Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

Ак илбирc - Азия тоолорунун керемети


Жапайы жаныбарларды реабилитациялоо борборундагы ак илбирстердин бири. Ысык-Көл, октябрь, 2013.
Жапайы жаныбарларды реабилитациялоо борборундагы ак илбирстердин бири. Ысык-Көл, октябрь, 2013.

Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган эл аралык форум башталды.

Форумга ак илбирс байырлаган Ооганстан, Бутан, Индия, Казакстан, Кытай, Монголия, Непал, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандан өкүлдөр катышууда. Анда жок болуп бараткан ак илбирстерди коргоого жергиликтүү жана дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурдуруу маселелери талкууланып жатат. Эки күндүк бул форумдун соңунда ак илбирсти сактоо боюнча глобалдык программа кабыл алынат. Ошондой эле Бишкек декларациясына кол коюлат.

Ак илбирс - ажайып жаныбар

Негизинен ак илбирс дүйнөнүн 12 өлкөсүн гана байырлайт. Алардын бири – Кыргызстан.

Бул форумдун алдында анын уюштуруучулары Ысык-Көлдөгү Сары-Таш - Ээр-Таш коругуна пресс-тур уюштурган эле.

Улан Абылгазиев аталган корукта 10 жылдан бери иштейт. Ал корукту байырлаган ак илбирс тууралуу кеп кылгандан чарчабайт:

- Илбирс жаратылыштын эң кооз жаныбары. Сүрөт капкандан ар бир кыймылын көргөн кызыктуу. Булардын тытындылары болот, жүргөн жерлерине өз белгисин таштап кетет. Аябай сыпайы болот. Кийиктерге аңчылык кылганда аябай тыкан жүрөт. Бир жаныбарды алса, бир жума кайтарып, үнөмдөп жейт. Карышкырдай болуп кырып жибербейт. Алдына чыкканын эле ала бербейт. Аябай таза жаныбар. Адамды көрсө карышкыр же башка жаныбарлардай болуп катуу качпайт. Акырын эле, мышыктай болуп басып кетет.

Корукта жалпысынан 14 адам иштейт. Башкы корукчу Өмүрбек Курманалиев жасаган иши тууралуу буларды айтып берди:

- Коруктун ичи 14кө бөлүнгөн. Ары бир балага бирден аймак бөлүп бергенбиз. Кыштын күнү айына эки жолу кыдырабыз. Себеби бул жердин бийиктиги деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийик, кар жатканда ат менен өтүш кыйын, тээ тиги тоонун бетиндеги жолдор менен барабыз. Жайкысын болсо жумуш көп, жумасына, же он күндө бир кыдырабыз.

Сары-Чат - Ээр-Таш коругунда илбирс, аркар-кулжа өңдүү жаныбарларга байкоо жүргүзүү үчүн сүрөт капкан өңдүү заманбап жабдууларды Жапайы жаратылыш боюнча дүйнөлүк кор берген. Аталган кордун эксперти Азат Аламанов Союздун тушунда, 1980-жылдары Кыргызстанда илбирстин саны 1,5 миңге чейин жеткенин кеп салууда:

- Мурдагы Союзга кирген мамлекеттердин ичинде эң көп илбирс Кыргызстанда болчу. 1958-жылга чейин аңчылыкка уруксат бар болчу, мамлекет анын терисин 4-5 сомго сатып алчу. Бирок териси арзан болгондуктан эл өткөзчү деле эмес. Ичик жасап, үйлөрүнө илишчү. Бирок көптөр илбирстин тукумубуз деп да ишенип жүрөт. Түздөн-түз илбирске аңчылык кылгандар жокко эсе болушу керек. Анда-санда болсо болгондур. Көбүнчө суурга койгон капканга түшүп калып, кокусунан кармалып калгандар болот. Кандай адамдын илбирсти өлтүргөнгө колу барат, түшүнбөйм.

Талдоочу Аламанов илбирсти сактоо үчүн маанилүү болгон шарттарды атады:

- Кийикке аңга чыгып атышат, эчки-текени атып жатышат. Суур да илбирстин азыгы болуп эсептелет. Ошолор азайган сайын бул жаныбардын да саны азая баштайт. Ошондуктан илбирстин өзүн гана сактабастан, экосистемалык ыкма менен айланасын, жашаган чөйрөсүн сактаса ошондо илбирс сакталат. Мисалы, Сары-Чат - Ээр-Таш коругун ала турган болсок, 1995-жылы түзүлгөн, ошол кезде анын аймагында бир дагы илбирс жок деп аныкталган. Бүгүнкү күндө болсо 20-23 илбирс бар деп жатабыз.

Буга чейин Кыргызстанда бир илбирстин баасы 10 миң доллар, ал эми сыртка чыкканда 40 миң долларга чейин жетээри айтылып келген.

Жаңы жаратылыш паркы түзүлөт

Виктор Кулагин – Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы Жапайы жаныбарларды реабилитациялоо борборунун жетекчиси. Анын баамында, ушул тушта илбирстерге аңчылык кылуу дээрлик тыйылып калды. Эң кейиштүү абал өлкөдө эгемендиктин алгачкы жылдары болгон:

- Анткени ошол кезде зоопарктар үчүн жапайы жан-жаныбарларды расмий тутуп берген мергенчилер бар болчу. Алар ишсиз калган, бирок башка, чет жактан долларлуу кардарлар чыккан. Эсиңиздерде болсо керек, Оштун 3 миң жылдыгы белгиленип, той болгондо биздин кызматкерлер ар бир боз үйгө кирип, 100дөн ашык илбирс териси илинип турганын санап чыккан. Эми албетте, арасында эскилери да бар болчу. Соңку учурда мыйзам катаалдады, аңчылыкка каршы үгүт иштери жүрүп жатат, элдин да материалдык абалы оңолду. Ал эми Союздун тушундагы мергенчилер карып, ал-күчтөн тайды, алардын балдары болсо жалкоо, атасынын аңчылык өнөрүн уланткандар аз.

Азыр реабилитациялык борбордо 5 илбирс бар. Талдоочу Аламановдун маалымдашынча, бул илбирстерди жапайы жаратылышка коё берүүгө мүмкүн эмес:

- Чоң илбирстер көп убактан бери, 7-8-жылдан бери ушул борбордо кармалып, адамдын багуусуна көнүп калышты. Андан сырткары денесинде жарааттар бар, тырмактары кем. Жапайы жартылышта өздөрүн сактап жашап кеткенге мүмкүнчүлүгү жок. Андан сырткары бул жерде туулган эки күчүк да жапайы жаратылышты көрбөй, адам багуусунда болгондон кийин аңчылык кылып, азык таап, өзүн душмандардан коргонго үйрөтүлгөн эмес. Булар деген эми ушул жакта эле калышат го.

Реабилитациялык борбордогу илбирстерди негизинен эшектин эти менен багышат экен. 2009-жылы борбордо эки илбирс көзү тубаса майып туулуп, Кыргызстанда тиешелүү операция жасоого шарт жана тажрыйба жок деген жүйө менен былтыр Казакстанга биротоло берилген. Бул өз убагында коомчулукта чоң талкуу жараткан.

Антсе да өкмөт өкүлдөрү, жергиликтүү жана эл аралык уюмдар илбирсти сактоо боюнча соңку учурда иш илгерилей баштаганын белгилешет. Ушул максатта илбирс жана ал аңчылык кылган аркар-кулжа өңдүү Кызыл китепке кирген жаныбарларды коргоо үчүн Хан-Теңир деген улуттук жаратылыш паркы түзүлгөнү жатат.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин бөлүм башчысы Кылычбек Жүндүбаевдин маалымдашынча, дүйнөлүк мааниге ээ бул долбоорго бир катар эл аралык уюмдар жана кыргыз өкмөтү биригип, дээрлик 6 миллиондой доллар бөлүнмөкчү:

- Илбирсти коргоп, сактоо боюнча иш-аракеттердин планы бекиди. Өкмөттүн токтомунун негизинде 2015-2016-жылдары Хан-Теңир деген улуттук жаратылыш паркын түзөбүз. Ал Сары-Жаз өрөөнү, Түп, Ак-Суу районунун аймактарын ээлейт. Бул Сары-Чат менен бир коридорду камсыз кылат. Бул улуттук парк трансулуттук мааниге ээ болот. Анткени Хан-Теңир чокусуна альпинисттик, туристтик багытта тигил жагынан Кытай, бул жагынан Казакстан менен Кыргызстан болуп, илбирсти сактоо боюнча мамлекеттер аралык кызматташтыкты жүргүзөбүз.

Жүндүбаев бул жаратылыш паркы түзүлсө, малды жайытка жая албай калуу сыяктуу кооптонууларга негиз жок экенине ынандырууда:

- Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жаратылыш парктарында жергиликтүү калктын мал жайууга муктаждыгы эске алынып, чарбалык кээ бир иштерди жасоого мүмкүнчүлүк берилет, Өзгөчө коргоого муктаж аймактар боюнча мыйзамдын негизинде парктын жерлери тийиштүү зоналарга бөлүнөт. Ушундан улам малчыларга эч кандай бут тосулбайт. Ошондуктан кайсы жерлер чарбага пайдаланса болоорун азыр айыл өкмөттөр менен, эл менен иштейли деп чоң бөлүк кылып коюп жатабыз. Бул долбоор натыйжалуу болушу үчүн кеңсесин Бишкекте эмес, Караколдо ачабыз.

Азыр жогоруда аты аталган 12 өлкөнү жалпысынан үч миңден жети миңге чейин ак илбирс мекендейт. Кыргызстанда ак илбирстердин саны болжол менен 300 чакты.

XS
SM
MD
LG