Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 04:32

Кыргыз-араб алакасынын кыры жана сыры


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков эки араб өлкөсүнө иш сапары менен барды.

Акыркы жылдары кыргыз-араб кызматташтыгы активдеше баштаганына эмне себеп болду? Экономикалык жана гуманитардык алакаларда кайсы багыттарга көңүл буруш керек?

«Арай көз чарай» талкуусуна Кыргызстандын тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков, Эл аралык Кувейт университетинин ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Ормушев жана ишкер Чолпонбек Акматов катышты.

«Азаттык»: - Талант мырза, Кыргызстан эгемендүүлүгүн алган алгачкы жылдары Араб өлкөлөрү менен кызматташууну колго алып, мамлекет башчысы, башка бийлик башчылары расмий сапарлар менен катташып, көп документтерге кол коюлду эле. Кийин мамиле сууп кеткендей болду, анын себебин сиз эмнеден көрөсүз?

Талант Кушчубеков: - Кыргызстан араб дүйнөсү менен 1992-жылы кызматташта баштады десек болот. Тунгуч президент Аскар Акаев ошол жылы биринчи расмий сапары менен Сауд Арабиясына барган. Ал учурдагы сапарлар өтө терең изилденбей, талданбай, үстүрт мамиле жасалып калганын байкайбыз.

Көпчүлүгүбүздүн түшүнүгүбүздө «араб өлкөлөрү өтө бай, барсаң эле акчаны бере салат» деген ойлор болгон. Ошол биринчи сапарлар президентке тескери таасир бергенби, алардан оолактай баштаган, «бул дүйнөдөн алыс болуш керек» деген ойдо качып калгандай сезилген. Ага эмне себеп болгонун так айтыш кыйын. Ал мезгилде араб дүйнөсү деле биз жөнүндө билчү эмес, жаңыдан эле тааный баштаган. Алар деле бизге кол сунганга аракет кылды. Мисалы, Токтогул районундагы Тоолук айылында 9 баллдык жер титирөө болгондо арабдар бизге бир миллион доллар жардам деп чемоданыбызга салып, накталай эле бергени эсимде.


«Азаттык»: - Араб өлкөлөрү менен мамилебиздин сууп кетишине биринчи президенттин Израилге Кыргызстандын элчилигин ачуу ниетин билдиргени себеп болгон деп жүрүшөт. Ушул чынбы?

Талант Кушчубеков: - Ооба, ошол ниеттин түздөн-түз тиешеси болуп калды. Биринчиден, ал кездеги президент өзүн араб дүйнөсүнөн оолак кармаганга аракет кылып жүрдү деп айттым. Экинчиден, биринчи президентибиз өзү айткандай, аны менен «хитрый еврей» иштеп калды. Ошол кишинин таасиринде көп болуп калгандыктан ошондой абал жаралып калган. Орой айтканда бир киши президентти, өкмөттү баш кылып, бир өлкөнү алдап кетти десем жаңылышпайм.

Ошол киши таасири күчтүү болуп, «Израилден инвестиция келет, ал үчүн расмий сапар жасаш керек» деп президентти ынандырган. Акаев Арабияга баргандан алты ай өтпөй Израилге расмий сапар менен барып жатпайбы. Анвар Саадат өлгөндөн кийин мусулман өлкөлөрүнүн президенттери Израилге барган эмес, тилекке каршы, аны түшүнбөдүк. Кыскасы, учурунда Кыргызстандын Израилге элчилик ачуу ниети бомба жарылгандай эле болгон.

«Азаттык»: - Асан агай, акыркы жылдары араб өлкөлөрү менен кызматташуунун активдеше баштагынын сиз эмнеден көрөсүз? Алар менен кызматташуунун бүгүнкү абалы, кечээ кол коюлган документтердин мазмунуна караганда Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп берет деп айтсак болобу?

Асан Ормушев: - Келишим, макулдашууларга кол койгонго чейин эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери, дипломаттар көп иштешти. Кеп алардын кол коюлганында эмес, ишке ашырууда турат. Ишке ашыруу эки өлкөнүн алып барган саясатына байланыштуу болот. Биринчи президенттин тушунда деле абдан көп макулдашууларга кол коюлган. Бирок алардын канчасы турмушка ашканы эсимде жок. Кийин деле "кызматташтыгыбыз жакшырды, өнүгөт" дешкен, ал болгон жок.

Азыркы кол коюлган келишимдердин ишке ашышы кол коюшкан министрликтерге да байланыштуу. Мисалы, менин арабдар менен 20 жылдык кызматташуу тажрыйбам бар. Алар ишенимине кирмейинче, толук ынандырмайынча бир нерсени бербейт, жасабайт. Келишимдер эки тараптын кызыкчылыктары дал келгенде гана ишке ашат. Айталы, азыркы сапардын учурунда Араб Эмираттары менен алты келишимге кол коюлду. Анын эки келишими билим жана илим тармагы боюнча болгону бизди кубандырды.


«Азаттык»: - Чолпон мырза, сиз араб өлкөлөрү менен ишкерлик кылат экенсиз. Сиз кайсы тармакта кызматташып жатасыз? Кыргызстан үчүн келечекте дагы кайсы багыттарда кызматташуунун келечеги бар десек болот?

Чолпон Акматов: - Биз Дубай базарына кирүү үчүн бир топ аракеттерди жасап жатабыз. Биздеги негизги көйгөй – товарды жеткирүү, же болбосо логистиканын жоктугу. Араб өлкөсү алыс, ага автожол, поезд менен товар жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү оор болууда, жол чыгымдарына көп каражат кетүүдө. Ал товардын өздүк наркына тескери таасир берүүдө. Биз ага карабай Кыргызстандан гранит таштарды Дубайга ташып жатабыз.

Дубайдын курулуштарында дүйнөнүн бардык жеринен ар кандай таштарды көп колдонушат. Биз мындан сырткары арабдар менен туризм, энергетика, тоо кен тармагы жана органикалык таза айыл чарба азыктарды сатуу менен да тыгыз кызматташсак болот.

Талкууну толугу менен бул жерден көрүңүз:

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (11)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG