Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:52

Диний үгүттүн айрым кейиштүү өңүттөрү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сын-пикирге каршы чыгуу өнүкпөй калган аң-сезимдин белгиси болуп саналат. Анткени сынды туура кабыл алуу күчкө толтуруп, жетилүүгө, туура эмес нерселерден арылууга өбөлгө түзөт. 

Көптөн бери өлкөбүздөгү диний абалдын мүчүлүштүктөрүн сынга алып жүрөм. Бул сынды бүлгүнчү сын эмес, түптөөчү, өнүктүрүүчү сын деп кабыл алуу туура болор эле. Максатым - терең илим-билимге таянбаган диний түшүнүктөр аркылуу адамдардын дүйнө таанымына, жашоо таризине терс таасир этүүнүн алдын алуу.

Өлкөбүздөгү диний ишмердүүлүк толугу менен ката эмес. Билимдүүлүккө, адептүүлүккө, коомдук өнүгүүгө салым кошууга багытталган иш-чараларды, бул маңыздагы насааттарды кош колдоп колдой турганымды ар дайым айтып келем, азыр да кайталап өтөм. Бирок ушуну менен эле бирге туура эмес диний маңыздагы ишмердүүлүк адамдарды түркөйлүккө, коомдук теңсиздикке, илим-билимге каршы келген күчтөргө ишенүүгө, реалдуу жашоодон узак жашоо түшүнүгүнө багыттаган компоненттерди да камтыганы тилекке каршы чындык. Андыктан бул жолу өлкөдөгү дин чөйрөсүндө кеңири таралган катачылыктар тууралуу кеп кылгым келип турат. Бул аныктамаларымды тийиштүү органдар окуп түшүнүп, тийиштүү иш жүргүзөт деп ишенгим келет.

1. Илимди эсепке албаган диний насаат

Алгач диний насаат айтуудагы орток жаңылыштыктарга көңүл бургум келет. Мечиттердеги насаат айтууда илимий негизге таянбаган түшүнүктөрдү көп кездештирүүгө болот. Логикалык, физикалык, биологиялык, астрономиялык, медициналык ж.б. илимий чындыктарды тепсеп өткөн, сөздөр байма-бай кездешет. Мунун ачык-айкын далилин «жыныстык мамиле кандай болуш керек, аялды урса болобу, шахмат ойносо болобу, айран менен баш жууса эмне болот, жүк машине менен өйдө чыгып баратканда кайсыл дубаны окуса оңой чыгып кетет» деген сыяктуу суроолорду дин аалымына узатып калганыбыздан көрсө болот. Негизи бул суроолорго медик, биолог, физик сыяктуу адистерден жооп күтүү туура болот эле го?

Бул көпчүлүк мусулмандардын кылымдар бою уланып келген каталарынан бири. Илимий чындыкка жанаша нерсе катары диний чындык деген классификацияны пайда кылып алганбыз. Буга биздин «диний маселелерде акылга салганга болбойт» деген түшүнүгүбүз себеп болуп келет. Мындай түшүнүктөр атайын саясий-идеологиялык максатта айтылып, элдин аң-сезимине сиңирилгени ислам тарыхынан белгилүү.

Бир канча ай мурда Аалымдар кеңешинин төрагасы менен жолугуп, дал ушул өңдүү маселени козгогон элек. Ал киши өзү илим-билимге көз карашы түз экен. Мечиттердеги колдонмо китептердин бир тобунда жогорудагыдай компоненттердин бар экендигин ал киши да мойнуна алды эле.

Мындай компоненттердин диний түшүнүк катары адамдардын аң-сезимине сиңирилиши кандай чоң коркунучту алып келери баарыбызга маалым болсо керек. Бирок бул чындыкты далилдөө максатында дүйнөдөгү эң чоң согуштардын түпкү кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири - туура эмес диний түшүнүк экендигин белгилеп өткүм келет.

Так ушул жерден муфтиятка бир сунушум бар. Мечиттеги калктын калың катмары окуган китептерди илимий жана логикалык чындыкка карама-каршы келген компонеттерден арылтууга багытталган иш жүргүзүлсө жакшы болмок. Албетте, бул китептерде бөлүнүп-жарылууга, жиктешүүгө ачык үгүттөгөн насааттар жоктур. Бирок ошол эле учурда мисалы «момун менен капырдын айырмасы – бул намаз» деген түшүнүк/хадис орун алат. Мындай хадис автоматтык түрдө намаз окубаган адамдарды өзүнчө бир төмөнкү катмардан көрүүгө түрткү болот. Мектептерде, университеттерде жакшы билим алып, элге жакшы кызмат кылууга ачык-айкын каршы чыкпайт. Бирок ошол эле учурда «өлгөндөн кийин Кудайдын алдындагы алгачкы сурак намаздан башталат, эгерде намазкөй болсо калган амалдарынын бааланат, эгер намаз окубаган болсо башка жакшы амалдарына көңүл деле бурулбайт, бааланбайт» деген түшүнүктөр катуу айтылат. Мындай түшүнүк башка кишилерге пайдалуу, жарамдуу болуу деген ыйык баалуулукту унутуп, жекелик мааниси гана басымдуулук кылган ритуалдарга багыт алууга үндөйт.

«Эмне үчүн өзү намаз окуйт дагы, акча маселесине так эмес, адамдарга жардам берейин дебейт же жоопкерчиликсиз мамиле кылат?» дегенге окшогон суроолорду аябай көп уктум. Сиздер да мындайды көрүп эч эле түшүнбөй жатсаңыздар керек.

Жогоруда айтылган эки түшүнүк тең илимдин логикасына каршы келгендей эле Курандын да негизги логикасына карама-каршы келет.

2. Шылтоо темалар

Дээрлик көп мечиттерде «арак ичпе, ата-энеңди сыйла, намазыңды калтырбай оку» деген сыяктуу көп кайталанган насааттар айтылат. Бул темаларды бакырып, кыйкырып, жерип, мечиттеги жамаатты жер каратып кеп кылгандар көбөйдү. Бул кишилердин максаты ичимдиктин ичилбей калышы, ата-энелердин сый көрүшү, намаз менен адамдын адебинин түзөлүшү экенине деле ишенбей калдым. Адатта бул темалардын максаты жамааттагы адамдарды паска уруу, ыйлатып жиберүү, өзүн жаман сездирүү аркылуу «аброй» табуу гана болуп калды окшойт. Анткени сөзсүз түрдө аудиторияда ичимдик ичкени, ата-энесине түзүктөп карай албай жатканы, намазын калтырбай окуй албай жатканы да чыгат. Тактап айтканда булар сенсация болушуна кепилдик берген маселелер.

Акыркы учурда так ушундай маңызда башкаларга насаат айтканга эмнегедир өзүн ылайыктуу деп эсептеп, жеке эгосун кандырып шашылыш түрдө насаат айткыч болуп алгандарды көрдүм. Алардын арасында журналисти, акыны, тамадасы, көчө жиндиси, куудулу, популисти, анан да билими жок болгону менен диний маңызда деп кабыл алынган форманы тыкыйтып кийип алгандары бар эле... Кыскасы кылар иши жок, чөнтөгүндө тыйыны жок калгандын баары эле диний жол башчы боло калып, акыл үйрөткөнгө жаман үйрөнгөндөй сезилди. Чынында кыйкырып, бакырардан мурун ичип кеткен же намазын такай окуй албай калган кишиден: «Эмне болду, эмнеден кыйналып жатасың? Балким жыргаганыңдан мынтип жатпагандырсың?» деп сурап, мүмкүн болсо ага жардам берүү мусулманга жараша турган иш болмок.

Бул жерде биринчиден жашоо шарты, жеке маселелери жол бербеген кишилерден диний жөрөлгөлөрдү талап кылып, кээ бир ибадаттарды такай орундата албай калган кишилерди жемелөө күнөө, ошол эле учурда кылмыш болуп эсептелет. Экинчиден, мындай усулдун өзү туура эмес. Мисалы, катуу эмгектенсе да бала-чакасын бага албай кыйналып жаткан кишиге, жылдап ооруп жаткан ата-энесин же баласын дарылата албай кейип жүргөн кишиге «намаз оку», «дааватка чык» же «ичпе» деп айтуу канчалык туура!? Ошону менен бирге эле аларга бакырып, кыйкырып, колун кезеп насаат айтуу канчалык этикага, мусулманчылыкка туура келет? Чындыгында чектелген мүмкүнчүлүктөр менен тиричилик кылганга аракеттенип жаткан киши убактылуу намаз окуй албай жатса да динчил болуп санала берет. Аларга чокусуна койгондой кылып кыйкырып насаат окуган кээ бир ажыкелерге: «Балким Кудайдын алдында ал кишинин мартабасы жогорудур? Аларды кагып-силкпеңиз. Аларга барган жеринде устукандын чоңу тартылып, чөнтөктөргө бозоргон же жашыл кагаздар өзүнөн өзү эле кыстарыла бербейт. Алар алгач кара курсагын тойгузуу менен алек» деп айтар элем.

Муфтият, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик сыяктуу тийиштүү тараптарды диний маданиятты жөнгө салууда бул маселелерге да чукул көңүл бурууга чакыргым келет. Сөзүмдүн аяктарда «аракет бизден, ийгилик Кудайдан» демекчимин.

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG