Линктер

дүйшөмбү, 26-август, 2019 Бишкек убактысы 11:24

Малды эмес, напсини курмандыкка чалалы


Бишкектеги мал базар.

Курман айт биздин коомдо күн аркан бою көтөрүлгөндө Айт намазы окулуп, үйлөрдө маркумдарга Куран багышталып, курмандыкка жандык чалынып, көчө толо балдар айттап жүрөрү менен белгилүү.

Майрамда маркумду эскерүү, жаш балдарга айттык берүү жөнүндөгү ой-пикиримди мурдагы блогдорумда билдирген элем. Бүгүн өзгөчө курмандык чалуу жөрөлгөсү тууралуу сөз кылмакчымын.

Негизи мусулман коомчулугу акыркы бир канча кылымда көпчүлүгү жокчулукта, кыйынчылыкта жашап келе жатат. Андыктан жок эле дегенде Курман айттын урматына бир топ колунда жок үй-бүлө эттин даамын татып, жаш балдары сөөлдүү эт кууруп жеп, көңүлү куунак боло түшкөнү кубандырган көрүнүш.

Курмандыктын этин таратуудагы эреже боюнча үчтөн бири өзүндө калып, дагы үчтөн бири кедей-кембагалга, ал эми дагы үчтөн бири тууган-туушканга берилет. Тууган-урук менен да мамилени жандандырып, жылытып турууга көмөк көрсөтөөрүн эске алганда жөрөлгөнү жактырганга дагы бир себеп кошулат.

Ыбрайым пайгамбар жана уулу Ысмайылды курмандыкка чалуусу

Курмандык чалуу жөрөлгөсүн, адатта, Ыбрайым пайгамбар уулу Ысмайыл пайгамбарды Алла үчүн курмандыкка чалууга аракеттенген окуяга байланыштырышат (Саффат сүрөөсү, 100-113). Кыскасы, кеңири таралган окуяда азирети Ыбрайым пайгамбардын түшүндө жүз жыл күтүп жүрүп көргөн уулу Ысмайылды курмандыкка чалуу буюрулат. Ыбрайым муну уулу Ысмайылга айтат, Ысмайыл буга чын ниеттен макул болот. Натыйжада Ысмайылды курмандыкка чалууга бел байлап, мууздайын десе бычак баланын мойнун кеспей коёт. Анан мунун бир сыноо экендиги маалым болуп, асмандан бир кочкор түшүп, баланын ордуна аны курмандыкка чалат.

Кадимки адам бул окуяны уккан соң түңүлбөй койбойт. Чексиз боорукер, даанышман, мээримдүү жана ырайымдуу Кудай өз пендесине уулун курмандыкка чалуусун ылайык көрөбү? Куран китебинде киши өлтүрүүнү эң оор күнөө катары таанытып жаткан Кудай, адамды курмандыкка чалууну буюрабы? Бул суроо көптөгөн адамдардын, өзгөчө толук мусулман болуп жашайын деген кишилердин тынчын алып жаткандыр. Заматта «Жок, Кудай антип буюрбаса керек» деп маселени чече салгыбыз келгени менен, Куранда айтылгандарды эмне кылабыз, аларды кантип түшүнүп, кантип эсептешебиз? Бул суроолор бир топ кишинин жан-дүйнөсүн өйүп, уйкусун качырып, балким, Куран китебине же Кудайга шек-күмөнгө жетелеши мүмкүн. Тактап айтканда, өз баласын курмандыкка чалууну ойлонуп көрүүнүн өзү канчалык оор, адамзат кабыл кылбаган нерсе экендиги анык. Демек «...муну же Кудай буюрган эмес, анда Куран жалган сүйлөп жаткан болот. Же Куран чын сүйлөп жатат, анда Кудай мээримдүү, ырайымдуу эмес» деген ойлор келиши мүмкүн. Бул чындыгында ыкластуу бир мусулмандын тынчын алган, түбөлүгүн кызыктырган оор маселе.

Катардагы мусулманды мына ушундай жарга такап, уйкусун качырып, сарсанаага кириптер кылуу - илимден узак калган жашоо таризибиздин түшүмү. Анткени Куран Каримди окууда усулдук катачылыктар бар. Куранда бир окуя айтылса, бир өкүм берилсе же бир нерсе сүрөттөлсө, аны кантип кабыл алыш керек же кантип түшүнүү керек деген суроо олуттуу мааниге ээ. Куранда айтылгандын баарын бирдей, түз мааниде кабыл алуу усулдук чабалдык болуп эсептелет. Мисалга «...Биз ага кан тамырынан да жакынбыз» (Каф сүрөөсү, 16) деген аяттан, «...демек адамдын ичинде Кудай бар экен» деп түшүнүү канчалык логикага төп келмек эле? Демек, бул жерде Ыбрайым пайгамбардын окуясын да андай түз мааниде кабыл алуу балким туура болбой калат. Кандай усулдук негизде алып кароо керек экенин бул жерде толугу менен талкуулоо мүмкүн болбой калат. Ошентсе да мүмкүн болушунча кыскача түшүндүрө кеткенге аракеттенели.

Икаяга кыскача талдоо

Алгач Ыбрайым пайгамбарга уулу Ысмайылды курмандыкка чалу буюрулбаганын белгилеп өтүш керек. Анткени Куранды туура түшүнүүнүн эң негизги принциптеринен бири - анын аяттарын жалпы контекстке ылайыктуу түрдөө жоромолдоо зарыл. Тактап айтканда Куранда айтылгандардын баары бири-бирине каршы келип калбай, тескерисинче гармонияда болууга тийиш. Так ошол себептүү киши өлтүрүүнү эң оор күнөөлөрдөн деп эсептеген, адамдын жанын кол тийгис, аны ыйык, жаратылгандардын эң барктуусу деп сыпаттаган Кудай аны мууздап салууну буюрушу мүмкүн эмес. Ажылыкта «ихрамга киргенде жан-жаныбарды өлтүрүү мындай турсун, өсүмдүктү жулба» деген Кудай, пайгамбарга өз уулун мууздатмак беле?!

Куранды туура түшүнүш үчүн анын тилин туура түшүнүү да аябай маанилүү. Куран түшүрүлгөн чөлкөмдүн тийиштүү доордогу маданий өзгөчөлүгүн эске алуу зарыл. Куран түшкөн доордо ал чөлкөмдө ыр маданияты аябай өнүккөндүгү белгилүү. Демек, бул жерде символикалык тил колдонгон болушу толук ыктымал. Ыбрайым пайгамбардын бул окуясынан биз ала турган сабак - «Кудай үчүн пенде эң катуу сүйгөн нерсесинен да баш тарта алышы керек» деген тыянак болууга тийиш деп эсептейм. Элестетип көрүңүз, жүз жыл балалуу болбой күтүп жүрдү. Өмүрүнүн акырына жакындап, улгайып калганда Кудай ага бир уул берди. Өмүрүн бутпарастар менен күрөшүп, исламдын да эң негизги принциби болгон жалгыз Кудай түшүнүгүн орнотууда опол тоодой эмгек кылган, Куранда так ушул өзгөчөлүктөрү менен көп эскерилген Ыбрайым пайгамбар өмүрүнүн акырында көргөн баласынан баш тартышы буюрулуп жатат; Кудайдын сыноосуна кабылып жатат. Ыбрайым пайгамбар бул сыноодон да ийгиликтүү өттү...

Дароо белгилеп өтчү нерсе - Ыбрайым пайгамбардын бул сыноодон да ийгиликтүү өтүшү - ал өзү менен Кудайдын ортосунда эч бир нерсе турушуна макул болгон жок. Бул жерде Кудай өзүнүн жеке эгосун, салмагын сынап көрүш үчүн Ыбрайымдан өз уулун мууздоону буюрган деген түшүнүк да чыгып калышы мүмкүн. Бул таптакыр туура эмес, анткени Куранда сыпатталган идеалдуу Кудай мындай кадамга барбайт. Демек, «экөөбүздүн ортобузга керек болсо жүз жыл күткөн балаң да кирбесин» дей турганчалык оор сыноодон өткөрүп жатса, бул жерде Ыбрайым пайгамбар үчүн (Ыбрайым пайгамбардын мисалында бүткүл адамзатка) өтө маанилүү сабак бар. Бул - «Кудайдын өкүмүнө баш ийип жашоого тоскоол боло турган эч бир баалуулук болбош керек» деген дарс болчу. Куранда айтылган Кудайдын өкүмдөрүнө, буйрук тыюуларына карап чыккан соң, алардын бардыгы кайра эле адамдын, адамзаттын жыргалчылыгы үчүн экендигин аңдоого болот. Кудайдын эч бир буйругу же тыюусу анын пайдасы үчүн болушу мүмкүн эмес. Анткени Ал - он сегиз миң ааламдын ээси, идеалдуу. Эмнеге муктаж болмок эле? Мынакей Кудайдын улуулугу, мээримдүүлүгү.

Курман айт жана бүгүнкү күн

Демек, Курман айтты толук майрамдоонун жолун айбандын кекиртегин жара тартып, анын этинин бир бөлүгүн таратып берүүдөн издөө туура эмес. Бул күндү туура майрамдоо үчүн «дурус, адептүү болуп жашоо үчүн, жамандан, арамдан оолак калышыбыз үчүн тоскоол болгон нерсе эң жакыныбыз болсо да, андан баш тарта билүү зарыл» деген түшүнүктү өзүбүзгө киргизүү зарыл. Мына ошондо Курман айт максатына жетет.

Бул майрам өзгөчө аткаминерлердин майрамы болууга тийиш. Тактап айтканда, кадимки карапайым калктын бири менен жүз миңдеген, же миллиондогон кишинин тагдырынын рычагын кармаган аткаминердин Ысмайылы бирдей болбойт. Эл башкарган киши эң биринчи кезекте өз кызыкчылыгын тизгиндей билүүгө тийиш эмеспи? Бүгүн өзүнүн кызыкчылыгына каршы келсе да акыйкат үчүн, Алла үчүн чындыкты айтып чыккан канча аткаминерибиз бар?

Өз кызыкчылыгана доо кетирбесе көзүнүн алдындагы мыйзамсыздыкка, акыйкатсыздыкка момоюп туруп берген чоң курсактар азирети Ыбрайымдин сыноосун жакшылап ойлонуп көрүүгө тийиш. Өзүнүн арзыбаган, тайыз кызыкчылыгы үчүн элдин кызыкчылыгын ит бекерге саткан киши бука эмес, пил сойсо да ибадаты кабыл болбойт деп ойлойм.

Адатта саясатчыларда төмөндөгүдөй окуялар көп кездешет: Убагында ар кандай ишке малынып, кошо кыйкырып, кошо кашайтып, шерменделиктин кайырмагына бирдей жерден илинип жүргөн маалда эч эле бири-биринин айыбын акыйкат үчүн айтышпайт. Анан эле 50/50 болуп жүргөн кызыкчылыктар 49/51 эле болуп тең салмак бузула түшкөндө айкырып чыга калышат: «...мен ошондо эле билгем, аны тиги киши менен келишип алып качкан, тигил жерде мынтип отурган, ары жактан жула качып каратып туруп жеп койгон...» деп деңгээлсиз даражага деле түшүп кеткенин сезбей. Эгерде Курман айт майрамын туура түшүнсөк мына ушулар болмок эмес. Кудай бул жерде «так ошол сенин капчыгыңа акча алып келип жаткан жерде акыйкат үчүн, өзүңдүн зыяныңа болсо да так айт, так иш кыл» деп буюруп жатпайбы. Биз мусулмандардын аң-сезиминде болсо Ыбрайым пайгамбардын кочкорду кекиртектеген жери эле эсте калып, аны менен берейин деген эң терең маани кыяматка чейин көмүскөдө калып кеткендей. Кудай акыйкат, дурустук, арамдан узак болуу үчүн «Ысмайылды ысыгында курмандыкка чал» десе, аны биздин аткаминерлер качан Ысмайылдын кызыгы кетип, аны курмандыкка чалганда алгач өзүнүн эмес, башкаларынын жаны кашаярда курмандыкка чалып жатышат.

Урматтуу мусулман бир тууган, Ыбрайым акыйкат үчүн Ысмайылынан баш тартканга даяр экендигин ырастады. Сиз акыйкат үчүн Ысмайылыңыздан баш тартканга, аны курмандыкка чалганга даярсызбы?..

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

(Автордун пикири «Азаттык» радиосунун көз карашын билдирбейт)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG