Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Бакыттын ачкычы адамдын колунда


Элмурат Кочкор уулу.
Элмурат Кочкор уулу.

Адамдар эмне үчүн жашайт? Жашоонун маани-маңызы эмнеде? Максаттуу өмүр сүрүү деген эмнени билдирет?

Философия илиминде жашоонун маңызы эмне деген суроого түрдүү жооп издеген даанышмандар болгон эмеспи.

Бир даары адам баласынын жашоодогу башкы табылгасы - бактылуу болуу экенин айтышат. Мен ушул көз карашты жактайм.

Албетте бул жерде "бакыт деген эмне?" деген суроо чечүүчү мааниге ээ. Азырынча биз бакытты "адамга ыракат тартуулаган абал" деп атай туралы.

Кээде кадимки адамдын күнүмдүк кыймыл-аракеттеринен тарта ири масштабдагы иш-аракеттердин (теракт, согуш) баары ошол адамдын ыракат алуусуна садака чабылып жатканы ырас.

Ошентсе да дүйнөдө ар бир адам бактылуу болууга умтулат эмеспи. Бирок ушул жерден "ким эмнеден ыракат алат же алышы керек?" деген суроо туулат. Балким, жашоонун маани-маңызын туура түшүнүү үчүн ушул суроого жооп табуу керектир?

Анткени адам табиятынан өзүнүн ыракатынын артынан сая түшкөн акыл-эстүү жандык эмеспи.

Тарыхта ыракаттардын (жеке кызыкчылыктардын) кагылышуусу жамандык чакырган учурлар болгону маалым. Албетте, бул адамзаттын чоң катачылыгы. Анткени бакытка жетелеген формула өзүн да, башкаларды да бактысыз кылбашы керек.

Адам баласынын дагы бир катачылыгы - бакытты жаңылыш түшүнгөнү. Акчага, күчкө, кызматка, сулуу аялга ээ болууну бакыт деп билүү - кызыкчылыктар кагылышуусун жаратпай койбойт.

Акча, аял же күч бакытка жол ачып бере албайт. Бирок бакытты булардан бөлүп кароо да жаңылыш ой. Тескерисинче, адеп-ахлактын чийинен чыкпаган деңгээлде байлык, күч, аял же ушуга окшогон жеке кызыкчылыктар болбосо, адам өзүн колунан эч нерсе келбеген байкуш сезиши мүмкүн.

Демек, кызыкчылыктар кагылышпай турган абалда жашоонун жолун табуу керек.

Фараби анын "Бактылуулукка жетүү" эмгеги

Ислам философу Фарабий өзүнүн "Бактылуулукка жетүү" (түп нускасынын аталышы "Тахсилус Саъада") аттуу эмгегинде адамдар пазилеттүү болуу менен гана бактылуу боло алышат деген ойду айткан.

Пазилеттүү болуу - жакшы менен жаманды, ак менен караны ажырата билүү, ага ылайык жашоо.

Жөнөкөй тил менен айтканда, терең илими менен жакшы нерселерди көкүрөгүнө сиңирген, алкымын тыйып, азгырыктан баш тарта билген киши - пазилеттүү киши болуп саналат. Мына ошондо гана адам бул дүйнөдө да, акыретте да жамандыкка жолобойт.

Айта кетчү нерсе, Фарабинин бакытка берген аныктамасы "башкаларга залалын тийгизбей эле кишини түбөлүк ыракатка бөлөгөн нерсе же нерселердин жыйындысы" сыяктуу маанини туюндурат десек болот.

Бийликте туруп бийлик издесе, тактан кулайт, байлыкка тойбосо, азапка батат, аялы туруп аял издесе, сүйүүнүн жыргалын сезе албайт, өмүргө канааттанбаса, өлүм келет, кара күчкө таянса, ден соолугун жоготот.

Демек, акча же мансап бакыттын жападан жалгыз ачкычы боло албайт. Анткени бул жалганда баары убактылуу. Адамга түбөлүк ыракат тартуулган нерсе - пейилди кенен коюп, коомго пайдалуу иш жасап, адамзатка иши менен мурас калтыруу! Бул нерсени жүзөгө ашыра алган адамдын жандүйнөсү тынч болуп, майда-барат кыйынчылыкка багынбайт. Кайгынын тузагына түшүп, жашоосунун маңызын жоготпойт. Анткени ал Кудайдын адамга берген эң кымбат белеги - Өмүрдүн ыракатын сезип турат.

Адамдын жакшылыгын көргөн адам качандыр бир кезде жакшылык кылууга умтулат, жакшылык кылуу чынжыры ушундай жол менен улана берет... Адамды түбөлүккө жеткирчү эшиктин ачкычы ушул. Чыңгыз Айтматов айткандай, адамдын өлгөндөн кийин башталган өмүрү түбөлүктүү.

Фарабинин ою боюнча пазилеттүү адам дайыма жакшыга жанашат, жамандыктан боюн оолак тутат же ага каршы күрөшөт. Мындай инсан үчүн кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербейт. Анткени абийирдүү адам "коомго жарык чачуу" деген бир гана вазийпаны билет. Ошол идея үчүн күрөшүп, колунан келген ишти жасайт, жеке напсисине жеңилип, башкаларга залал келтирбейт.

Албетте коом ар кыл мүнөздөгү, тарбиядагы адамдардан турат. Андыктан бардык адамды калыпка салгандай пазилеттүү кылып тарбиялоо кыйын. Бирок чындыгында жашоонун маани-маңызын издеген, бактылуу болууну самаган, терең ой жүгүрткөн адамдар үчүн Фарабинин бул айткандары алтындан да баалуу кеңеш десек жаңылышпайбыз.

Чындыгында адамдардын баары туура деп билгенине жанашып, ката деп билгенинен оолак тура алганда адамзат Кудайдын ишеничин эбак эле актамак... Так ошол нерсени кыла албаганы үчүн ушунчалык бытыранды, адилетсиздикке баткан дүйнөдө жашап жатпайбызбы? "Адам- адамдын карышкыры" деген сөз жөн жерден чыкмак беле. Адам жамандыкты өзү жаратат эмеспи?

Адам ата менен Обо эненин азгырыктуу мөмөнү жеп, бейиштен куулганын баяндаган Куран аяттары - абийириңе камчы чаппа дегенди эскертип турат.

Мына ушул парзды түшүнүп, аны аткара билген кишини пазилеттүү инсан десек болот.

Пазилеттүү киши гана жашоосундагы терең максатты аңдап, аны орундатып жашай алат. Мындайча айтканда, жашоодогу физикалык дагы метафизикалык дагы тапшырмасын аткара алат. Бакытты же жандүйнөнү гармонияга бөлөгөн сезимди ушинтип тааныйт.

Исламий анализ

Исламдын негизги булагы болгон Куран китебинде пенделердин бул дүйнөгө бир сыноо үчүн келгени, бул сыноодо ага колунан келишинче жакшы иш кылууга мүмкүнчүлүк берилгени жазылган (Мүлк сүрөөсү, 2-аят).

Дагы бир жеринде адамдарды Кудай Таала өзүнө ибадат кылуу үчүн жаратканы айтылат (Зарият сүрөөсү, 56-аят). Бул жердеги "ибадат кылууну" бир катар диний ритуалдар менен гана чектеп койгон туура эмес.

Кудайга кулдук кылуу (ибадат кылуу) - Кудайдын буйруктарына баш ийип жашоо деген маанини туюндурат.

Курандагы Кудайдын буйруктарын илимий негизде илгеп көрсөк, универсалдуу адептик нормаларга эң көп басым жасалганын көрөбүз. Демек Кудайдын сүйүктүү кулу болуу - билимдүү, адептүү, башкаларга зыяны эмес пайдасы тийген, кыскача айтканда, пазилеттүү адам болуу.

Жыйынтыктап айтканда, философ Фараби "...пазилеттүү адам гана бактылуу болот алат" деп Курандагы эрежени эскерткен экен.

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG