Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Ислам философиясынын илимдеги орду


Абдирашит Бабатаев.
Абдирашит Бабатаев.

Дин философиясы деген эмне жана ислам философиясынын негиздери дегенди кыргыз коомчулугу кандай түшүнөт?

Бул суроолорду «Биз жана дин» түрмөгүндө эксперт Канатбек Мурзахалилов Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин улук окутуучусу, философия илимдеринин доктору Абдирашит Бабатаев менен талдоого алды.

Канатбек Мурзахалилов: - Ислам дүйнөсүндөгү философиянын өнүгүшү кандай өңүттө ишке ашкан?

Абдирашит Бабатаев: - Бул тарыхый шарттан жаралган деп айтабыз. Азирети Мухаммед пайгамбардын өлүмүнөн кийин мусулмандардын көптөгөн өлкөлөр менен болгон таанышуусу, алардын жаңы көз караштарды үйрөнүшү, социалдык жана саясий көйгөйлөр көптөгөн жаңы чечимдерди талап кылган. Ушундан улам мусулмандар динге байланышкан айрым суроолорду, коомдук жана социалдык маселелерди чечүүдө философияга кайрылууга аргасыз болушкан. Ислам дүйнөсүндөгү философиянын өнүгүшүндө биз эки негизги булакты айтабыз. Биринчиси - «өздүк булактарды» – Куран менен сүннөттү, экинчиси - «бөтөн булактарды» – грек-эллинисттик философия аркылуу ислам дүйнөсүнө кирген философиялык ой-толгоолордун жалпы тутумун.

Мусулман философтору өздөрүнүн көз караштарын байыркы грек философторунан айырмалап өнүктүрүүгө аракет кылышкан. Мисалы, байыркы грек философтору философияга аныктама берген учурда «алты классикалык аныктама» деген аныктамалар топтомун негиз катары кабыл алышкан. Бул этимологиялык жактан философияга берген аныктама, узак жана жакын максатка карата берилген аныктама, философиянын улуулугуна жана изилдөө предметине карата берилген аныктама. Мусулман философтору аларды кайталап тим болбостон, оригиналдуу ислам философиясын түптөгөнгө аракет кылышкан.

Канатбек Мурзахалилов: - Эмне үчүн ислам дүйнөсүндө философия илими өнүккөн? Ага кандай шарттар таасир эткен?

Абдирашит Бабатаев: - Тарыхый, социалдык, саясий шарттар мусулмандардын жаңы маданияттар менен таанышуусунан улам келип чыккан суроолорду, маселелерди чечүүнү талап кылган. Бул өңүттөн алып караганда мусулмандар башка, бөтөн маданияттагы элдерге алар колдонгон усулду пайдалануу аркылуу өздөрүнүн исламдык баалуулуктарын түшүндүрүүгө аракет кылышкан. Мухаммед пайгамбар өзү кандай гана маселелер, суроолор болбосун жообун бере алган. Бирок пайгамбардын көзү өткөндөн кийин пайда болгон түрдүү, жаңы маселелер тез арада чечүүнү талап кылгандыктан, мусулмандардын ортосунда саясий тирешүү болгон учурлар да кездешкен. Бул саясий тирешүүнү интеллектуалдык жол аркылуу гана чечүү туура болгондуктан, мусулмандар өздөрүнө таандык болгон баалуулуктардын негизинде башка маданияттарга бул нерсени түшүндүргөнгө аракет кылышкан. Ошол эле убакта башка маданияттарга таандык болгон баалуулуктарды адамзаттын орток баалуулугу катары өздөрүнө сиңирип, ал нерсени ислам дининин чегинде жөнгө салганга да аракет кылышкан. Биз ошол убактагы мусулмандардын философиялык ой толгоолоруна кайрылбастан муну толук түшүнүү мүмкүн эмес экендигин көрө алабыз.

Канатбек Мурзахалилов: - Ислам философиясы дегенде кээ бир адамдар «Исламда философия болобу?» деп каршы чыгып, Куран менен сүннөттүн философиясы катары кабыл алышат. Бул түшүнүктү бизге туура чечмелеп берсе аласызбы?

Абдирашит Бабатаев: - Философияны изилдегендер, мисалга «ислам философиясы» деген аталыштын ордуна «мусулман-араб философиясы», «мусулман философиясы», «араб философиясы», «мусулман-түрк философиясы» деген аталыштарды да колдонушкан. Бул Курандын философиясы же сүннөттүн философиясы дегенди түшүндүрбөйт. Географиялык аймакка карата, улуттук өзгөчөлүккө карата, ошол эле убакта интеллектуалдык бийик деңгээли болгон адамдардын философиялык көз караштарына карата, мисалы Аристотелдин, Фарабинин, Ибн-Синанын философиясы деп айтабыз. Ал эми «ислам философиясы» деген аталыштын колдонулушу шарттуу түрдө. Аны жалпысынан мусулман дүйнөсүндөгү ойчулдардын, жалпы ислам дини жайылган, ислам маданияты өкүм сүргөн аймактардагы философтордун философияга кошкон салымы катары түшүнүшүбүз керек. Бирок ислам философиясынын ислам дининин негизги булагы болгон Куран менен сүннөттүн алкагында өрчүгөндүгүн биз унутпашыбыз керек.

Мисалы, грек философиясынын негизги булагы катарында биз башка нерселерди, Кытай философиясынын негизи катары биз башка нерселерди көрсөтөбүз. Ал эми ислам философиясынын булагы катары биз Куран менен хадистерди негиз катары алуу менен ал нерсени адамдардын рационалдык көз караштарынын алкагында өнүктүрүүнү, өстүрүүнү, аларга багыт берген фундамент катарында түшүндүрүшүбүз керек. Бул биз сөз кылып жаткан нерсе Курандын, хадистин философиясы эмес дегенди түшүндүрөт. Анткени ислам - бул диндин аты. Албетте, дин менен философияны бир өңүттө карай албайбыз. Себеби, философияны адамдын акыл дараметинин туундусу катары карай турган болсок, динди Жараткан адам баласына жиберген мыйзамдардын топтому катары түшүнөбүз. Орто кылымдардан баштап эле ислам дүйнөсүндөгү философиялык иш-аракеттерге каршы чыккан адамдардын көпчүлүгүнүн көз карашы да ушул аталышка байланыштуу да болгон деп айтсак болот.

Канатбек Мурзахалилов: - Белгилүү бир убакта философияга болгон кызыгуу солгундап кеткен. Анын кандай себептери бар?

Абдирашит Бабатаев: - Анын объективдүү жана субъективдүү себептери бар. Мусулман философторуна же ислам дүйнөсүндөгү философияга карата солгун же терс мамиленин пайда болушунда көп учурда имам Газалини негизги фактор катары көрсөтүшөт. Негизинен Газали философияны эмес, философторду сындаганын биз ар дайым унутуп келебиз. Философторду сындоо - бул «философчулук» иш-аракет экендигин унутпашыбыз керек. Себеби, сын көз караш менен кароо, бир нерсени сындоо философиянын табиятында бар нерсе. «Эмне үчүн мусулмандар грек философиясын баалуулуктарын алып, колдонуш керек?» деген терс пикир да болгон. Бул жердеги эң негизги маселе - мусулман ойчулдары грек философиясынын мурастарын колдонгонуна карабастан, аларды Курандын негизинде кээ бир нерселерин чектеп, өздөрүнө таандык болгон нерселерди өнүктүргөн. Мисалы, «атомизм», «материализм»деп коебуз, анын көч башында Демокрит деген философ турат. Ибн Сина атомизмди, материализмди да катуу сындаган. Бирок аны сындаганда грек философу, улуу ойчул Аристотелдин көз карашын колдонуу аркылуу сындаган.

Абдирашит Бабатаев жазган китептер.
Абдирашит Бабатаев жазган китептер.

Белгилүү бир мезгилде мусулмандардын ортосунда дин менен философияны бири-бирине карама-каршы койгон учур да бар. Ошондуктан ислам дүйнөсүндө дин менен философияны айкалыштырууга болгон үч түрдүү көз караштарды айта алабыз. Биринчиси - Кинди баштаган, дин менен философияны айкалыштырууга болгон аракет. Экинчиси - улуу философ Фараби жана Ибн Сина көч башында турган, дин менен философияны айкалыштырууга болгон аракет. Үчүнчүсү - Ибн Руштун дин менен философияны айкалыштырууга болгон аракети. Бул үч көз караштагы эң негизги маселе - дин менен философияны карама-каршы коюу эмес. Бир чындыктын эки бейнеси катарында, бир чындыкты түшүнүүнүн эки жолу катарында түшүндүрүүгө болгон аракет. Анткени «философияны туура эмес түшүнүү дин менен философияны карама-каршы коюуну шарттаган. Эгерде бир адам философияны жогорку деңгээлде билген болсо, ал эч качан философия менен динди бири-бирине карама-каршы койбойт» деген көз карашты айтышкан.

Бул философтордун ислам дүйнөсүндөгү карама-каршылыкты жөнгө салууда, дин менен философияны айкалыштыруудагы аракеттеринде үч негизги тыянактарды айтсак болот. Биринчиси - философтордун философияга болгон кызыгуусун андан ары өнүктүрүүгө болгон шык-дем. Экинчиси - ислам дүйнөсүндө солгундап кеткен рационалдык ойломду кайрадан калыптантып, аны андан ары өнүктүрүүгө болгон аракет. Үчүнчүсү - диндеги негизги баалуулуктарды, мисалы Алла-Тааланы, диндеги айрым түшүнүктөрдү философиялык жол менен негиздөө мүмкүн экендигин, алардын рационалдуу негиздери бар экендигин көрсөтүүгө болгон далалатты байкасак болот.

Канатбек Мурзахалилов: - Бишкекте 2018-жылы, сиздин авторлугуңуз менен «Дин философиясы» деген китеп чыккан экен. Андан кийин «Ислам философиясынын негиздери» деген китепти которгон экенсиз. Бул китептер кандай максатта жарыкка чыкты?

Абдирашит Бабатаев: - Рахмат. Бул эки китеп Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин теология факультети жүргүзгөн долбоордун алкагында даярдалды. Ошол долбоордун алкагында мен «Ислам философиясынын негиздери» деген китепти котордум жана «Дин философиясы» деген китепти жаздым. Бул китептер биздин студенттердин билимге болгон муктаждыгын канаттандыруу максатында басылып, даярдалды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG