Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:29

Ак илбирс мөңгүнүн сакчысы


Ак илбирс
Ак илбирс

Кыргызстанда учурда ак илбирстердин так саны анык эмес. Болжол менен үч жүздүн тегерегинде экени айтылып жүрөт.

Адистердин айтымында, илбирстердин так эсебин чыгарууга техникалык мүмкүнчүлүк чектелүү. Буга чейин ак илбирстерге аңчылык кылгандарга 500 миң сом айып пул салынса, эми жаңы мыйзам долбоору боюнча ал айып пулдун көлөмү бир жарым миллион сомго көтөрүлөт.

Ак илбирс – кыргыздар үчүн эзелтен ыйык жаныбар катары сыпатталып, кыргыз элинин, кыргыз баатырларынын колдоочусу болуп эсептелип келген. Бул тууралуу Эл жазуучусу Асан Жакшылыков айтып берди:

- Ата-бабаларыбыз эгер ак илбирсти жоготуп алсак анда Ала-Тообузду жоготуп ала тургандай нуска калтырган. Мисалы, Манастын колдоочулары да ак кабылан, ак илбирстер. Ал биздин тоолорубуздун пири сыяктуу. Ак илбирс мөңгүдө жүрөт эмеспи. Ак илбирсти жоюп алсак мөңгүнү да жое турган абалга келебиз.

Жакшылыков ушундай себептерден улам Бишкек шаарынын эн белгисине да илбирс түшүрүлгөнүн мисал кылды.

Илбирсти өлтүргөндөргө жазаны күчөтүү демилгеси көптөн бери көтөрүлүп келатат
Илбирсти өлтүргөндөргө жазаны күчөтүү демилгеси көптөн бери көтөрүлүп келатат

Аталган эн белгинин автору Майрамкул Асаналиев ал эмгекти жаратардын алдында кыргыз элинин тотемдик ишенимдеринде ак илбирстин кандай орду бар экенин өз алдынча изилдеп көргөнүн айтты:

- Кыргыздарда ак илбирс тууралуу көптөгөн уламыштар бар. Кайып дүйнөдө айрым адамдардын колдоочусу кара чаар кабылан деп айтылат. Мисалы, "Манас" эпосунда "Кара чаар кабылан, капталынан чамынып..." деп сүрөттөлүп жатпайбы. Бул жаныбар тотемдик ишенимдерде да колдонулган. Кээ бир илимий түшүнүктөрдө "Шамбала" тууралуу айтылып жүрбөйбү. Ак илбирс аны кайтаруучу, эки дүйнөнү байланыштырып турган ыйык жаныбар катары эсептелет.

Асаналиев ушундан улам өзүнүн чыгармаларында негизинен эле ак илбирсти көп колдонорун кеп кылды.

"Илбирстин так саны белгисиз"

Акыркы төрт-беш жылдан бери Кыргызстанда болжол менен 280-300 ак илбирс бар экени айтылып келет. Коомчулукта ушунча жылдан бери алардын саны эмнеге көбөйбөй жатканына кызыккандар бар. Адистердин айтымында, илбирстердин табигый көбөйүшү да кыйынчылык менен коштолот. Алар үңкүргө эмес, эки жылда бир жолу таштын коңулуна экиден же үчтөн күчүк тууйт. Чоңойгончо ошол балдары да кээде аскадан учуп же башка жырткычтарга жем болуп калышы мүмкүн.

Сарычат-Эрташ коругунда он алтыдан жыйырма экиге чейин илбирс бар экенин аныктадык. Кыргызстан боюнча азыр илбирс жүргөн жердин баарына техника коюп чыкканга адам жетишпейт.
Заир Кубанычбеков

"Илбирс" коомдук фондунун жетекчиси Заир Кубанычбековдун айтымында, учурда Кыргызстанда илбирстин так саны эсептеле элек:

- Алардын санын так эсептегенге көбүрөөк убакыт, анан жакшыраак техника керек. Мындай техника учурда Сарычат-Эрташ коругуна коюлуп, биз ал жерде он алтыдан жыйырма экиге чейин илбирс бар экенин аныктадык. Кыргызстан боюнча азыр илбирс жүргөн жердин баарына техника коюп чыкканга адам жетишпейт. Азыр биз да так айта албайбыз. Мониторинг жүргүзүп жатканыбызга азыр эки жылга чуклдады. Эки-үч жылдан кийин гана так санын айта алабыз.

Кубанычбеков ак илбирс өткөн кылымдын 80-жылдарына чейин өлкөнүн тоолуу аймактарынын бир топ жеринде кездешсе, акыркы жылдары анын саны эки эсе кыскарып, Нарын, Ысык-Көл, акыркы маалыматтар боюнча Алай тоолорунда да кездеше баштагынан кеп кылды. Адистин айтымында, акыркы жети жылда илбирске аңчылык кылган бир окуя катталып, жазасын алган.

Экологдордун маалыматы боюнча учурда дүйнө жүзүндө болгону 3 миңдей ак илбирстин түрү калган. Алар Кытай, Кыргызстан, Монголия, Непал, Тажикстан, Ооганстан, Казакстан жана Өзбекстандын бийик тоолорун байырлайт.

Леонардо Ди Каприо дүйнө лидерлерин ак илбиристерди сактап калуу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүүгө үндөдү.
Леонардо Ди Каприо дүйнө лидерлерин ак илбиристерди сактап калуу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүүгө үндөдү.

Кыргызстандагы ак илбирсти коргоо фондунун жетекчиси Кубанычбек Жумабай уулу илбирсти коргоо жалпы экосистеманы коргоо экендигин түшүндүрдү:

- Илбирсти коргоо дегенде бул жеке эле илбирске коротулган акча эмес. Ак илбирс бийик тоолуу өлкөлөрдө жашайт. Алардын көбү кедей. Бир жагынан климат өзгөрүп баратат. Ошол бийик тоолуу өлкөлөр дүйнө калкынын 70 пайыздайын суу менен камсыз кылат экен. Илбирстин жеми болгон аркар, кулжалар сакталат.

Кубанычбек Жумабай уулу августтун этегинде Бишкекте ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форум өтөрүн, ага илбирстер байырлаган он эки өлкөнүн жетекчилери жана өкмөт өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык жана донор уюмдардын лидерлери, илимий мекемелердин кызматкерлери катышарын айтты.

Ал ортодо Голливуд жылдызы Леонардо Ди Каприо өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомчулукту Кыргызстанда өтө турган экологдордун ак илбирсти коргоого багытталган аракеттерин колдоого, айрым өлкө лидерлерин бул жандыкты сактап калуу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүүгө үндөдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG