Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 22-январь, 2020 Бишкек убактысы 06:15

Ислам академиясы илимге басым кылса...


Билим берүү министри Каныбек Исаковдун Бириккен Араб Эмираттарынын өкүлү менен илим жана билим берүү боюнча келишимге кол коюп жаткан учуру. 12-декабрь, 2019-жыл.

Акыркы учурда Ислам академиясы ачылат деген кабар кызуу талкууга түштү.

Жаңы академия динден сырткары мамлекеттин Баш мыйзамына канчалык деңгээлде туура келет, кимдерди окутат, кандай негизде билим берет деген суроолор чындыгында так, даана, негиздүү маңызда жооп алууга тийиш.

Жакшы ниет жакшы иш алып барганда гана максатына жетет эмеспи. Ошол себептүү, бул ишмердүүлүктү жүргүзүү алдында төмөндөгү суроо жана маселелер туура такталышы керек деп ойлойм.

1. Академияга муктаждык бар беле?

Исламдын негизги баалуулуктары болгон боорукердик, сабырдуулук, кайрымдуулук жана мээримдүүлүк тууралуу лекциялар коомго пайдалуу экенинен шегим жок.

Бирок лекция окуу же насаат айтуу мечиттеги дин кызматкерлеринин жардамы менен деле ишке ашат да. Ушундай жол менен деле ар кыл курактагы жарандарга маалымат жеткирсе болот.

Мени ислам баалуулуктары тууралуу маалымат берген муфтият менен мечиттер турганда жаңы академия ачуунун кажети бар беле деген суроо ойлондурду.

Эгер академия ачыла турган болсо, анда анын мүмкүнчүлүктөрү да майдаланбай, аябай жогорку деңгээлде болууга тийиш эмеспи.

2. Академия кимдерге багытталат?

Президенттин сайтында академия мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин окутары жазылган. Баарынан кызыгы бул окуудан кийин тийиштүү аудитория "дин кызматкерлери" болуп өзгөрөт экен.

Негизи аткаминерлерди тартипке чакырып туруу жакшы иш. Бүгүнкү кырдаал аткаминерлер өзгөрүүгө, өнүгүүгө муктаж экенин көргөзүп турат.

Бул жаатта иш алып баруу, дүйнөбий (светтик) мамлекеттин Баш мыйзамына дал келбеси айтылышы мүмкүн.

Бирок айтыңыздарчы, "дин мамлекеттен тышкары" деген негиз, мамлекет дагы диний чөйрөнүн ишине киришпесин дегенге негиз болуп бербейби?

Мен укукчу эмесмин, бирок мамлекет диний жагдайды көңүлдөн сырт калтырбашы керек деп эсептейм. Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатактар диний чөйрө көзөмөлсүз калганда чектен чыгып кетерин далилдеп отурат.

Баш мыйзамда айтылган негиз диний чөйрөнүн мамлекетке таасири күчөшүн чектеп турат. Бирок ошол эле маалда бул негиз мамлекет дагы диний чөйрөнү эркин коюшу керек деген мааниде кабыл алынбашы керек.

Жеке пикиримде, жаңы ачыла турган ислам академиясында "универсалдуу адептик принциптерди" гана окутуу жетиштүү. Чындыкка тике карай турган болсок, Куранда деле ошол принциптер жазылган эмеспи?!

Ал эми намаз окуу, орозо тутуу же ажыга баруу өңдүү жөрөлгөлөрдү адам өзү эле өздөштүрүп алат.

Азыркы замандын талабы - адамдарды ибадат кылдыруу эмес, адептүү кылып тарбиялоо!

"Дин кызматкерлерине насаат айтуу кайра эле муфтият жана ыйман фондунун имамдары турганда канчалык приоритеттүү?" деген суроо туулат.

Диний чөйрөнүн деңгээлин көтөрүү максат болсо, эмне үчүн даяр структуралардын абалын жакшыртууга, күчүн арттырууга эмес, жаңы түзүмгө басым жасалып жатат?

3. Ким кандай формада окутат?

Менин түшүнүгүм боюнча академия аркылуу агартуу иштери жүргүзүлүшү керек. Бул жерде жемиштүү иш алып баруу үчүн филисофиянын, логиканын алкагындагы диний түшүнүк окутулууга тийиш. Башкача айтканда, рационалдуу диний түшүнүккө басым жасалышы абзел.

Бирок бүгүн "... диний принцип акылдын/логиканын тууралыгына каршы келбейт" деп окута турган адистер жетиштүүбү? Академия бул адистер менен иштешүүгө даярбы? Эгер даяр эмес болсо, академия ачуунун зарылдыгы канча?

Жөнөкөй мисал менен айтканда, академия чек араны кайтарган, аз маянага карабастан мугалимдик кесибин таштабаган, элдин кызыкчылыгы үчүн кара жанын карч уруп бирок намаз окубаган уул-кыздарыбызга эшигин ача алабы? Же диний жөрөлгөлөрдү бекем кармаган адамдарды гана жогору баалаган негиз менен иштейби?

4. Айлык маселеси

Адатта бул сыяктуу ишмердүүлүктөр, тилекке каршы, тереңине эмес жатыгына карап өнүгүп келет. Башкача айтканда, жаңы бир имарат ачуу, жаңы түзүмдүн ишин баштоо, жаңы иш-чара өткөрүү өнүгүү катары бааланып жүрөт. Бирок анын маңызы, натыйжасы жаңы талапка жооп бербеген коркунуч дайыма актуалдуу бойдон калууда. Бул академиянын ишмердүүлүгү да ушул эски нукта кетишине жол бербөө керек.

Мени азыр академияда иштей турган мугалимдердин айлык акысынын өлчөмү кызыктырды. Аларга жашоо-турмушуна жеткидей маяна төлөнөбү? Же адаттагыдай чоң жыйынтыктарды талап кылган, бирок акчасы чеке жылытпаган иш күтүп турабы? Жетиштүү маяна төлөнбөгөн жерге мыкты адистер да иштебей турганы белгилүү. Жетиштүү маяна төлөнө турган болсо анын каржы булагы кандай жол менен табылат?

Жыйынтык

Бул маселелердин кылдат талданып чечилгени - академиянын ишмердүүлүгүнүн сапатына толугу менен таасир берет. Айтылуу академия бүткүл коомчулукту кызыктырган маселе болгондуктан, тийиштүү бийлик бутагы алгылыктуу жооп бере турганына, жогорудагы суроолорду туура кабыл аларына терең ишенем.

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт!)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (42)

XS
SM
MD
LG