Уюштуруучулар билдиргендей, быйыл Швециядагы дүйнөлүк суу апталыгында негизги көңүл “суу жана таштанды, сууну кайра колдонуу” маселесине бурулмакчы. Стокгольмдогу Суу институту бул тема дүйнөнүн бардык географиялык диапозонуна: суунун башындагыларга да, төмөнүндөгүлөргө да, суунун булагы деңиз болгон жерлерге, шаарлар менен айылдарга да тиешелүү экенин билдирүүдө.
Быйылкы апталыкка дүйнө өлкөлөрү кандай маани берери анын соңунда билинмекчи. Ал эми былтыр жумалыкка 130тай өлкө, 330 уюм, 3200дөн ашуун адам чогулган.
Дүйнөлүк Суу апталыгын утурлай WaterAid эл аралык уюму жаңы баяндамасын жарыялап, анда 1990-жылдан бери дүйнөдө 2,6 миллиард адам таза сууга биринчи ирет жетишкени менен, бирок азыр дагы 663 миллион адам социалдык адилетсиздиктен, кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруунун начардыгынан улам таза сууну көрө электиги айтылды.
WaterAid баяндамасында ошондой эле өнүккөн өлкөлөрдүн башын кошкон Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун 2050-жылга барып, дүйнө калкынын 40% ашууну “суу стресси оор” аймактарда жашайт деген божомолун келтирет.
Сугат суу таңсыктыгы
Дүйнөдө таза суу менен катар сугат суунун болочоктогу таңкыстыгы тууралуу башка уюмдар менен иликтөөчүлөр да эскертип келишет.
Маселен, The Nature Conservancy деген уюм былтыр атайын баяндамасында сугат суунун келечектеги таңкыстыгына көңүл бурган эле. Бул уюмдун суу боюнча башкы иликтөөчүсү Брайэн Рихтер (Brian Richter) мындай дейт:
- Биздин иликтөөбүз ушул тапта дүйнөнүн дарыялары менен көлдөрүнүн, башка суу булактарынын кеминде үчтөн биринде суунун кору түгөнүүгө жакындаганын ишара кылууда. Суу булактарынын үчтөн бири дүйнө калкынын жарымына жакынынын турмуш-тиричилигин колдойт. Мындан да маанилүүсү - ал дүйнөнүн ирригация пайдаланылган айыл чарбасынын төрттөн үч бөлүгүн жабат. Бул олуттуу тынчсыздануу жараткан маселе. Мындай тынчсыздануу Швейцариянын Давос шаарында өткөн дүйнөлүк экономикалык форумда көтөрүлүп, суу таңсыктыгы кризисинин карааны глобалдык экономика үчүн эң чоң коркунучтардын бири деп айтылган.
The Nature Conservancy уюмундагы адистердин эсептөөсү боюнча дүйнөнүн суу тартыш аймактарында суу керектөөнүн 90% ашууну айыл чарбасынын ирригациясы үчүн сарпталат.
Жалпы глобалдык деңгээлде да айыл чарбасынын ирригациясы үчүн башка керектөөлөрдүн баарын кошкондогудан он эседен көп суу коротулат. Андыктан эл аралык иликтөөлөрдө азыр өзгөчө суу жетишпеген аймактарда сугат суу проблемасын чечүүдө камсыздоонун жаңы булактары менен ыкмаларына эле басым жасай берүү узак мөөнөттөн алганда кырдаалды оңдобойт, тескерисинче, мунун ордуна сууну үнөмдөө механизмин киргизүү керек деген сунуштар айтылууда:
- Биз бул маселеде фундаменталдык өзгөрүү жасап, керектөөнү башкаруу тарабына көбүрөөк көңүл бурушубуз, суу керектөөчүлөр арасында аны бөлүштүрүүнүн жакшыраак жолдорун үйрөнө баштообуз абзел. Башкача айтканда, биз сууну колдонуу укугун сатууга мүмкүнчүлүктөрдү жаратышыбыз керек. Муну ишке ашыруунун бир жолу - суу базары. Суу базары сууну колдонуу укугу сатылышына жол ачат. Бул системанын реалдуу пайдасы эмне болот? Ал сууну сактоого, сууну коргоого чоң стимул жаратат. Инвестицияга, сууну колдонуунун эффективдүүлүгүн арттырууга жол ачат. Мисалы, эгер сиз суу колдонуучу - фермер болсоңуз, суунун сиз сактап калган бөлүгү башка муктаж керектөөчүгө сатыларын, ал компенсация төлөй турганын күн мурунтан билүү менен сууну үнөмдүү, азыраак колдонуунун жолун табасыз. Мунун экинчи чоң пайдасы - эгер сиз ошол иштеп жаткан ирригациялык системанын ичинде эле сууну көп коромжу кылбасаңыз, экономикалык чыгымды азайтып, инфраструктурага ири инвестицияларды алдын аласыз. Суу үнөмдөлүп, сууну колдонуу укугун сатуу механизми киргизилсе, жаңы суу сактагычтарды, түтүктөрдү, каналдарды такай куруу муктаждыгы жаралбайт, бери дегенде бул инвестиция келечек үчүн калат, - дейт The Nature Conservancy уюмунун суу боюнча башкы иликтөөчүсү Брайэн Рихтер (Brian Richter)
"Cуу стресси"
Дүйнөнүн ресурстары институту деген иликтөө уюму 2040-жылга барып, “суу стрессине” кабылуучу 33 мамлекеттин катарына Борбор Азиянын Тажикстандан башка төрт өлкөсүн: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстанды, коңшу Ооганстанды да киргизген.
Жергиликтүү адистер суу башындагы Кыргызстан менен Тажикстандын ресурстары сарамжал башкарылбай жатканын, маал-маалы менен сугат сууну сатуу демилгеси көтөрүлгөнү менен, аймактык деңгээлде аны чогуу пайдалануунун жана бөлүштүрүүнүн узак мөөнөткө эсептелген эффективдүү системасы жоктугун айтып келишет.
Стокгольмдогу дүйнөлүк Суу апталыгында быйыл Борбор Азиянын суу илимин глобалдык түйүнгө реинтеграциялоо маселеси да атайын талкууланмакчы. Анткени апталыктын уюштуруучуларынын пикиринде, тил барьеринен, илим менен практиканы координациялоонун жоктугунан улам Борбор Азиянын илими менен академиялык чөйрөлөрү суу жана экология боюнча демилгелердин глобалдык базасында абдан төмөн болуп жатат.
Бул өз кезегинде глобалдык платформаларда жеке оюнчулардын жаралышын шарттаган, бирок чек ара аралык маселелер чектеш өлкөлөрдүн биргелешкен жана бир максаттуу аракеттерин талап кылып турат.