Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:46

Ак илбирсти атты деген адам издөөдө


Интернетте талкуу жараткан сүрөт. Сүрөт Кыргызстанда же Тажикстанда тартылган деп жоромолдонууда.
Интернетте талкуу жараткан сүрөт. Сүрөт Кыргызстанда же Тажикстанда тартылган деп жоромолдонууда.

Жаратылышты коргоо мамлекеттик агенттиги Интерпол менен биргеликте атылган ак илбирстин жанында сүрөткө түшкөн адамдын ким экендигин жана ал кайсы жерде тартылгандыгын аныктоо боюнча иликтеп жатат.

Атылган ак илбирстин жанында жамбаштаган эркектин сүрөтүн 26-мартта казакстандык Александр Цой өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялаган. Ал дароо эле коомчулук арасында катуу талкуу жаратып, сүрөттөгү адам орусиялык ишкер Павел Тё экени да айтыла баштаган.

Кызыл китепке кирген ак илбирсти олжолоп алган кишинин сүрөтү болжол менен Кыргызстанда же Тажикстанда тартылганын Орусиянын Жаратылыш ресурстары жана экология министрлиги өзүнүн расмий сайтында жазып чыкты. Анда министрлик сүрөттөгү адамды табуу үчүн Орусия Башкы прокуратурасына жана Интерполдун Орусиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылганы маалымдалган.

Ак илбирс, Ысык-Көл
Ак илбирс, Ысык-Көл

Сүрөттү иликтөө иштерин Кыргызстандын Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги да жүргүзүүдө. Мамлекеттик ишкана ак илбирсти коргоо уюму менен биргеликте Интерполдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө кайрылган.

Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин директору Алмазбек Мусаевдин айтымында, орусиялык маалымат булактары жазган сүрөттөгү Павел Тё деп айтылып жаткан ишкердин Кыргызстанда жеке аңчылык чарбачылыгы бар экени да текшерилген.

- Кыргызстандагы аңчылык чарбаларды текшерүүгө алганыбызда Павел Тё деген адамга тиешелүү бир да чарбаны таба алган жокпуз. Балким ал башка адамдын атына жаздырып койгондур.

Учурда чуулгандуу сүрөттү текшерүүгө алган программисттер сүрөт жасалма болушу мүмкүндүгүн айтышууда. Сүрөттүн түп нускалыгынан күмөнү бар экендигин ишкер Павел Тёнун өкүлү Татьяна Алексеева да буга чейин маалымат булактарына билдирип, бул кара пиар экенин айткан.

Ак илбирсти коргойбуз акциясындагы сүрөт
Ак илбирсти коргойбуз акциясындагы сүрөт

Эл аралык “Ак илбирсти жана анын экосистемасын коргоо” программасынын катчылыгынын башчысы Кыял Алыгулова “Азаттыкка” сүрөт жасалмабы, же түп нускабы баары бир күнөөлүүлөр жазаланышы керектигин белгилейт. Анын пикиринде, сүрөт кайсы бир адамдарды ак илбирске карата аңчылыкка кызыгуусун арттырышы мүмкүн.

- Биринчи кезекте сүрөттү анализдөө керек. Эгер адистер сүрөттүн оригиналдуулугун аныктаса, күнөөлүү адам өз жазасын алышы шарт. Бирок сүрөт жасалма болуп чыккан күндө да, бул сүрөттүн жаратылышка залалдыгын эстен чыгарбоо зарыл. Коомчулук бул аракеттин ыпластыгын сезиш керек. Антпесек бир социалдык катмар тарабынан бул “мына, сейрек, кыйын колго түшө турган жаныбарды атып алдым” деген маашыркануу, мактануу катары кабыл алынышы мүмкүн. Алар үчүн бул сүрөт түрдүү жаныбарларга аңчылыкка шыктандырышы ыктымал.

Улуттук банктын ак илбирске арнап чыгарган күмүш тенгелери
Улуттук банктын ак илбирске арнап чыгарган күмүш тенгелери

Ак илбирс эл аралык, Кыргызстандын жана башка бир катар өлкөлөрдүн кызыл китептерине киргизилген, тукум курут болуп кетүү коркунучунда турган жаныбар. Акыркы эсептөөлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстанда ак илбирстин саны 270-300 деп айтылууда.

Ак илбирске аңчылык кылууга жана башка мамлекетке алып чыгууга Кыргызстанда тыюу салынган.

Ошондой эле ак илбирс Кыргызстандын символдорунун бири катары белгилүү. Анын урматына өлкөдө түрдүү кайрымдуулук жана башка иш-чаралар өткөрүлүп турат.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG