Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Таза суу: Жээнбековдун бешинчи убадасы


Сооронбай Жээнбеков «Аймактар үчүн таза суу» форумунда. Бишкек, Кыргызстан. 23-май, 2019-жыл.
Сооронбай Жээнбеков «Аймактар үчүн таза суу» форумунда. Бишкек, Кыргызстан. 23-май, 2019-жыл.

Сооронбай Жээнбеков өзүнүн президенттик мөөнөтү бүткүчө Кыргызстандын аймагын 100% таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө убадасын бешинчи жолу кайталады.

Бишкектеги атайын форумда ал өлкөдөгү суу жетпеген 600дөн ашуун айылга суу берилип, 24 шаардын тиешелүү инфратүзүмү жаңыланарын билдирди. Мамлекет башчы муну бюджеттин жана эл аралык уюмдардын эсебинен ишке ашыра турганын айтты. Бирок мындан күмөн санагандар да бар.

Бешинчи жолу айтылган убада

Бишкек шаарында 23-майда өткөн «Аймактар үчүн таза суу» аттуу форумда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү ичүүчү суунун жетишсиздиги анын ишиндеги артыкчылыктуу багыт экенин дагы бир жолу эске салды.

Мамлекет башчы өзүнүн мөөнөтү аяктаганга чейин өлкөнүн булуң-бурчтарына таза суу толук жетет деп ишендирүүгө аракет кылды.

Сооронбай Жээнбеков «Аймактар үчүн таза суу» форумунда. Бишкек, Кыргызстан. 23-май, 2019-жыл.
Сооронбай Жээнбеков «Аймактар үчүн таза суу» форумунда. Бишкек, Кыргызстан. 23-май, 2019-жыл.

«Өкмөткө 2023-жылдын аягына чейин калктуу конуштарды 100 пайыз таза суу менен камсыздоо милдети коюлду. Бүгүн «Таза суу» долбоорунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ), Европа Биримдигинин жана Швейцария Конфедерациясынын колдоосу менен 20 шаарда 11 млрд. 200 миллион сом өлчөмүндөгү ири долбоорлор ишке ашып жатат. Былтыр муктаж болгон 653 айылдан 25 айыл республикалык бюджеттин эсебинен жана 17 айыл эл аралык финансы институттардын жардамы аркылуу таза суу менен камсыз болду. Жакынкы беш жыл ичинде өлкөбүздүн 24 шаарында жана 248 айылында таза суу курулмалары реабилитациядан өткөрүлөт. Таза суу курулмалары жок 369 айылда аларды жаңыдан куруу пландаштырылды», - деди президент Жээнбеков.

Ал 2014-жылы таза суу маселесин чечүүгө республикалык бюджеттен 25 млн. сом акча каражаты бөлүнгөнүн эстеп, 2018-жылы таза суу секторуна 250 млн. сом бөлүнүп берилгенин айтты. Анын сөзүнө караганда, быйыл бул сумма 500 миллион сом деп каралган.

Президент аталган каражат жыл сайын көбөйүп жатканын жана кайрымдуулук, эл аралык уюмдардын жардамы менен өз максатына жетерин белгиледи.

Жээнбеков: Кыргызстан 100% суу менен камсыз болот
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:40 0:00

Форумга катышкан Европа Биримдигинин өкүлдөрү, Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси, Европа инвестициялык банкынын, Азия өнүктүрүү банкынын, Дүйнөлүк банктын өкүлү жана башка эл аралык уюмдар менен мекемелердин жетекчилери Кыргызстандын лидеринин демилгесине көмөк кылышарын билдиришти.

Бирок ЕРӨБдүн президенти Сум Чакрабарти долбоорлор, реформалар ачык-айкын жүрүшү керек экенин эскертти:

Сума Чакрабарти «Аймактар үчүн таза суу» форумунда. Бишкек, Кыргызстан. 23-май, 2019-жыл.
Сума Чакрабарти «Аймактар үчүн таза суу» форумунда. Бишкек, Кыргызстан. 23-май, 2019-жыл.

«Кыргыз лидерлери беш жыл ичинде өлкөнүн бардык аймагын таза суу менен камсыз кылууга бел байлап, дымактуу максат коюп жатышат. Мен бүгүн ЕРӨБ бул максатты колдой турганын дагы бир жолу ырастайм. Бүгүн биз сууну жөн эле үйлөргө жеткирүү тууралуу гана эмес, аны натыйжалуу жана жаратылышка зыян тийгизбей тургандай ишке ашыруу жөнүндө да сүйлөшүүбүз керек. ЕРӨБ инвестиция кылып жаткан тармактар, анын ичинде суу тармагы, кийин өлкөнүн экономикасын азыркы жана келечектеги климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кылышын шартташы керек. Биз кыргыз тараптын тариф реформаларын колдойбуз, бирок ал реформалар ачык-айкын болуп, жакшылап даярдалып, түшүндүрүлүп ишке ашырылышы керек. Биз инвестиция салганга даярбыз, бирок долбоорлорду кесипкөй адамдар жүргүзүшү зарыл».

Эл аралык уюмдар демекчи, жогоруда аталгандардан сырткары Ислам өнүктүрүү банкынан, Сауд өнүктүрүү фондунан, Катар кайрымдуулук фондунан, «Ас-Сафа» жана «Ас-Салам» фонддорунан да таза суу үчүн жардам алынмай болду. Бириккен Араб Эмираттарынан «Шейх Заед бин Султан Аль Амери Нахаян кайрымдуулук жана гуманитардык фонду» көмөк көрсөтүшү ыктымал.

Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев дымактуу демилгенин конкреттүү планын ортого салды:

«Бардык айылдарды, шаарларды камсыз кылууга мүмкүнчүлүк, албетте бар. Иштеш керек, инвестиция тартыш керек. Биринчиден, республикалык бюджеттен жумшалат. Экинчи кезекте донорлордун эсебинен чечебиз. Азыр алар көбү бизге жардам бергени турат. Биринчи этапта суу менен камсыздоону токтотуп, бул сектордон кетип калган Азия өнүктүрүү банкы кайра кайтып келди. Алгач 21,2 миллион доллар менен, азыр ага кошуп, бере турган жардамын 32,88 миллион долларга жеткирмек болду. Муну менен биз Нарын облусун камсыз кылып жатабыз. Андан тышкары Баткен менен Таласка Ислам өнүктүрүү банкынын жардамын жумшайбыз. Өзү таза суу боюнча эң көйгөйлүү маселе бизде Жалал-Абад, Ош жана Баткенде болчу. Мамлекет башчыбыз былтыр Кытайга барып, 100 миллион доллар грант берилмей болгон. Ал 2020-жылдан баштап келет деп жатышат, ал сумма келсе, аталган үч облустагы суу жетишпеген айылдарды бүт камтыйбыз».

Күдөр жана күмөн

Жалпы өлкөнү суу менен камсыз кылуу боюнча демилгени Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы президенттикке талапкер болуп чыкканда негизги ураан катары пайдаланган. Былтыр донор уюмдардын жыйынында, быйыл Жалал-Абаддын, Сокулуктун жана Балыкчынын тургундары менен жолугушууда да ал сөзүн кайталаган.

Акыркы жолу, 18-майда Балыкчы шаарындагы кездешүүдө өлкөнү толук таза суу менен камсыз кылууга 34 миллиард сом керектелерин да тактаган болчу. Айтканга оңой болгон менен бул сумманы келерки беш-алты жылда табуу жеңил болчудай эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков кепке кошулду.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Президентибиз Сооронбай Шарипович эл аралык уюмдар бере турган жардамдарды эске алып, ушундай убадаларды берип жатат. Бирок бюджеттен ушунча сумманы алып чыгып, аталган тармакка жумшоо мүмкүн эмес. Анткени бюджеттин чама-чаркы белгилүү. Курулбай жаткан объекттерге беш миллиард сом таба албай жатканда 34 миллиард сомду биздин өкмөт таба аларына мен ишенбейм. Мен билгенден таза суу боюнча долбоорлордун бардыгы даяр, акча келсе эле бүтүрсө болот. Кептин баары ошо акчага келип такалат. Президент эл аралык уюмдарга, араб фонддоруна үмүт артып жатат. Бирок мен эл аралык уюмдар кайсы бир нерсени себеп кылып каржылоону чоюп койсо, президенттин убадасы этегине чыкпай калабы деп деле чочулап турам. Жардамдар келген күндө да, аны иштетүүдө аткаминерлер коррупция кылып жиберишсе, долбоорлор чала бүтүп, президентти убадасы жарым-жартылай болуп калышы ыктымал», - дейт эл өкүлү.

Ошол эле кезде өлкө 100% таза суу менен камсыздалат деп айтуунун өзү канчалык туура деген суроо да бар.

Бир эле мисал. Ош шаарында таза суу бар, бешинчи-онунчу кабатка чейин чыгат. Бирок ачык каналдан сууну тундуруп ичкен экинчи борбордо жаан жааган сайын эле дарыя булганып, бир нече күн бою суу берилбей калат. Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын башчысы Дөөлөтбек Көкөчоров бул маселени толук чечүү азыр мүмкүн эмес экенин, эл аралык мекемелер каржылаган долбоорлор инфратүзүмдү эле жаңылаганга жумшалып жатканын мойнуна алды.

Муну да кое туралы. Ошол суу жетпей жатканы айтылган 653 айылдын баары чындап камтылабы? Же айыл аймакка, же шаарга карабаган конуштар, массивдер кандай болот?

Бишкек шаарынын жакасындагы Теңир-Тоо конушу 20 жылдан ашуун убакыттан бери так ушундай асылган абалда турат. Башка кыйынчылыгын айтпаганда да таза суу маселесин алар митинг өткөрүп да, ыйлап, даттанып да чече алган эмес.

Айылдын тургуну Эркин Иманалиев азыркы президенттин «беш жыл» деген убадасынан да күмөн санады:

«Мындай «беш жылдык» убадалардын көбүн укканбыз. Акаевдин убагында, Бакиевдин убагында, кийин Атамбаевдин, Отунбаеванын убагында да «силердин конушка суу чыгарып беребиз» деген убадалар болгон. Бирок президенттер кетти, убада ошол бойдон калды. Азыр да Жээнбековдун айткандары сөз бойдон эле калат. Канча президент, канча премьер-министр кетти, биринин да тушунда суу чыгара албадык. Теңир-Тоо конушунда 500дөй түтүндүн дээрлик баарында суу жок. Арча-Бешик менен Ак-Өргөнүн ортосунда жайгашканбыз. Административдик жактан Чүйдүн Сокулук районунун Орок айыл аймагына карашыбыз керек, бирок сууну Бишкек шаарынан тартса болот. Же бизди мэрия карабайт, же айыл аймагы карабайт. Даттана берип чарчадык. Үмүт деле калбай калды».

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун суу жетпеген, сууну сатып алып ичкен Тамга айылына «Азаттыктын» кабарчысы барып келген.

Тамгада таза суу алтынга тете
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:39 0:00

Кыргызстанда таза суу жетпейт деп айтылып келген 653 айылды кошкондо жалпы 1800 айыл бар. Мунун ичинен 57 айылга 2019-жылы суу жеткирүү пландалган.

«Таза суу» долбоорунун биринчи-экинчи айлампалары беш-он жыл мурда башталган. Каражаттын жетишсиздигинен жана түрдүү жагдайлардан улам ара жолдо калып кеткен.

Кыргызстанда таза суу боюнча долбоорлорду жүзөгө ашыруунун күңгөй-тескейи тууралуу экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров маек курду.

Төлөнов: Таза суу талапты аткарганда болот
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:04 0:00
Түз линк
Төлөнов: Таза суу талапты аткарганда болот
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:04 0:00
Түз линк
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG