Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 25-январь, 2020 Бишкек убактысы 06:12

Ислам академиясы кимдерди окутат?


Кыргызстанда Ислам академиясы ачылмай болду.

Башында Ислам академиясы аткаминерлерди окутары кабарланган. Бирок бир күндөн кийин президенттин сайтындагы "мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери" деген сөз "дин кызматкерлери" деп өзгөртүлүп калды.

Министрлик көзөмөлдөйт

Ислам академиясы ачылса, мамлекеттик органдын жетекчилери, акимдер, айыл өкмөт башчылары исламдын баалуулуктары катары боорукердик, сабырдуулук, кайрымдуулук жана мээримдүүлүк жөнүндө лекция угушат. Мамлекеттик кызматкерлердин лекцияга катышуусу милдеттүү түрдө болобу же каалоочулар гана катышабы - бул азырынча белгисиз.

Билим берүү жана илим министрлиги академия аткаминерлердин диний билимин жогорулатуу, коомдогу түрдүү диний радикалдык көз караштарды ажыратып таануу максатында ачылып жатканын билдирди.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков президенттин сайтына берген маалыматта сабак берүү үчүн атайын теологдор даярдаларын белгилеген.

Каныбек Исаков
Каныбек Исаков

- Татарстанда (Орусияда) окуу программасында заманбап илим менен диндин негизинде бириктирилип түзүлгөн дүйнөбий Ислам академиясы бар. Ислам академиясынын билим берүү стандарттары мамлекеттик билим берүү стандарттарына толук жооп берет жана теологдорду даярдоо боюнча башка программалар менен толукталган. Мунун баары тынчтыкты жана адамдар ортосундагы жакшы мамилени сактап калуу үчүн жасалып жатат.

Ошондой эле президенттин сайтында алгач мындай деп жазылган: "Ал (ред: Исаков) белгилегендей, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жеке дүйнө таанымын жана диний билимдерин өстүрүү, коомдогу түрдүү диний радикалдык көз караштарды ажыратып таануу максатында Академиянын лекцияларынын угуучулары болушат". Бирок бир күндөн кийин сайттагы "мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери" деген жер "дин кызматкерлери" деп өзгөртүлүп калган.

Исаков бул долбоордун ишке ашуусуна министрлик көзөмөл кыларын белгилегени менен, азырынча анын статусу, каржылык маселелери туурасында толук маалымат айтыла элек. Фондду түзүүгө Бириккен Араб Эмирлигиндеги (БАЭ) Шейх Мухаммад Зайед фонду жардам берет. Интернеттеги маалыматтарга караганда, академияны ачуу боюнча келишимге кол койгон Шейх Мухаммад Зайед фонду буга чейин Чеченстанда ишкерлерди колдоого алган долбоорлор менен иштегени жазылып жүрөт.

Билим жана илим министрлигинин өкүлү Динара Бекташева академия үчүн Токмок шаарынан бир жарым гектар жер бөлүнүп берилгенин маалымдады. Бекташеванын айтымында, буга чейинки долбоордо академия окутуу, магистратура жана теология жаатында илимий-изилдөөчү институту деген үч бөлүмдү камтымак. Ошол эле учурда министрликтин өкүлү академиянын аткаминерлерге диний лекция өтүү функциясы жөнүндө маалыматы жок экенин билдирди.

- Бизде азырынча ал жөнүндө маалымат жок. Жыйынга чогула элекпиз. Демек түзүмүн өзгөртүп жатышат.

Баш мыйзамга батпаган аракет

Ислам академиясын түзүү идеясын бир жыл мурун президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылган. Мамлекет башчы былтыр 15-ноябрда Бишкекте өткөн “Ислам азыркы дүйнөбий мамлекетте” аттуу эл аралык конференцияда сүйлөп жатып, коомдун өнүгүшүнө төп келген диний билим берүү үчүн Ислам академиясын түзүп, анын ишмердүүлүгүн мамлекет көзөмөлдөшү керектигин айткан.

Ошол эле кезде айрым эксперттер өлкөнүн Баш мыйзамынын 7-беренесинде "дин мамлекеттен тышкары" деп жазылганын эске салып, "Академия түзүү Конституцияга карама-каршы келбейби?" деген суроо кызуу талкууланган болчу.

Байкоочулар соңку 5-10 жылда кыргыз коомунун исламдашуусу тездик менен жүрүүдө деп эсептешет. Аны менен кошо ар кандай радикал топтордун идеологиясы да кулач жайды.

Коомдук ишмер жана педагог Үмүт Култаева мамлекеттик кызматкерлерге илимий изилдөөгө негизделген салттуу ислам жөнүндө маалымат берилишин туура деп эсептейт. Бирок ал даават формасында болбошу керек.

- Динге үндөө болбошу керек. Бирок динди туура эмес түшүнүп алып жатышат. Айрыкча билими төмөн жаштар түшүнүп-түшүнбөй эле ар кандай агымдарга кошулуп кетип жатат. Классикалык ислам боюнча илимий негизде лекция окуса болот.

Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

Саясий ишмер Ишенбай Кадырбеков мамлекеттик кызматкерлерди кайсы бир ишенимге үгүттөөнү, мамлекеттик башкарууга диний баалуулуктарды аралаштырууну туура эмес деп эсептейт. Кадырбеков "мамлекеттик башкарууда дин маселесине кылдат мамиле кылышы керек" деди:

- Көпчүлүктүн чечими менен “светтик (дүйнөбий) мамлекет” деп кабыл алынган. Демек дин эч качан мамлекеттик ишке аралашпашы керек, мамлекеттик кызматкерлерге лекция окуганга болбойт дегенди билидирет. Бул - Конституциянын талабы. Ошол кезде да светтик дегенди алып коёлу дегендер чыккан. Ар ким өз жолу менен кетиши керек. Дин мамлекеттик башкарууга, мамлекет динге аралашпайт. Мамлекетти башкаргандар ушуну эсинен чыгарбашы керек.

Ошентип, макала даярдалып бүткөндө president.kg сайтындагы "мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери" деген сөз "дин кызматкерлери" деп өзгөртүлүп калды.

Кыргызстанда дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу милдети Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жүктөлгөн. Президентке караштуу бул мекеме диний уюмдардын жана диний окуу жайлардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт.

Өлкөдө маал-маалы менен саясаттагы диний фактор, исламдагы айрым шарият эрежелеринин мыйзам менен карама-каршылыгы талкууланып калат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Пикирлерди көрүңүз (41)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG