы Абдрахманов муфтий болуп турган кезде «Таблиги жамаат» жок болчу. Кийин молдо Абдусаттар Мажитов муфтий болгондо алар бизге келди. Сиз аны жакшы билесиз. «Таблиги жамаат» боюнча монографияңызга да жазып чыктыңыз. Адегенде эл бул кыймылга жакшы көңүл бурган эмес. Кийин алардын катары көбөйүп, сапатка өтө баштаган кезде элдин ичинде ар кандай терс пикирлер айтылды. Аны биринчи ирет диний ишмерлер баштады. «Биздин жашаган жерибизге келип, эшиктерди такылдатып жатат, пакистандыктардай кийинет экен» деген кептер башталды. Көбүнчө сырткы келбетине, кийген кийимдерине сын-пикирлер көп болду. Муфтиятта 1997-жылы бөлүм түзүлгөнү менен ал дааватты иретке келтире албай койду. Кийин бул маселе 2014-жылы өткөн Коргоо кеңешинде каралды. Дин саясаты боюнча концепцияга да киргизилди. Андан мурда «Таблиги жамаат» кыймылына биздин тегерегибиздеги КМШ мамлекеттери «экстремисттик, террористтик» деген шылтоо менен тыюу салышты.

Бизде мыйзам боюнча уюм сөзсүз эле Юстиция министрлигинен каттоодон өтүшү зарыл эмес. Учурда булар муфтияттын даават бөлүмүнөн уруксат алып, барган жеринде имамдарга жолугуп, ишмердүүлүгү тартипке түштү. 2015-жылда бирдиктүү форма тиктиришти. Бул багытта реформа жүрүп жатат. Бир нерсени тыйып коюш оңой. Тыйгандан кийин кандай болот деген маселени да караш керек.

Канатбек Мурзахалилов: - Орозбек Абдусаламович өз сөзүндө «Муфтият бекиткен тартиптин негизинде даават жүргүзүлөт» деди. Ошол тартип кандай негизде ишке ашат?

Кабылбек ажы Акматов: - Муфтиятта атайын даават бөлүмү ачылганы баарыбызга белгилүү. Өлкөбүздө даават иштери башталгандан бери эле бөлүм аны көзөмөлдөп келе жатат. Мисалы, үч күндүк, 40 күндүк, төрт айлык дааватка чыккан жамааттар бар. Алардын дааватка чыгуу жолун көзөмөлдөп турган аныктама бар. Ким дааватка чыга турган болсо муфтияттан аныктама алат. Аныктамада үй-бүлөсүнөн, өзү жашаган аймактын мечитинин имамынан, милициянын участкалык инспекторунан уруксат алуу каралган. Аныктаманы толтуруп, үй-бүлөсүн толук каржылап, камсыз кылгандан кийин кагаз иштерине кол коюлуп, мөөр басылат. Андан кийин ал муфтиятка тапшырылып, бизде сакталып турат. Ошонун негизинде 40 күнгө, төрт айга дааватка чыгышат.

Канатбек Мурзахалилов: - Жер-жерлерге дааватка чыканда алар мечиттердин имамдарынын көзөмөлүндө болобу же көзөмөлсүз эле жүрүп калышабы?

Кабылбек ажы Акматов: - Барган жерде албетте, имамдын көзөмөлүндө болот. Мисалы, кайсы бир жерге дааватчылар барып калса, алар биринчи кезекте мечиттин имамына барышат. Аны менен жолугушуп, өздөрү тууралуу кабар беришет. «Биз келдик, үч күн дааватта болобуз» деп уруксатын алышат.

Канатбек Мурзахалилов: - Кабылбек ажы, сөзүңүзгө улай, Кыргызстандын аймагында жалпы эле дааватка чыккан же «Таблиги жамааттын» ишине кандайдыр бир деңгээлде тиешеси болгон канча киши бар? Алар өлкөбүздүн кайсы аймагында басымдуулук кылат? Улуттук, жаш курамы кандай?

Кабылбек ажы Акматов: - Даават - элдик иш болгондон кийин, ар бир мусулман өзүнүн ыйманын, динин, деги эле жашоону үйрөнө турган мээнет. Кыргызстанда жашап жаткандан кийин дааватка чыккандардын көпчүлүгүн кыргыздар түзөт. Башка мусулман динин тутунган улуттар да бар. Мисалы, өзбектер деп койсок болот. Дааватка чыккандардын так санын айта албайбыз. Өлкөбүздүн ар бир облусунда, райондордо, айылдарда 1990-жылдын орто ченинен азыркы убакка чейин адамдар дааватка чыгып, алардын саны күндөн күнгө көбөйүп жатат. Жаш курактары болсо орто мектепти бүткөндөн кийин, тагыраак айтканда 18 жаштан баштап, дааватка чыга турган мүмкүнчүлүгү бар 70-80 жашка чейинки кишилерден турат.

Канатбек Мурзахалилов: - «Таблиги жамааттын» мамлекетке, башка диндерге, билим берүүгө, мыйзамдарга баш ийүүгө, саясий иштерге аралашпоого көз карашы кандай критерийлердин негизинде ишке ашат?

Орозбек Молдалиев: - Бул маселе 2014-жылга чейин бир аз татаалдашып кеткен экен. «Жойгула, жапкыла!» деген талаптар да бир чети туура болгон. Себеби, бир топ адамдар «дааватка кеттик» деп үй - бүлөсүн каражатсыз таштап кетип калган. Арыздангандар көп болгон. Бөтөнчө көп кайрылгандар, телефон чалгандар Жалал-Абад облусунан болгон. Ошон үчүн жогоруда айтылган тартиптер муфтият менен сүйлөшүлүп киргизилген.

Дааватка чыккан учурда үй-бүлөсүн каржылоо, милициянын участкалык инспекторунан кылмышка тиешеси жок, экстремисттик көз карашы жок деген тактама-маалымат алуу сыяктуу тартипте жолго салынды. Бирок баары эле идеалдуу болуп калды дегенден алысмын. Бул маселени Коргоо кеңеши караганынын себеби да ушул. Эксперттер да 2015-жылы сүйлөштү, «бул кыймылды жабыш керек, башка мамлекеттер тыюу салды» деп. «Жапкандан мурда адегенде изилдеш керек» деген жүйөлөрдү келтирдик. Тиешелүү мамлекеттик органдар, муфтият ар бири өзүнүн багыты боюнча изилдеп, жыйынтыгын чыгарып бериш керек эле. Тилекке каршы, жыйынтык чыкпай калды. «Йакын инкар» деген «Таблиги жамааттан» бөлүнүп чыккан топту «экстремисттик жолго түшүп алды» деп Башкы прокуратуранын сунушу менен 2017-жылы Октябрь райондук соту ишмердүүлүгүнө тыюу салды. Башкалары боюнча жыйынтык чыга элек.

Канатбек Мурзахалилов: - «Жамааттык Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна (ЖККУ) кирген өлкө катары «Таблиги жамаат» кыймылынын ишмердүүлүгүнө Кыргызстандын аймагында тыюу салыш керек» деген пикирлерди айрым эл өкүлдөрү байма-бай айтып келишет. Ага жүйө катары «бардык Борбор Азия өлкөлөрү, Орусия да бул уюмдун ишмердүүлүгүн экстремисттик деп таанып, ага тыюу салган» деген пикирлерди карманышат. Ошол эле учурда терроризмге каршы күрөшүүдө таяныч катары каралган АКШда, башка Европа мамлекеттеринде, ислам дүйнөсүндөгү өлкөлөрдө бул кыймыл өз ишин ээн-эркин эле жүргүзүп келатат. Эгер Кыргызстан «Таблиги жамааттын» ишмердүүлүгүнө тыюу салса, анда анын натыйжасы кандай болушу мүмкүн?

Орозбек Молдалиев: - Бул маселе боюнча «күч түзүмдөрү, Дин иштери боюнча комиссия изилдеп, жыйынтыгын чыгарыш керек» деп айтылган. Жада калса диний кырдаалды изилдөө боюнча борбор түзүлгөн. Булар чогулуп, изилдеш керек. Бул нерсени үйрөнбөй туруп эле «жаап салыш керек» дегендин натыйжасы кандай болот? Аны талдоо зарыл.

«Таблиги жамаат» көп эле жакшы иштерди жасады. Кыймылдын ичинде бекер жүргөн, ичкиликке берилип кеткен, кылмыш жолундагы адамдар менен иш жүргүзгөн топтор бар. Булардын айрымдары өзүнүн жаңы жолго түшүп, жаңы ыйманга баратканын айтат. Коом үчүн бир адамды түз жолго салып койсоң пайда чоң болот. Терс жолго бир адам түшүп кетсе, ал коом үчүн зыяндуу маселе.

Бир топ эксперттердин «бул кыймыл экстремизмге тартат» деген пикирлери бар. Айрым эксперттер «Советтер Союзу Ооганстанга келгенде «Талибандын» мүчөлөрүнө Пакистан жихадга катышууга уруксат берген» деп айтышат. Биринчиден, бул геосаясий кырдаалга байланыштуу болушу мүмкүн. Экинчиден, «Таблиги жамааттын» мүчөлөрү да мусулман. Кокусунан жихад жарыяланып жатса, ыктыяры менен ага кошулуп кетпейт деп эч ким айта албайт.

Бизде да радикалдаша баштаган топтор болгон. Мен 2016-жылы бул маселе боюнча Делиге чейин барып, «Таблиги жамааттын» жетекчиси Мавляна Саад менен жолуктум. Ал кишинин орун басары менен сүйлөшүп, «бизде «Таблиги жамаат» уюму бар. Бирок, андан бөлүнгөн радикалдуу топ пайда болуп калды. Алар «балдарды эмдетпейбиз, мектепке бербейбиз» деген жана башка талаптар менен чыгып жатат. Уюм экиге бөлүнүп калды. Эгерде муну тартипке келтирбесеңер, анда чыр-чатак чыгат» деп айттым. Ал киши эки тарапты тең бирдей санда чогултту. Мен өзүм да катышып отурдум. Ал киши «Кыргызстандай «Таблиги жамаатка» жакшы мамиле кылган бир да мамлекет жок. Ошондуктан, Кыргызстандын мыйзамдары менен иштегиле. Мыйзамдарды бузбагыла. Исламда бөлүнүү деген жок. «Менин жамаатым бөлүнбөсүн, бөлүнгөндөр бизден эмес» деген пайгамбарыбыздын хадисин бузбагыла» деди. Шарият менен да, мыйзам менен да жакшы пикирин айтып, «бүттү, эми бир уюмга киргиле» деп чечим чыгарып койду.

Канатбек Мурзахалилов: - «Таблиги жамааттын» башкаруу түзүмү ички иерархиялык жыйын - машвара түзүмү аркылуу ишке ашары белгилүү. Мындан тышкары, «рух», «кабаиф», «амир сап», «таказа» деп аталган дааватка жооптуу кишилер да бар. Динди башкаларга жеткирүү максатында бул адамдар кандай конкреттүү иштерди аткарышат?

Кабылбек ажы Акматов: - «Машвара» деген - кеңешме. Пайгамбарыбыздын сүннөтү. Пайгамбарыбыз бардык дин иштерин өзүнүн окуучулары – сахабалары менен кеңешип кылган. Даават ишинде да пайгамбардын жолундагы «машвара» - кеңешме бар.

«Амир сап» жамааттын ичиндеги жоопкер адам болот. Ошол жамаатты жетектеп, дааватка алып барып келет. Жамааттын мүчөлөрүнүн оюн чогултуп, бир чечимге келет. Баарынын оюн, ишин бириктирип турат. Алардын арасындагы ынтымакты сактап турган, жетектеген жоопкер адам. Кызматчы деп койсок да болот.

Анан «рух», «кабаиф», «таказа» деген сөздөр башында айтылып калган. Булардын баары азыр кыргызчага которулду. Мисалы, «рух» деген багыт берүү. Мисалы, Бишкектен бир жамаат башка жакка 40 күнгө же төрт айга чыкты деп коёлу. Аларга «рух» жамаат деген, өзүнчө түзүлгөн жамаат багыт берет. Республиканын кайсы жерине бара турганын, каражатын карайт. Жамааттын ичинде жаштар, аксакалдар барбы? Алар тоолуу жерге бара албай калышы мүмкүн. Ушул сыяктуу жамааттын абалын карайт. Каражатын карайт дагы, кайсы аймакка дааватка чыгышына багыт берет.

Канатбек Мурзахалилов: - Дааваттагы каражат маселесинде да көптөгөн талаш-тартыштуу жагдайлар бар. 40 күнгө, 4 айга же биздин жарандар чет өлкөлөргө дааватка чыкканда кимдер тарабынан каржыланат?

Кабылбек ажы Акматов: - Бул маселеде элдин арасында азыркы убакка чейин көпчүлүк түшүнүп калганына карабастан, буларды бирөө каржылайт, демөөрчүлүк кылат деген пикирлер бар. Даават - пайгамбарыбыз аткарган иш. Бул иште ар бир адам өзүнүн ыйманын, динин үйрөнүү жана акыретин куруш үчүн өзүнүн убактысы, малы, жаны менен Алланын жолуна чыгат. Мисалы, үч күндүк дааватка 200 сомдон 500 сомго чейинки каражат кетет. Ошонун сыңарындай эле 40 күнгө чыккан дааватчыларды деле эч ким каржылабайт. Аларга алты миң сомдун тегерегинде акча кетет. Акчаны топтошуп, тамак-аш сатып алып, 40 күндүк дааватка барып келишет. Ал эми төрт айга чыккан дааватчыларга 13 миң сом акча каражаты каралган. Ар бир адам 13 миң сом акча сарптап, өз акчасы менен дааватка жамаат менен барып келет. Чет жакка да өз каражаты менен чыгышат.

Канатбек Мурзахалилов: - Орозбек Абдусаламович, былтыр бизде чыккан маегиңизде «Пакистанда «Таблиги жамааттын» өкүлдөрү деген адамдар эки тарап болуп бири бирин таш бараңга алып жаткан тасма тарады», - дегенге: «Бизде деле таш бараңга жакындап калгандай, сөз менен атышып, бири-бирин жаманатты кылып жатышпайбы», - деп жооп берген элеңиз. Бүгүнкү күнү дагы ушул эле пикирди карманып жатасызбы?

Орозбек Молдалиев: - Былтыр сиз менен сүйлөшкөн кезде «йакын инкарлар» менен болгон тирешүү аягына чыга элек болчу. Алардын негизги нааразылыгы эмнеде? «Биздеги топ бийлик менен кызматташып, мечиттин ишине аралашып кетти. Муфтий, казы болуп, имамдык кылып, биздин негизги жүрүш-туруш эрежелерибизди бузду» деген кине коюп чыгышкан. Ошол эле учурда булар өздөрү да радикалдык багыттагы адамдар болуп чыккан. Балдарды мектепке жибербей, эмдетпей, муфтият кабыл алган атайын дааватка чыкканда кие турган кийимдерди кийбей, мурдагы эле кебетелеринде жүрүшкөн. Чачтарын деле өзгөчө кылып жүрүшкөн. Анан ортолорунда көп нааразылык пайда болуп кеткен. Бул радикалдашкан топ сөзсүз түрдө экстремизмге келмек. Баягы сизге айткан пикир ушул болчу. Азыр бул көрүнүш басаңдагандай. Эми муну изилдеген эксперттер тагыраак айтпаса, тышкы кебетелери баштагыдай болбой калды. Маселенин артында сөз бар. Эмне үчүн радикалдашкан топтор муфтиятка баш ийбей, Индиядагы Мавляна Саад айтмайынча тыйылышкан жок? Демек, булар муфтиятка, Кыргызстандын бийлигине эмес, Индиядагы лидерге баш ийет деген кооптондура турган маселе. Муну изилдеш керек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (11)

XS
SM
MD
LG