Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 20-январь, 2020 Бишкек убактысы 18:40

Диний ишеним илимди чектебейт


Канатбек Мурзахалилов менен Ибрагим Абдиев.

Динде аялдардын илимдин түрдүү бутактарында эмгектенишине чектөө болбосо да, көп учурда айымдарга мамиле анын тетирисин көрсөтүүдө.

Диний ишеним дүйнөбий илимдерди үйрөнүүгө эч кандай чек койбойт, бирок айрым топтор бул эрежеге баш ийгиси келбейт. Мындай маселе дээрлик бардык диндерде бар. Калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн Кыргызстанда ушул чөйрөдөгү тенденциянын абалы жана анын болжолдуу келечеги тууралуу «Биз жана дин» түрмөгүндө кеп кылдык.

Теманы эксперт Канатбек Мурзахалилов Иорданиянын Улуттук университетинин «Ислам укугу» бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү, теолог Ибрагим Абдиев менен бирге талдоого алды.

Канатбек Мурзахалилов: - Илим менен дин дайыма өз ара жакын мамиледе болуп келген. Taрыхта алардын катышы түрдүү формаларда чагылдырылган. Көчүлүк мусулман ойчулдары «илим менен дин бири-бирине каршы эмес, тескерисинче шайкеш багытта» деген идеяны илгери айтышкан жана өнүктүрүшкөн. Ушул өңүттөн алып караганда ислам дини илимге жана билим алууга кандай көз карашта?

Ибрагим Абдиев: - Ислам - башка диндерге караганда илимге жана билим алууга өтө терең көз караш менен караган дин. Мисалы, аалымдар айтат: «Эмне үчүн пайгамбарыбызга эң биринчи – «Оку!» деген аят түшүрүлдү? «Намаз оку, зекет бер, ажыга бар» деген аят түшпөдү? Себеби, адам баласына ыймандан кийин эң биринчи илим зарыл. Экономикада илим зарыл, жашоо-турмушта, саясатта да илим керек. Илим болбосо адам баласы өнүкпөйт, жада калса мамлекет да өнүгүүсүн токтотот». Ошон үчүн эң биринчи аят «Оку!» деп түшүп, илим алууга негиз түзгөнүн аалымдар да чечмелеп айтып келишет.

Канатбек Мурзахалилов: - Куранда жана пайгамбардын сүннөтүндө мусулмандарды илим алууга чакырган аяттар, хадистер барбы?

Ибрагим Абдиев: - Ооба, бар. Аалымдар айтат: «Эмне үчүн Алла-Таала пайгамбарыбыздан: «Мухаммед, сен менден дүнүйө-мүлк, мансап же башка нерсени талап кыл» деген жок, «эң биринчи илимди талап кылгын» деди? Себеби, адам баласына ыймандан кийин эң зарыл болгон нерсе - бул илим. Ошон үчүн «менин илимимди көбөйткүн, о, Аллахым» деп сураган аят келет. Пайгамбардын дагы бир хадисинде «илимди Кытайга барып болсо да алгыла» деп айтылат. Аалымдар бул хадисти «ал убакта арабдарга Кытай өлкөсү өтө алыс болуп сезилген. «Ошончолук алыс аралык болсо да илим алгыла» деген» деп чечмелешкен.

Канатбек Мурзахалилов: - Жалпы эле ислам дини, мусулман аалымдары кайсы илимдерге олуттуу салым кошушкан?

Ибрагим Абдиев: - Негизи, VII кылымдан XVII кылымга чейин ислам дүйнөсүндө илим өтө жакшы өнүккөн. Бул тарыхтан белгилүү. Мисал катары Ибн Синаны айта турган болсок, ал жалаң эле медицинага эмес, башка илимдерге да салым кошкон. Ибн Синанын «Китаб ал-Канун» деген эмгеги болгон. Бул китеп XII кылымдан XVI кылымга чейин, башкача айтканда 400 жыл Европанын белгилүү университеттеринде негизги китеп болуп окутулуп келген. Ибн аль-Хайсам деген аалым болгон. Анын көз оорулары, аны дарылоо, көздү изилдөө боюнча өтө көп эмгектери бар. Ал эми Беруни - химияга өтө көп салым кошкон окумуштуу. Хо­резми жөнүндө айта кетсек, анын да математикага кошкон салымы чоң. Мисалы, биз колдонгон сандар кайдан келди? Аны да мусулман аалымдары ойлоп тапты. 1,2,3…ушулардын баарынын рүкүндөрүн сызып, ойлоп чыгарган. Рүкүн деген бул үч бурчтук сыяктуу да. Ошону ойлоп, цифраларга чейин математикага киргизишкен. Философияга Имам Рази, тарыхка Ибн Хулдун, Ибн Батута чоң салым кошушкан. Ал эми Бирка 120 миң чакырым жерди изилдеп, Азия, Европа, Африка элдеринин жашоо шарттарын үйрөнүп географияга салым кошкон.

Канатбек Мурзахалилов: - Негизинен биз, мусулмандар, кайсы илимдерге айрыкча көңүл буруп, аларды окуп үйрөнүшүбүз керек?

Ибрагим Абдиев: - Исламда «бир илимди оку» деген чек жок. «Бир эле дин илимин окуш керек, башканы окуунун кереги жок» деген туура эмес. Ислам дининде, пайгамбарыбыздын айтуусу боюнча «адам баласы өзүнө пайдалуу илимдердин баарын алганга аракет кылышы керек». Медицина, экономика, математика, химия, биология болобу - булардын баары адам баласынын жашоосуна пайдалуу, анын жашоосун жеңилдете турган илимдер. Буларды окуп, пайдалануубуз зарыл.

Канатбек Мурзахалилов: - Илим – исламдын жашоосу, ыймандын түркүгү экендигин айтыңыз. Илим алууда эркектер менен аялдардын укугу бирдейби?

Ибрагим Абдиев: - Илим алуу жаатында исламда эркек менен аялдын айырмасы жок десек болот. «Илим талап кылуу ар бир мусулманга парз кылынды» деген пайгамбардын хадиси бар. Бул жерде «ар бир мусулманга» деген сөз «эркекпи же аялбы, айырмасы жок» дегенди билдирет.

Мен АКШда окуп жүргөндө көп америкалыктар менен бул теманы сүйлөшүп, талкуулап калдык. Алар «ислам дининде аялдардын акысын бербейсиңер, аларды окутпайсыңар» деп айтышчу. Мен аларга да көп жолу түшүндүрүп, айтып бердим, «ислам дини илим алууда бөлүнбөйт. Эркектер илимге кандай муктаж болсо, аялдар да ошондой муктаж» деп. Арабдардын мындай сөзү бар: «Аялдар - коомдун жарымы. Коомдун жарымын да аялдар төрөйт». Ошон үчүн аялдар - биздин апалар, эжелерибиз, карындаштарыбыз - билимдүү болсо, биздин коом да билимдүү болот.

Канатбек Мурзахалилов: - Учурда өлкөбүздө диний билимдин жеткиликтүү болбой жатканынан улам түрдүү багыттагы жааматтар өз ишин күчөтүп, айрыкча жаштардын радикалдуу уюмдарга тартылып жатышканын байкасак болот. Бул өз кезегинде Кыргызстандагы диний кырдаалга да терс таасирин тийгизип жатканы жашыруун эмес. Сиздин пикириңиз боюнча бул абалды тиешелүү мамлекеттик органдар, муфтият кантип жөнгө салышы керек? Өзүңүз он жылга жакын билим алган Иорданияда, АКШда ушул сыяктуу тажрыйбалар барбы?

Ибрагим Абдиев: - Негизинен Кыргызстандагы диний чөйрөдөгү көп кыйынчылыктар - жетиштүү илимдин жоктугунан, сабатсыздыктан келип чыкан нерселер. Ушуга байланыштуу өзүмдүн жакын таанышым тууралуу бир эле мисалды айтып берейин. Бир күнү үйүнө барсам, экинчи жана үчүнчү класстагы балдарын мектепке жибербей коюптур. Мен таң калып себебин сурадым. Ал болсо «азыр мектептер болбойт. Буларды Кудай тарбиялайт» деп жооп берди. Бул көрүнүш адашкан радикалдуу агымдар кирген адамдардын ой-пикири болуп жатат да. Мен ага: «Байке, балдарды мектепке бериңиз. Мектеп – бул адамды агартып, илим бере турган жер. Балдар мектепке барсын, окусун, таалим-тарбия алсын. Алла адамга ыйман берет, хидаят берет. Алла ыйман, хидаят бербесе, аны эч ким бере албайт. Бирок илимге, адеп-ахлакка, тарбияга адам баласы өзү аракет кылышы керек. Биз «Кудай тарбиялайт» деп, аларды мектепке жибербей, окутпай койсок, анда биздин келечегибиз эмне болот?» - дедим. Анткени ал туура эмес түшүнүк. Биз балдарыбызды окутпай, алар сабатсыз калгандыгынын зыяны көбүрөөк болуп калат.

Көбүнчө биз айылда жүргөндө аксакалдар айтат эле: «Диний окууда эле окуй бербейсиңерби? Орустун окуусун эмне кыласыңар?» деп. Жок, бул да ката нерсе. Алардын «орустун окуусу» дегени - дүйнөбий окуулар, адам баласына керектүү илимдер. Ошол эле географияы, химияны, математиканы, астрономияны арабдар деле, пакистандыктар деле окуйт. Бүткүл адам баласы окуйт. Алар - жалпы адамзатка керектүү илимдер.

Жаштарыбыздын радикалдуу болуп бара жатканынын негизги себеби - илимсиздиктен, билимдин аздыгынан, биздин туура багыт бере албагандыгыбыздан. Менин тиешелүү органдарга сунушум: жаштарга, балдарыбызга мектептен дин тууралуу маалымат беришибиз зарыл. «Дүйнөдө кандай диндер бар, алар кандай агымдарга бөлүнөт, кайсы агымдары радикалдуу, кайсынысы радикалдуу эмес?» деген түшүнүктү алар талдап билиши керек. Динди балдарга мектептен, жогорку окуу жайларынан жакшы түшүндүрсөк, алар анча бат адашып кетпейт. Себеби, аларда дин жөнүндө билимдин пайдубалы бар. Кайсынысы туура, кайсынысы ката экенин билет. Биздин мамлекетибиз, жол башчыларыбыз, аалымдарыбыз, билим берүү системасындагы кызматкерлер - баары чогулуп, биздин улутубузга, салтыбызга туура келген, ата-бабабыздан калган динибизди кеңири кылып түшүндүрүшүбүз керек.

Азыр мектептерге «Дүйнөлүк диндердин тарыхы» деген сабактар киргизиле баштады. Бул сабакты деле окутса болот. Бирок ага караганда «Диндер жана алардын агымдары» деген предметти мектептен кененирээк бере баштасак, окуучуларга пайдалуу болмок. Алар адашып кетмек эмес. Биздин жарандар, айрыкча жаштар согушка болгон жерлерге кетип жатышат. Алардын көпчүлүгү илимсиздиктен, түшүнбөгөндүктөн азгырылып, адашууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (23)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG