Линктер

ишемби, 23-март, 2019 Бишкек убактысы 00:31

«Динчил-теңирчи» ажырымы - куру талаш


Элмурат Кочкор уулу.

Жакынкы тарыхка чейин эле заттын эң майда бөлүкчөсү катары атом кабыл алынып келген.

Эми болсо замандын технологиялык жетишкендиги атомдон да майда бөлүктөр бар экенин көргөздү. Коом да «ыргакты бузбай», «артта калбай» бир топ нерсени майдалап бөлүүгө жетишти десек болот. Маданий, улуттук баалуулуктар, тоо-таштарыбыз, коомдун биримдиги, диний түшүнүктөрүбүз, дегеле бүтпөйт...

Булардан өзгөчө динчил-теңирчи деп бөлүнгөндөргө токтололу. Анткени маселе азырынча көп деле олуттуу болуп көрүнбөгөнү менен, ажырым күндөн-күнгө тереңдеп бараткандай.

Чыңалуу орду толгус жоготууга алып барышы да мүмкүн. Бүгүнкү маданий, диний, экономикалык, саясий, коомдук негиздеги маселелер бир топ жыл мурда көрбөй, байкабай же көңүл бөлбөй койгон кадамдарыбыздын натыйжасы эмеспи?! Бир канча жылдан кийин диний жагдайыбыз да ушундай оор абалга түшүп калабы деп чочулайм.

Маселе баарыбызга эле маалым деп ойлойм. Коомчулукта «шарият баалуулуктары менен гана жашаш керек» деген түшүнүктү жактаган катмар (макалабызда буларды шарттуу түрдө «динчилдер» деп атап туралы) менен жалпы мааниде «кыргызчылыкты» туу тутууну жактаган катмардын ортосунда кайым айтышуу болуп жүрөт.

Маселенин ички бетин көрбөгөн дин адиси катары алгач талаш-тартышты орунсуз деп эсептедим. Анткени ислам адептик нормаларга жооп берген, коомду өнүгүүгө багыттаган каада-салтка, ырым-жырымга, жөрөлгөлөргө каршы эмес. Ал тургай ханафий мазхабынын негизинде белгилүү бир коомдо жаңы бир көрүнүшкө түздөн-түз диний өкүм берүү мүмкүн болбой калган учурда ал коомдун каада-салты диний өкүм катары өтөрүн айтууга болот. Бирок, жогоруда айтылгандай, адеп-ахлактык принциптерге туура келүү шарты менен гана.

Куран ата салтын ээрчүүгө кандай карайт?

Бакара сүрөсүнүн 170-аятында «Аларга: «Алла түшүргөндү ээрчигиле!» – деп айтса, алар: «Жок, биз ата-бабаларыбыздан калган нерселерди ээрчийбиз», – дешет...» деп айтылат. Бул маанини туюнткан башка да бир топ аят бар. Бул аят эмнени түшүндүрөт? Мухаммед пайгамбар тийиштүү коомдогу адилетсиздикти, анархияны, бузукулукту токтотуу максатында Кудайдын мыйзамдарын сунуш кылган.

Тактап айтканда, «Кудайдын буйрук-мыйзамдары менен жашаган учурда коомдогу жан кейиткен көрүнүштөр болбойт» деген нерсени айткан. Жооп «...сенин айткандарыңды эмес, ата-бабаларыбыздын жолун жолдойбуз...» деген мааниде келген. Мушриктердин мындай аң-сезими тийиштүү аяттын уландысында «... Ата-бабалары эч нерсеге акыл калчап, туура жолго түшпөгөн болсо да ээрчишеби?!» деп Жараткан тарабынан сындалып жатат. Көрүнүп тургандай, бул жерде коомду туура нерсеге багыттоо гана аракети көрүнүүдө. Демек, мындан ата-бабанын жолун жолдоодо «туура жол» деген критерий болушу керек деген жыйынтык чыгарууга болот. Бул туура жолду Курандын калган аяттарында айтылган принциптердин негизинде «адептик нормага туура келген, элди бактылуулукка алып барган принциптер» деп жоромолдоо толук мүмкүн.

«Эми абал ушунчалык жөнөкөй жана логикалуу болсо, эмне үчүн динчилдер менен теңирчилер тытышканын койбоду?» деген суроо жаралат. Алгач теңирчилер, андан соң динчилдер тууралуу окшоштуктар менен айырмачылыктарга токтололу.

Теңирчилер жана алардын позициясы

Эгер мен туура түшүнгөн болсом, теңирчилер «кыргыз бойдон калалы, кыргыз баалуулуктары менен гана жашайлы, жалгыз Теңирдин өзүнө түздөн-түз сыйыналы» дегенге окшогон ойлорду айтышат. Бул айтылгандардын эч бири ислам принциптерине каршы деле эмес, тескерисинче туура. Диний кейипке жамынып кирип келген маданий жүрүм-турумдарды туура талдап, электен өткөрүп, тийиштүү жерлерин кыргызчалаштыруу зарыл. Теңирчилердин бул маселеге басым жасаганы туура жана ал колдоого алынышы керек. Буга мисал катары динчилдердин араб же пакистандыктардын кийинүү маданиятын диний вазыйпа катары көрсөтүшүнө теңирчилердин каршы чыгышын айтсак болот.

Бирок ошол эле учурда аша чаап, фанаттыктан оолак боло албагандары көрүнүүдө. Алсак, булар кыргыздарды «арий» эл катары, т.а. аруу, ыйык эл катары көрүшү, «жер бетиндеги биринчи туура дин теңирчиликтен бөлүнүп чыккан» деген сыяктуу түшүнүктөрдү жарыялашы. Айтылгандар тарыхый фактылар эмес. Бүгүн тарых илими жазуу маданияты башталган доордон берки замандардын фактыларын так, таамай, туура иргеп алууда канчалык кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканы маалым. Муну эске алганда жазуу маданияты башталбаган, дегеле тарыхый маалымат калтырып кетүү салты калыптанбаган доорлор тууралуу көрүп тургандай кесе сүйлөө канчалык татаал экенин аңдоо кыйынга деле турбайт го дейм.

Мындан сырткары, «арий» эл түшүнүгү - менимче саясий мааниде атайын ойдон чыгарылган түшүнүк. Алсак, фашисттик Германиянын Экинчи Дүйнөлүк согуштагы кыянатчылыгы, Израилдин узак жылдар бою палестиналыктарга кылган таш боордугу, Орусияда кээ бир орус эмес улуттардын өкүлдөрүнө көрсөтүлгөн зөөкүрлүк сыяктуу бир топ мисалдарды санап өтүүгө мүмкүн. Булардын аракеттеринин өзөгүндө бир эле нерсе – «аруу эл» түшүнүгү жатат. Алсак, иудей дининде алар гана Кудайдын ыйык пенделери болуп саналат. Ал эми башкалар табиятынан экинчи класстагы адамдар катары көрүлгөндүгү үчүн аларга адамгерчиликсиз мамиле кылуу - андай деле жаман иш катары кабыл алынбайт. Кудум ушундай эле мааниде араб элинин аруу экендиги тууралуу хадистерге таянган түшүнүктөрдү кездештирүү да мүмкүн. Кыскасы бул сыяктуу «жүйөлөр» жалкоо жана коркок кишилерге майдай жага берет.

Анткени «жакшы адам гана башкалардан артык боло алат» деген атам замандардан берки турмуш мыйзамы тастыкталып турса да, алар мыкты адам болууга умтулбай, эринип, жалкоолук кылышы, өзүнүн жаман сапаттары менен күрөшпөй, адам болуу деген улуу акыйкатка эмес, «аруу эл» түшүнүгүнө жашынышы коркоктук болуп эсептелет. Ошондой эле «аруу эл» принцибин жактап, маселени түп-тамырынан эмгектенбестен эле чечип коюу - артта калган аң-сезимдерде көп кездешчү көрүнүш.

Мындан сырткары, ошол эле теңирчилер, менин түшүнгөнүмө караганда, жалгыз, адилеттүү Кудайга сыйынарын айтышат. Бирок «Мен сыйынган адилеттүү Кудай эмне үчүн мени аруу, башкасын карапайым кылып жаратты?» деген суроо келди бекен, алардын ойлоруна? Тактап айтканда, кыргыз болуп төрөлүү өз эркинде болбогон пенделер кайсы күнөөсү үчүн аруулуктан куржалак калды? Дегеле «биз башкалардан тубаса жогорубуз» деген түшүнүк туура жолго алып барбашын тарых канча ирет далилдеди. Анын ордуна ислам пайгамбары Мухаммеддин «артыкчылык - бир гана такыбалыкта» деген маанидеги принцибин сунуш кылар элем. Ким канчалык адеп-ахлактуу болсо - ошончолук даражада улуу, аруу, артык. Таза кыргыз болуш үчүн «аруу эл» түшүнүгүн эмес, «эмгеги катуунун наны таттуу» деген кыргыз макалын туу тутуу туура болот деп ойлойм.

Динчилдер жана алардын позициясы

Булардын деле туура эмес түшүнүктөн арылып, туура жолдо, алардын тили менен айтканда, «шарият жолу менен жашайлы» деген жакшы ой-максатына сый-урмат көргөзүү керек деп ойлойм. Т.а. ошол эле шарияттагы «уурдаба, жалган сүйлөбө, чагымчылдык кылба, бирөөгө жамандык каалаба, ата-энеңди сыйла, адамдарга колдон келсе жардам бер» деген асыл ойлор сый-урматка гана татыктуу.

Бирок, ошол эле учурда, өзгөчө теңирчилер айткан сын-пикирлерди ырастаган көрүнүштөрү да аз эмес. Алсак, кийинүү маданияты, арабча ысымдардын көбөйүшү, араб улутундагыларга болгон сокур сүйүү, диний жашоо таризди калыптандыруудагы чабалдык сыяктуу бир топ көрүнүштөрдү теңирчилер сынга алып келет. Чындыгында мусулман коомчулугу исламдын нукура баалуулуктарын, т.а. чынчылдык, айкөлдүк, боорукердик, билимдүүлүк, сабырдуулук, жароокерлик сыяктуу сапаттары менен өзүн тааныта алганда, балким мынчалык сынга кабылбайт эле жана экинчи тарап менен келишпестикке барууга эч кандай негиз болмок эмес.

Чыңалууну күчөткөн жагдайлар

Эми өзгөчө чыңалууну күчөткөн жагдайга токтололу. Чыңалуу эки тарап түшүнүп-түшүнбөгөн эле кайым айтышуусунун коштоосунда ырбап жаткандай. Теңирчилер, динчилдердин араб маданиятына берилип кетишин, балким аны аң-сезимсиз түрдө жайылтып жатканын бетке кармап, исламды «жөөт Мухаммеддин жазган дини» дегенге чейин барып жатышат.

Динчилдер теңирчилердин диний китеби жок экенин мисал тартып, «чындап теңирчи болгуң келсе, анда маркумду узатуу, нике кыюу сыяктуу бир канча ритуалдарды аткарууда мусулмандарды туурабай, өзүңөрчө жаңы тариздерди тапкыла» дегенге чейин барып олтурат. Чындыгында теңирчилер мусулмандарга окшоп бала үйлөсө, маркумду акыркы сапарга узатса же кээ бир фрагменттери окшош диний жөрөлгөлөрдү кылса, мусулмандардан же мусулманчылыктан эч нерсе деле кемип кетпейт. Экинчи жагынан, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Рыскул Жолдошев айткандай, теңирчилик - бул синкретикалык (курама) окуу. Коңшу түшүнүктөрдөн, окуулардан таасирленүүсү - табигый көрүнүш.

Теңирчилердин да адатта шарияттык т.а. белгилүү бир окуунун ката-кемчилигин бүткүл исламга же бүткүл мусулмандарга шылтаганы туура эмес. Сакалчан, жоолукчан мусулмандын ката-кемчилигинен, мусулман мамлекеттериндеги бытырандылыктан улам исламды жамандоо аша чапкандык болот. Мындай «сахналардын» жаралышында саясат, экономика, маданият, билим берүү, ЖМК сыяктуу бир топ факторлордун таасири да зор экендиги көп эле адамга түшүнүктүү болсо керек. Кыскасы кеп эки тарап тең негизинен өзүнүн да, экинчи тараптын да тутунган ишенимин так, туура, системалуу билбегендикте деп ойлойм. Маселенин төркүнү эки тарапта тең туура тил менен сын айтуу, айтылган сунуш-ойлорду туура кабыл алып, ага түшүнүү менен туура жооп берүү деген деңгээлдин жоктугунда болуп жатат.

Ажырым күндөн күнгө тереңдеп баратат. Алакандай кыргыз жергесиндеги бул эки топ дээрлик бири-бирине толугу менен чоочун жана жанаша дүйнөлөрдө жашап жаткандай. Ушул темаларга арналган бир топ телеберүүлөр, дебаттар сыяктуу иш-чаралар өзүнүн оргиналдуулугун жоготуп, эптеп уруштуруп жибермейге өтүп калды. Ал жерге барган эки тараптын өкүлдөрү тең акыйкат үчүн өзүнүн менменсинүүсүн экинчи планга коюп, талкуудан тактык жаратканды максат кылышкан жок. Эки тарап тең андай жерлерге, жалпак тил менен айтканда, «жеңип койду, оозун жаап койду, жайлап койду» деген мааниде өз тарапкерлеринен мактоо угуш үчүн гана баргандай. Максат акыйкатты издөө эмес, өз тарабындагы билимсиз катмардын моокумун кандыруу болуп калды.

Бирок сиздер да байкагандай, эки тараптын тең бири-бирине айткан сын-пикирлери жалпысынан алганда негизсиз десек болот. Түрдүү түшүнүккө, дүйнө таанымга, диний ишенимге ээ болгон адамдардын бирге жашоо мүмкүнчүлүгү өзөктүк коркунучка кептелген, бай жана кедей адамдардын ортосундагы социалдык-экономикалык ажырым өтө коркунучтуу деңгээлге жетип, бечара кишилердин купуя ыйлары адамдык абийирдин жакасына жабышып турган кезде «өлүктү кантип көмүш керек, никени кантип кыйыш керек, дааратканада тазалыкты кесек менен кылса болобу же кагаз менен кылыш керекпи» деген сыяктуу жарыбаган маселелерди талкуулоонун зарылдыгы канча?!

Коомчулукту кулап бараткан автобустун рулун тажрыйбасыз айдоочуга бергендей кылбай, динчилдер менен теңирчилерди элдештирүүдө балким мамлекет маселени колго алыш керек деген ой келет. Эки тараптан тең фанаттык эмес, илимий негиздеги түшүнүктөргө ээ болгон адамдар келиши керек. Улуттук баалуулук жана адеп-ахлактык нормалар деген эки жерде келишүү зарыл. Менин оюмча эки тарапка тең бул жагдай ыңгайсыздык жаратпачудай. Эгерде жаратса, кыйратуучу эмес, түптөөчү сүйлөшүүлөрдү мына ушул багытта жүргүзүш керек. Ишеним негиздерине, фанаттык түшүнүккө таянган жана тарыхый жүйөсү жок түшүнүктөргө бул айтылуу мейкиндикте орун берилбеши керек. Анткени майнап чыкпаган өрөөндү майкандоонун кажети жок.

Теңирчилер «...шариятыңарда «кесек менен тазалагыла» десе, силер кагаз колдонуп жүрөсүңөр, диниңердин эрежесин аткарбай...» деп динчилдин ажатканасына чейин кирип барганын койсо, динчилдер да «... анда теңирчи болсоңор маркумдарыңарды көмүүдө, үйлөнгөндөргө нике окууда бизди туурабагыла» деп ичи тардык кылбаса, жакшы эле жашоо болмок.

Эки тарап тең адептик нормалардын негизинде чогуу жашоону жана улуттук баалуулуктарды сактап калуу аркылуу кыргыз иденттүүлүгүн улантып кетүү деген ыйык вазыйпасын аткара алышса жетиштүү болмок. Бул эки топ тең коомдо жашаган адамдар эч качан бир типтүү ишенимге ээ болбойт деген психологиялык, социологиялык чындыкты аңдашы керек. Андай бир типтүүлүк - пайгамбардын доорунан тартып ислам маданияты гүлдөп өнүккөн доорлорго чейин да эч бир учурда мүмкүн болбогондой эле, максат да болгон эмес.

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG