Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 19-январь, 2020 Бишкек убактысы 14:32

Диний чөйрөдөгү бир жылга сереп


Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылы диний чөйрөдөгү тенденцияга эксперт Канатбек Мурзахалилов сереп салат.

Башка жылдардан айырмаланып, Кыргызстанда 2019-жылдагы диний кырдаал туруктуу чыңалуу абалында болуп, ал мамлекеттик органдар менен диний уюмдар тарабынан да көзөмөлдөндү жана координацияланды.

Диний абал көптөгөн ички жана тышкы факторлордон көз каранды. Баш мыйзамында көрсөтүлгөн дүйнөбий принциптердин сакталышы, мамлекет менен диндин өз ара карым-катнашы, диний уюмдар менен бирикмелердин мамлекеттин коопсуздугуна тийгизген таасири, диний негиздеги чыр-чатактардын алдын алуу диний абалдын туруктуу сакталышы үчүн чоң мааниге ээ.

Бул өз кезегинде диний чөйрөдө келип чыккан же орун алган түрдүү маселелерди чечүүгө мамлекеттин тикелей катышуусун жана олуттуу мамилесин талап кылып жатты.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мындан сырткары, дүйнөлөшүү процесси, технологиялардын өнүгүшү, социалдык тармактардын жардамы аркылуу маалыматтардын бат таралышы диндин коомдогу жана ар бир адамдын рухий дүйнөсүндөгү ордун, инсанга таасир этүү мүмкүнчүлүгүн өзгөрткөнүн белгилеп кетсек болот.

Негизинен 2019-жылдагы диний кырдаалга баа берүүдө диний чөйрөгө таасир этип, аны оң же терс жакка багыттаган бир нече факторлорду карасак болот. Алар төмөнкүлөр:

  • Биринчиден, мамлекет менен диндин мамилесин калыптандыруудагы дин мыйзамынын жана башка ченемдик-укуктук актылардын жоболорунун негизинде диний бирикмелердин иш-аракет жүргүзүшү, жарандардын дин тутуу эркиндигине карата укугун жүзөгө ашыруу.
  • Экинчиден, мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы өз ара мамилени калыптандыруу.
  • Үчүнчүдөн, өлкөдө өз ишин жүргүзүп жаткан 30дан ашуун диний уюмдар менен аларга тиешелүү мекемелердин иш-аракеттерине баа берүү.
  • Төртүнчүдөн, сырткы күчтөр менен башка өлкөлөрдүн таасири астында диний абалдын өзгөрүшү.

Дин чөйрөсүндө болуп жаткан көйгөйлүү маселелер аларды ченемдик-укуктук жактан жөнгө салуу ишин мындан ары өркүндөтүүнү талап кылат. Анткени анда бир катар кемчиликтер жана жетишсиздиктер айкын байкалып турат.

2014-жылдын 14-ноябрындагы өлкө башчынын жарлыгы менен «2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы» бекитилген. 2015-жылдын 9-июлунда өкмөт аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын бекиткен. Аталган план 63 пункттан туруп, ар бир жылга карата алдыга коюлган тапшырманын негизинде кызыкчылыгы бар мамлекеттик органдар, диний жана коомдук уюмдар менен бирдикте ишке ашырылууда.

Бул жумуштарды аткаруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 22 млн. 400 миң сом каралган. Талдоолор көрсөткөндөй, 2019-жылдын декабрь айына карата пландын 29 иш-чарасы аткарылган (39,7%), жарым-жартылай аткарылган же аткарылып жатканы 33 (52,4%), аткарылбаганы 5 (7,9%).

Иш-чаралардын жүзөгө ашырылышы дин жаатындагы көп концептуалдуу маселелерди чечкенге жардам берип келет. Бирок кээ бир иштер мөөнөтүнөн кыйла кечеңдөө менен ишке ашып жатканын да белгилеп кетүү абзел.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Атап айтсак, дин жаатындагы базалык мыйзам катары саналган «Дин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңешке 2015-2016-жылы киргизилиши керек эле.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын демилгесинен улам дин таануучулар, түрдүү диний уюмдардын өкүлдөрү менен юристтер мыйзамдын жаңы редакциясынын үстүндө иштеп келген. 2017-жылы жаңыланып, толукталган мыйзам долбоору парламенттин эки тармактык комитетинин кароосунан, биринчи окуудан да өткөн. Бирок аны демилгечилер кайрадан чакыртып алган. Оңдолуп, толукталган мыйзам долбоору кыргыз өкмөтү тарабынан 2019-жылы Жогорку Кеңештин кароосуна кайрадан киргизилген эмес.

Кыргызстанда диний чөйрөнү жөнгө салган мыйзам 1991-жылдын 16-декабрында «легендарлуу» парламент тарабынан кабыл алынып, постсоветтик өлкөлөрдүн арасынан либералдуулугу менен белгилүү болгон. Арадан 17 жыл өткөндөн кийин 2008-жылдын 31-декабрында мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган. Бул мыйзам да 11 жылдан бери өзгөрө элек.

Ал эми 2014-жылдын 4-сентябрында Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечими боюнча иштеп жаткан дин мыйзамындагы «диний уюмдардын түзүүчүлөрү болгон 200 адамдын тизмеси жергиликтүү кеңештер менен макулдашылышы керек» деген норма жокко чыгарылган. Бул чечимди жүзөгө ашыруу максатында 2019-жылдын 16-октябрында Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору кайрадан талкууланып, экинчи окуудан өттү.

Коомчулукта көп жылдан бери өз актуалдуулугун жоготпой келген диний билим берүү, диний окуу жайларын реформалоо, жашы жете элек балдарды диний уюмдардын катарына тартуу маселеси да жарым-жартылай чечилди. Атап айтсак, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия «Кыргыз Республикасында диний билим берүүгө болгон укукту ишке ашыруунун тартиби жөнүндө» жобонун долбоорун иштеп чыгып, өкмөткө киргизген.

Жободо төмөнкү механизмдер каралган:

  • Кыргызстанда диний билим берүүнүн стандарттарын аныктоого;
  • Диний окуу жайларынын материалдык-техникалык базасын ирээттештирүүгө жана чыңдоого;
  • Кыргыз Республикасынан чет өлкөлөргө билим алууга бара жаткан жарандарды эсепке алып, каттоону тартипке келтирүүгө;
  • Мындан тышкары, жашы жете элек балдардын, башкача айтканда 9-класска чейинки балдардын диний билим алышына мүмкүнчүлүк түзүп берүү.

Бирок жобонун тагдыры дин мыйзамынын долбоору сыяктуу эле учурда белгисиз.

2019-жылдагы актуалдуу болуп, учурда чечилбей жаткан маселелердин бири - бул Сирия менен Ирактын аймагындагы качкындар лагерлеринде күн кечирип, өз учурунда «Ислам мамлекети» террордук уюмунун катарында жүргөн аялдар менен алардын балдарын Кыргызстанга кайра алып келүү.

Коңшулаш Борбор Азия өлкөлөрү репатрианттарды мекенине кайра алып келип, аларды коомго интеграциялоо менен реабилитация жараянын жүргүзүп жатканын айта кетишибиз керек.

2019-жылдагы коомчулукта талкуу жараткан жана аны ишке ашырууга жетишилген маселелердин бири - Ислам академиясын түзүү.

Белгилүү болгондой, 2018-жылдын 15-ноябрында Бишкек шаарында өткөн «Ислам азыркы дүйнөбий мамлекетте» аттуу экинчи эл аралык конференцияда президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, «келечекте Ислам академиясын түзүп, анын ишмердигин мамлекет өз көзөмөлүндө кармашы керек. Ата-бабалар карманган ислам дини дүйнөбий коомго, дүйнөбий мыйзамдарга карама-каршы келбейт» деген пикирин айткан.

2019-жылдын 9-февралында президент Сочи шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукканда кыргызстандык имамдарды Татарстандагы Болгар ислам академиясында окутууга жардамдашууну суранган. 12-февралда Путин Татарстандын экс-президенти, республиканын мамлекеттик кеңешчиси Шаймиев жана Татарстандын президенти Минниханов менен жолугушуусунда дагы бул багытта мүмкүнчүлүктү иликтөө жана тиешелүү системаны түзүүнү өтүнгөнүн орусиялык массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Учурда орус тарап менен түзүлгөн келишимге ылайык, 20га жакын имам аталган академияда окууга мүмкүнчүлүк алды.

2019-жылдын 11-12-декабрындагы президент Сооронбай Жээнбековдун Бириккен Араб Эмираттарында өткөн сапарынын алкагында Билим берүү жана илим министрлиги менен БАЭнин Эл аралык «Шейх Мухаммед Зайед» фондунун ортосунда Кыргызстанда Ислам академиясын куруу боюнча макулдашуу түзүлдү.

Бирок «Билим берүү жана илим министрлигинин диний билим берүү мекемесине тиешеси кандай? Дүйнөбий мамлекеттин принциптери кандай сакталат?», - деген суроо да коомчулукта түрдүү пикирди жаратууда.

Кыргыз коомчулугунда акыркы жылдары диний окууну түрдүү ыкмалар менен, анын ичинен агрессивдүү мүнөздө таратуу диний негиздеги чыр-чатактарга өбөлгө түзүп келгени белгилүү. 2019-жылы диний негиздеги түшүнбөстүктүн айынан Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында православ мүрзөсүндөгү айкаш жыгачтар менен эстеликтерди бузуу, Тамчы айылындагы 25 жаштагы Элдос аттуу протестант динин карманган жигитти токмоктоо фактысы катталган.

Кыргызстанда диний бирикмелердин жана диний уюмдардын санынын өсүшү дагы басаңдап, анын негизинде мүнөздөлгөн терс көрүнүштөр дагы токтоду. Бул өз кезегинде диний мейкиндик калыптанып, жарандар өз диний тандоосун тоскоолдуксуз жасап жатканын көрсөтүп жатат.

2019-жылы кыргыз коомундагы ишеним эркиндигине мүнөздүү болгон - динге ишенген, атеисттер, дүйнөбий принциптерди карманган, радикалдуу - фанатикалык көз караштагы адамдардан сырткары агностикалык көз карашты кармангандар бар экени белгилүү болду. Айрыкча, агностикалык көз карашты кармангандар жаштар арасында, жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында басымдуулук кылып жатканын айта кетсек болот.

Мындан сырткары, Кыргызстандагы калктын басымдуу көпчүлүгү ислам динин кармангандыктан диний абал көпчүлүк учурда мусулмандардын башын бириктирген жана алардын диний жөрөлгөлөрүн координациялаган Муфтияттын ишмердүүлүгүнөн дагы көз каранды. Башка жылдардан айрымаланып, 2019-жылы Муфтияттын иши бир кылка болуп, олуттуу эч кандай өзгөрүүлөр менен чыр-чатактардан сыртта болду.

Бир гана умра зыяратын туристтик компаниялардан алып же алар менен бир катарда жүргүзүү чечимин кабыл алуусу. Жума намаздарындагы баяндарды мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүү, сентябрь айында өз ишмердүүлүгүн тескеген уставды Адилет министрлигинен каттоодон өткөрүү сыяктуу бир катар чечимдер кабыл алынды.

Ал эми, башка диний уюмдар менен бирикмелер ишмердүүлүгүн өз ички тартиптери менен эрежелеринин негизинде жүргүзүп, эч кандай резонанстуу түшүнбөстүккө байланышкан маселелер келип чыккан жок.

2020-жылы диний чөйрөдөгү негизги мыйзамдар менен башка укуктук-ченемдик актылар, мамлекет менен диндин мамилесин калыптандырган жаңы концепция кабыл алынышы күтүлүүдө. Бул өз кезегинде өлкөдөгү мамлекет менен диндин өз ара кызматташтыгынын жаңы моделин иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Бирок мыйзам долбоорунда диний ишмердүүлүктү чектеген же тыюу салган айрым беренелер коомчулукту нааразы кылышы да ыктымал.

Мындан сырткары, Ислам академиясына тиешелүү маселелер чечилип, жаңы окуу жылына карата ал биринчи угуучуларын кабыл алышы да мүмкүн.

2020-жылы «Жогорку Кеңешке болгон шайлоо процессине диний уюмдардын, диний лидерлердин катышуусу кандай деңгээлде болот? Дүйнөбий мамлекеттин принциптерине дин кандай таасир этет же дин кандай негизде саясатташып, жуурулушат?» деген суроолор да күн тартибине чыгат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (18)

XS
SM
MD
LG