Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:55

Сузакта уруксат ала элек медресе түптөлүүдө


Сузак районунун Таштак айылында курулуп жаткан медресенин орду. 30-январь, 2020-жыл.
Сузак районунун Таштак айылында курулуп жаткан медресенин орду. 30-январь, 2020-жыл.

Сузак районунда араб демөөрчүлөрүнүн эсебинен 23 млн. сомдук кыздар медресесинин курулушу башталды. Бул демилгени айыл тургуну көтөрүп, курулушка өз жер тилкесин өткөрүп берген. Бирок облустук казыят жана башка тийиштүү кызматтар азырынча курулуш иштерине уруксат болбогонун билдиришти.

Адистер аймактар азыр көбүрөөк мектептер менен бала бакчаларга муктаж болгонун билдиришет.

80 орундуу кыз-келиндер медресесинин курулушу ушул жуманын башында башталды. Сузак районунун Таштак айылынын тургуну ага өзүнүн жер тилкесин берген. Учурда имараттын пайдубалы түптөлүп жатат.

Таштак айылынын башчысы Тургунбек Керимкулов бул саамалык элге пайдалуу болуп жатканын айтты:

Тургунбек Керимкулов.
Тургунбек Керимкулов.

- Медресенин курулушу боюнча айылдын тургуну, жеке ишкер аял демилге көтөрүп, өзүнүн 12 сотук жер тилкесин берди. «80 орундуу эки кабаттуу жатак тибиндеги кыздар медресеси болот» деп айтып жатышат. Негизги демөөрчүлөр арабдар экен. Мында 2 жыл 6 ай аралыгында куран жаттоо менен кошо кыз-келиндерге ашпозчулук, тигүүчүлүк жана айдоочулук курстары да өтүлөт. Бул эң негизгиси элге пайдасы тийген курулуш болуп жатат. Бул жумада курулушу башталды, жергиликтүү тургундар усталарга жардам берип жатышат. Демөөрчүлөр «мындан кийин айылга бала бакча салып беребиз» деп айтып жатыптыр.

Сузак району, Таштак айылы. 30-январь, 2020-жыл.
Сузак району, Таштак айылы. 30-январь, 2020-жыл.

Таштак айылында 600 түтүн эл жашайт. Медресенин курулушуна айылдыктар кол кабыш кылып турушат. Кызыл-Туу айыл өкмөт башчысынын орун басары Максат Матиев медресенин документ иштери толук бүтө элек экенин айтты:

- Учурда медресе ишке берилген соң жеке менчик же муниципалдык болобу деген маселе чечиле элек. Эгерде медресе шарият жолунда жаштарга туура багыт берсе биз колдойбуз. Радикалдашып, багытын туура эмес жакка өзгөртсө каршыбыз. Азыр толук курулуш иштери баштала элек жана имараттын долбоору, документ иштери да даярдалган эмес. Учурда жөн гана «медресе курабыз» деген максат болуп жатат.

Маалыматтарга караганда, медресенин курулушу ушул жылдын май айында аяктап, пайдаланууга берилет. Мында 9-11-класстын базасында кыздар кабыл алынып, кошумча кесиптерге да окутулат. Жалал-Абад облустук казыятынын бөлүм башчысы Арпидин Жороев диний окуу жайларын уюштуруунун мыйзамдуулугун мындайча түшүндүрүп берди:

Арпидин Жороев.
Арпидин Жороев.

- Айылга медресе ачууда же салууда биринчи кезекте казыяттын атына 200 жергиликтүү тургундун колу коюлган кайрылуусу керек. Же болбосо айылда өткөн жыйындын протоколу болууга тийиш. Жергиликтүү бийликтин «ошол жерге медресе ачса болот» деген макулдугу да керек болот. Андан соң гана биз тийиштүү башка кагаздарын даярдоого уруксат беребиз. Куруучу тарап Мамархитектурадан, Мамэкотехинспекциядан медресенин имаратын курууга уруксат кагаздарын алат. Баары бүткөн соң медресенин иштөө тартиби жана анын мугалимдери, окуучулары боюнча маалыматты муфтиятка жөнөтөбүз. Ал жактан медресенин мүдүрүнө буйрук чыккандан кийин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан күбөлүк алат жана Юстиция министрлигинен каттоодон өтөт. Мына ушул процесстен кийин гана медресенин иштешине уруксат берилет. Сузактагы медресенин курулушуна жергиликтүү бийликтен уруксат кагаздары келе элек. Медреселердин көбөйгөнү келечек үчүн пайдалуу жана коркунучу жок десем болот. Анткени ал жерде ыйманга, жакшылыкка үндөп, адамдарды калыс болууга тарбиялашат.

Медресенин курулушуна Сузак райондук архитектура мекемеси уруксат бербегенин кабарлады. Ал эми Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Сузак району жана Жалал-Абад шаары боюнча аймактык башкармалыгы курулуш боюнча маалымат жок экендигин билдирүүдө. Сузак районунун акиминин орун басары Төрөгелди Түркбаев бул туурасында мындай дейт:

- Буга чейин өздөрүндө болгон типтүү долбоорго ылайык курулуш иштерин башташкан. Азыр курулушка жерин даярдап жатышат. Аны менен катар документ иштерин да бүтүрүп жатышат. Биздин практикада курулуш менен катар документ даярдоо бирге аткарыла берет. Бул жерде сырттан келген инвестицияны өз убагында кармап калуу максатында курулушту баштап жиберишти. Биздеги маалымат боюнча медресе «Асанабил» кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен курулуп жатыптыр. Былтыр ушул эле фонд ошол айылга ФАП жана мечит салып берген болчу.

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн имараты.
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн имараты.

Таштак айылы курамына кирген Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө жалпысынан 20 айыл бар. Мында болгону 15 мектеп жана 4 гана бала бакча иштейт. Аймакта мектепке жана бала бакчага болгон муктаждык жогору. Таштак айылынын өзүндө бир да бала бакча жок. Жергиликтүү талдоочулардын бири Узакбай Маматкулов жергиликтүү бийлик билим берүү тармагына көбүрөк инвестиция тартышы зарыл деген оюн айтты:

- Мусулман динин тутунат экенбиз, бизге мечит, медресе жана башка диний окуу жайлары керек. Мен алардын курулушуна каршылыгым жок. Бирок азыркы убакта алардын саны жетиштүү деңгээлге жетти десек болот. Ошол себептүү эми көбүрөөк социалдык объектилерге, анын ичинен билим берүү тармагына көңүл бөлүшүбүз керек болуп жатат. Анткени азыр бала бакча менен мектептерге болгон муктаждык аябай чоң маселе болуп турат. Бир класста 45тен бала окуган мектептен кайсы билим сапатын күтөбүз? Келечек муунду, өлкө тагдырын ойлосок анда билим берүү тармагына инвестиция салышыбыз зарыл деп билем.

Жалал-Абад облусунун аймагында 11 медресе, 5 диний окуу борбору жана бир институт иштейт. Аларда билим алган 800гө жакын окуучулардын 85% кыз-келиндер түзөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG