Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 03:30

Динде сыйкырга орун жок


Элмурат Кочкор уулу.

Туура нерсени туура жол менен жеткирүү аябай зор мааниге ээ экен.

Жеке тажырыйбамда исламга көз карашы жакшы болбогон окурмандардан ушул нерсени көп байкадым десем болот.

Адатта мусулманчылыкты, исламды жактырбаган окурмандардын каршы чыгуу себептерин карап көрүп, кемчиликтин эң башында диний баалуулуктарды туура чагылдыра албоо турат го деген тыянакка келдим.

Ушу күндө бүткүл мусулман чөлкөмүндө, дин, сыйкыр же сыйкырдуулук (сырдуулук, мистика) жана мифологиянын бири-биринен так, туура айырмаланбай жатканы көрүнүп турат. Албетте бул үчүн балким, эң алгач дин менен билимдин катышы туура иликтениши керек. Билимге басым жасалбаган жерде төгүлгөн көз жаш токтобой, бактысыздык байырлары мыйзам ченемдүү нерсе.

Диний сукпаттардын көбүндө эле сыйкырга, мифологияга байланышкан бир топ фрагменттер кездешет. Тактап айтканда бүгүнкү билимдин эрежелерине каршы келген нерселер диний китептерде, сукпаттарда кеңири орун алган. Мындай көрүнүштөр акылдуу, баам - парасаты ордунда адамдардын динге болгон ишеничин кетирип, мусулмандардын аброюна көлөкө түшүрөт.

Физикага жана метафизикага чабуул

Диний насаат айткан молдоке, ажыке, таксырлардын ишин оңойлоштурган бир фактор бар. Аны "тажрыйбага жабык "фактылар" казынасынан эсепсиз колдонуу укугу" деп атай туралы... Тактап айтканда бул абал акырет, Кудай, мазар, бейиш, тозок сыяктуу темаларда коркпой, ойлонбой туруп өкүм берүү; Мадумаров айткандай, "арабаны алдына байлап ат чапканга" окшоп кетет. Мындай аргументтер чама-чаркын билбей карыз алып, жыргаган кишинин абалын элестетет.

Бул темалар философиянын метафизика бөлүмү караган маселелер. Ал жерде тажрыйба жок, бирок өзүнүн усулдук өзгөчөлүгү менен бир канча так маалыматка, жоромолдорго баруу мүмкүн.

Мусулман дүйнөсүндө илимден кабар албай туруп өкүм чыгаруу кадимки көрүнүшкө айланып калды. Алсак "...маркумду мазар минтип кысат, тигинтип кыйнайт, келген периштелер минтип суракка алат, ж.б." сыяктуу нерселер кулакка жат деле учурабай калды. Буга кошумча бейиш менен тозокту сүрөттөөдө, физиканын эрежелерине каршы келген бардык кубулуштарды "Кудайдын кудурети" деп чечмелемиш болгондорду көрүүгө болот.

Бүгүн илимий чөйрөгө барып, "Кудайдын кудурети менен дарак сүйлөп жибериптир", "бир дубаны окуп эле рак оорусун айыктырып жибериптир", "мусулмандарга каршы келе жаткан аскердик учакты бир назар салып кулатып жибериптир" деп айтсак, илимпоздор биз жана биздин динибиз тууралуу кандай ойдо калат болду экен?

Бул абал - биздин илим-билимден четтеп калганыбызды айгинелегендей эле, Курандан да алыстаганыбызды да көрсөтүп турат. Анткени Курандагы "аадатуллах" же "суннатуллах" деген терминди туура контекстте окуган адам, табияттын физикалык закон ченемдүүлүктөрүн Кудай жаратканын, аны изилдеп таап инсанияттын пайдасына колдонуу вазыйпасын адамга жүктөгөндүгүн, ал мыйзам ченемдүүлүктөрдү кыяматка чейин өзгөртпөй сактаарын түшүнмөк, аңдамак.

Тилекке каршы, Куран кылымдар бою ооруп калган кишиге дем сала турган, өлгөн кишиге багыштап тилават кылууга гана жараган, намаз окуганда окула турган гана китеп катары кабыл алынып калган. Мындай түшүнүктөн арылып, Куранды адамдык өнүгүүдө бир нуска-жол көрсөтүүчү деген перспективадан окууга муктажбыз.

Медицинага чабуул

Ажыкелердин биринин «... бир кашык таза балды, кайнаган сууга аралаштырып ичүү, бардык боор ооруларына даба...» деген пикири чыкты.

Жаңылбасам, бул пикирди бир хадиске таяп айтты окшойт. Бул тармакта тийиштүү тармактын (медицина) адистери ажыкелерди бир аз тартипке чакырып койсо болот. Анткени бул жер метафизикалык аянт эмес; т.а. ар түрдүү сыйкырга, мифологияга же жөө жомокко байланыштуу нерселерди айтып, "Кудайдын кудурети" деп ишендире берүүгө бул жаат уруксат бербейт.

Болбосо ажыке ошол балы менен кайнак суусун алып келсин. Аны бир канча боору ооруган адамга ичирели. Эгер айыгып кетсе, ажыкеге таазим. Эгер бал кошулган суу бейтапка жардам бербесе, ажыке догдурлардан кечирим сурап, медицина тууралуу сүйлөп, кеңеш бергенин токтотсун.

Мен муну эмне үчүн айтып жатам? Анткени куулук-шумдуктан алыс кээ бир замандаштарыбыз молдо же табыптан укканын кылам деп оорусун өтүштүрүп алган учурлар бар. Кудай берген ден соолук деген улуу байлыкты - кесибинин чегин билбеген кишиге аманат кылууга болбойт!

"Тигил аятты окуп дем салса кедей болбойт", "бул дубаны окуса жолу ачылат", "тигил сүрөөнү үч жолу окуп дем салса, баш оорусу сакаят", "мобул дубаны окуса түшүмү мол болот" деген сыяктуу экономикадан тартып, айыл чарбага чейин "жараган" дубалар бар. Анда министрликтердин баарын жоюп, дуба жаттаган кишилерди отургузалы... Маселе чечүүнүн жолу оңой экен да. Дүйнөлүк тажрыйба жылдар бою туура тыянакты башка жактан эле издеп жүрө берген го...

Кудум ушундай эле маңызда биологдун, саясат таануучунун, укукчунун, жада калса сексопатологдун жооп бериши керек болгон суроолордун дээрлик баарына шырылдатып жооп берген ажыкелерибизди да көрдүк.

Акыркы учурда тийиштүү ажыкенин суроо-жооп кылган теле берүүлөрү, каналды өзгөртө калуу үчүн стартта турууну талап кылып калды. Адатта жакшы эле нерселерди сүйлөйт бирок бомбанын качан капыстан жарылып кетишин билбей калдык. Менимче, ажыке өзүнүн кесибине тиешеси жок суроолорду "..бул суроолорду мага эмес, өзүнүн адисине берсеңиз эң туура болот" деген пазилеттүүлүктү дайыма көрсөтө алса сонун болмок.

Каршы чыгуулар

Бул макалага башта Куран Каримдеги бир канча окуялар баш болуп, диний адабиятыбыздагы мисалдар аркылуу бир топ каршы пикирлер айтылаары анык.

Тактап айтканда, Ибрахим пайгамбардын отко ташталган учурда күйбөгөндүгү, кайра эле Ибрахим пайгамбардын уулу Исмаилди курмандыкка чалуу аракети, Мухаммед пайгамбардын айды экиге бөлгөнү, Иса пайгамбардын маркумдарды тирилткени, закым (мираж) окуясы сыяктуу бир топ окуялар айтылат.

Курандагы окуялар адатта башка бир маанини туюндуруу максатында айтылгандыгы, анткени тийиштүү доордун адабий тили так ушундай таризде болгондугун жактаган, илимий негизге көбүрөөк таянган жоромолдор аз эмес. Аятты эмес аяттын жоромолун четке кагуу - толугу менен илимий эркиндик болуп саналат.

Сунуш

Менин дагы бир сунушум бар. Келиңиздер ойноп сүйлөсөк да ойлонуп сүйлөйлү, жети өлчөп бир кесели. Диний булактарда жазылып калгандын баарын туура деп кабыл алуудан оолак бололу; акыл калчайлы, анализ жүргүзөлү. Куранда айтылганды түз мааниде кабыл албай, маңызына жетүү үчүн илимге багыт алалы.

Уккан учурда да жок дегенде мектепте окуган физика, биология, математика, география сабактарындагы негизги эрежелерди эске алалы. Айтылгандар илимий талапка жооп бергенде гана туура болуу ыктымалы болорун эстен чыгарбоо керек. Антпесе, билимдүү адамдардын исламга көз карашы түзөлбөйт. Башкача айтканда, ислам - илим-билимдүү катмар менен тил табышпай кала берет, тилекке каршы.

Жогоруда айтылган диний түшүнүктөгү адамдар да - биздин, Кыргыз мамлекетинин адамдары. Аларды шылдыңдоодон, кемсинтүүдөн алысмын. Балким алардын бир тобу жогоруда айтылган шек-күмөндөр менен жашап жүрөт. Кеңешкенге адам таппай, "сырымды төксөм, динден чыгып калбайын" деп жүргөн чыгаар балким. Мындай адамдар диндеги эркиндикти билсе экен, исламдын илим-билимге канчалык түз көз карашта экендигин, Кудайды каардуу монстр (бөкөчө) эмес, каалаганына физикалык эрежелерди ашып өткөн күч берип, кээ бирин аларга баш ийдирген адилетсиз зат эмес экендигин билишсе деген тилегим бар.

Өзгөчө Кудайдын жердеги ишенимдүү адамы болуп, Кудайдын атынан кесе сүйлөгөн кишилер, аныгында кадимки, эч кандай артыкчылыкка ээ эмес, катардагы адам экендигин билишсе, аңдашса дейм. Канчалаган адамдардын, өзгөчө жаштардын ушул сыяктуу туура эмес диний түшүнүктөрдөн улам жашоосу, келечеги, кыялдары талкаланып жаткандыгы жалганбы?

Сынга алынган ажыкелер эгер чындап акыйкат үчүн жашаган, мындайча айтканда накта Кудайдын адамы болсо, менин сыныма таарынбайт деп үмүт кылам. Анткени мен да Кудайдын дини туура жеткирилсин, эл бактылуу жашасын деген максат менен кыйшык жерди түзөтүүнүн дартында болуп жатам. Эми бул биздин кылымдар бою ырбап келе жаткан жарабыз. Муну айыктырыш оңойго турбайт, көп эмгек, көп убакыт талап кылынат. Ошентсе да отко ыргытылган Ибрахим пайгамбарды өрттөн куткарууга салым кошом деп суу ташып бараткан кумурска сыяктуу колдон келген аракетти кыла бериш керек деп эсептейм. Сөзүмдү болсо "Аракет бизден - ийгилик Кудайдан" деп бүтүрөйүн.

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG