Линктер

жекшемби, 19-май, 2019 Бишкек убактысы 20:26

Нике - бул укуктук келишим


Иллюстрациялык сүрөт

Узак убакыт бою «диний нике», «расмий нике» боюнча талкуулар, талаш-тартыштар уланып келди.

Маселенин өзгү төмөндөгүчө болчу: «Жубайлар турган расмий нике диний никенин ордуна да өтөбү?» деген суроо негизги маселе болгон. «Расмий никеге туруп жашаган жубайлар күнөөгө батабы же жокпу?» деген суроонун айланасында жүргөн талкуулар маселенин өзөгүн түзгөн. Расмий нике дегенде мыйзамдуу түрдө баш кошуу, ал эми диний нике дегенде жөн гана молдокенин кыйган никеси тууралуу сөз болот.

Чындыгында бул аталыштар соңку доордо пайда болгон бөлүп кароо десек болот. Тагыраагы, буларды эки башка нерсе катары бөлүп кароонун өзү туура эмес. Нике кыюу - жубайлардын бири-бирине болгон укук-милдеттерин кепилдикке алуучу келишим болуп саналат. Бул жерде бир гана белгилөөчү критерий бар. Ал - аталган нормаларды т.а. эки тараптын тең адилеттүү бир абалда милдеттерин жана укуктарын эң сонун таризде жөнгө салган механизмдин болушу. Көрүнүп тургандай, никеге туруу диний укуктан кеңири укуктук келишим болуп саналат.

Шарияттын негизинде кыйылган никенин деле так ушундай функцияга таянганын көрүүгө болот. Азирети пайгамбардын учурунда никеге турган жубайлардын укуктары менен милдеттерин кепилдикке алуучу тийиштүү доордун эң жакшы механизми иштечү. Ал кезде азыркы замандагыдай мамлекеттүүлүк, мыйзамдар, никелешкен тараптарды компьютердик тизмеге алуу, жубайлар тийиштүү милдеттерин аткарбаган учурда жөнгө салуучу күч органдары сыяктуу механизмдер али калыптана элек болчу. Ал доордун шарттарын эсепке алганда баш кошуп жаткан эки жашты бир канча кишинин күбөлүгүндө никеге тургузуу максатка ылайык болгон. Анткени күбөлөрдүн максаты жубайлардын ажырашпастан туруп эле (өзгөчө аялдын) экинчи никеге турушунун жана ажырашкан учурда күйөөсүнүн (ажырашкан) аялына болгон милдеттерин танып жиберишинин алдын алуу болгон. Сиздер байкагандай бул толугу менен укуктук маселелерди кызыктырган жагдай. Бул максатты бүгүнкү күндүн шарттары аркылуу мыйзамдаштыруу жолу менен көп эсе жакшыртып алса болот. Так ошондуктан раймий никеге турган соң шарияттык негиздеги никеге турган жакшы. Бирок диний маанидеги никеге турбай калган учурда күнөөгө батуу, Кудайга каршы келүү, уят иш кылуу сыяктуу сезимдерге малынып, сарсанаа болуунун кажети жок.

Антсе да айтылуу диний никенин да маанилүүлүгүнө басым жасалып келет. Чындыгында диний маданиятыбызга, үрп-адатыбызга сиңип калган түшүнүк бар. Өзгөчө бир молдокенин келип нике кыйып кетиши ал никеге ыйыктык, аруулук, пакизалык, кол тийгистик кийиргендей кабыл алынат. Үй-бүлө куруунун алгачкы кадамы болгон никени жөн гана, кадимки укуктук келишимге айлантуунун өзү да туура эмес. Анткени үй-бүлө мыйзамдан корккон тараптар аркылуу эмес, бири-бири менен гармониялуу мамиледе болгон тараптар аркылуу гана шаңданат, максатына жетет. Дагы бир жолу баса белгилеп кетчү нерсе - бул алгач расмий түрдө никеге туруунун зарылдыгы. Никеге жылуу сезим, гармония тартуулаган диний маңыздагы нике мына ошондо гана мааниге ээ болот.

Абал тескерисинче болгон учурда диний маңызда кыйылган никенин эч кандай мааниге ээ эмес экендигин айтып кетким келет. Бул жерден дароо «...ошондо күнөө болобу же болбойбу, зына деп эсептелип калабы» деген теологиялык маселелерге кирүүдөн узакмын; маселенин ал жагын Кудайга таштаган оң. Бирок бул жерде бизди кызыктырган өтө маанилүү маселеге токтолуп кетким келет. Расмий мааниде никеге турбастан баш кошуп жашоо от менен ойногонго барабар деп ойлойм. Анткени мындай учур аялдын укуктары, болочок балдардын тагдыры кепилдикке алынган жок, аларга аяр мамиле кылынган жок дегенди билдирет. Бул абал кылдат адептик нормага да сыйбайт. Үй-бүлө куруу менен кошо келген жоопкерчиликтерди толугу менен кепилдикке албастан кадам таштоо үй-бүлө мүчөлөрүнүн келечеги менен кумар ойноого тете.

Кээ бир окурмандар «балким жакшы эле болуп кетер» деп үй-бүлө курууга аттана берүүнү тобокел катары баалашы мүмкүн. Ислам жактаган тобокелчилик - керектүү шарттардын баарын орундаткан соң гана бел байланган тобокел болуп саналат.

Маселенин өзөгү

Бул маселени эмне үчүн колго алдым? Адатта никенин укуктук жагы калып, диний тарабы өтө алдыңкы планга чыгып кетет. Никеге туруп жаткан салттуу мусулмандардын көпчүлүгүнүн оюнда эң башкысы - күнөөгө батып Кудайдын каарына калбоо турат. Чындыгында эң башкы орунда тараптардын жапа тартып калышынын алдын алуу болушу керек. Расмий никеси жок туруп диний нике менен сарсанаа болбой жылдап жашап жүрө бергендер бар. Диний нике үй-бүлөгө береке, мээрим, жылуулук тартууларын молдокелерден көп уккам. Баарыбыз эле чындыгында ошондой болушун каалайт элек. Бирок реалдуулук бул нерсенин туура эмес экендигин ачык-айкын далилдеп отурат. Ажырашуулардын арбып, бара-бара кадимки көрүнүшкө айланып баратканын диний никенин жакшылап кыйылбай жаткандыгы менен канчалык байланыштырса болот?

Демек жубайлардын өз ара түшүнүшүү менен жашап кетиши же келишпестиктерге барышы диний нике менен эч кандай байланышы жок. Гармонияда же тозокто жашаш толугу менен тараптардын кишилиги менен гана байланыштуу нерсе экени баарыбызга эле түшүнүктүү нерсе да. Эң кызыгы - диний никеси менен жашап жатып ажырашып кеткен эненин жана балдардын укугун коргоп бергенге диний никени кыйган имамдарыбыздын укугу жок. Муну имамдарыбыздын бир кемчилиги катары эмес, укуктук түзүмүбүздүн өзгөчөлүгү катары гана айтып жатам. Бул тариздеги никедеги максаттуулук азирети пайгамбардын доорунда балким орундалып келгендир. Бирок ушу тапта никедеги максаттуулукту мыйзам чегинде ишке ашыруу эң туура болуп калды. Муну эң алгач жаңыдан турмуш куруп жаткан жаштар ойлонууга тийиш.

Тактап айтканда диний никенин маанисин жокко чыгаруу туура эмес. Бирок ал бүгүнкү күндө керт башына эч кандай роль ойнобой калгандыгын аңдоого убакыт келип жетти. Диний никени, молдокелерди кошуп тоготпой сүйлөгөн, сындаган «айдыңдарыбызга» кайрылаар элем. Келиңиздер, сиздер бул нике курумун жөнгө салууда эки тараптын укуктары менен милдеттерин бардык шарттарда кепилдикке алган эң сонун мыйзам долбоорун иштеп чыгып, аны жүзөгө ашырууда арабанын бир тарабын тартыңыздар. Бул кадамыңыздар менен миңдеген кишини жапа тартуудан алып калууга өбөлгө түзөсүздөр. Элге, жерге кызмат мына ушундай болгону жакшы.

Ошондой эле диний тараптын «каармандарын» маселени түшүнүүгө, диний деген нерсенин баарына эле фанаттык негизде байлана бербөөгө, никенин адалдыгы арабча дубаларды окууда эмес, тараптардын жапа чектирбей жашап кетишин камсыз кылууда экендигин аңдоого чакыраар элем.

Элмурат Кочкор уулу
Элмурат Кочкор уулу

Диний никенин маанисин жактоодо «канткенде жубайлар дагы да ынтымакта, сүйүшүп, бактылуу жашайт» деген суроонун тегерегинде баш оорутуу керек. Керек болсо жубайларды дагы да жакшы адам кылуу максатында тийиштүү окууларды уюштуруу, алардын үй-бүлө жаатындагы билим деңгээлин жогорулатуу зарыл болгон чыгар. Мына ошондо Кудайга жагаар иш болот деп ишенем.

Элмурат Кочкор уулу

Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG