Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 7-апрель, 2020 Бишкек убактысы 12:07

Түрдүү ишеним, ымала жана ынтымак


Расул Момуналиев.

Кыргызстанда түрдүү диний көз карашты кармангандардын өз ара ымаласын талдайбыз.

Ар кандай диний ишенимдеги адамдардын бири-бирине терс мамилесинин күчөп баратканынын себеби эмнеде? Сабырдуулук жана диний чыдамкайлык маданиятын коом арасында кантип калыптандырыш керек? «Азаттык» радиосунун «Биз жана дин» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышынын өзөгүн ушул суроолор түздү.

Теманы эксперт Канатбек Мурзахалилов менен «Дин жана демократия боюнча конструктивдүү пикир алышуу» долбоорунун менеджери Расул Момуналиев талкуулады.

Канатбек Мурзахалилов: - Акыркы жылдары Кыргызстанда динчил адамдар туруктуу көбөйүп баратканы жашыруун эмес. Диний практика өзгөчө жаштар арасында актуалдашып, орто жаштагы, улгайган курактагы адамдар динге астейдил, кээ бир учурда көңүлкош мамиле кылып жатканын тажрыйба көрсөтүп жатат. Коомдо, айрыкча жаштар арасында башка диний ишенимди карманган адамдарга карата кастык күчөп жатканы да байкалат. Бул феноменди кандайча чечмелеп берет элеңиз?

Расул Момуналиев: - Кастык жаштар арасында диний негизде күчөп жатат дегенге толук кошула албайм. Кастык учурлары жаштар арасында кездешет. Аны жокко чыгара албайбыз. Ошол эле учурда кастыктын себептерин карап көрүш керек. Биринчиден, кастыкка диний сабатсыздык, диний маалыматтын жетишсиздиги негиз болот. Диний маалыматтын жетишсиздигинен улам кээ бир жаштар өзүн тутунган дини менен бирге карап, башка көз караштагыларды жектеши мүмкүн. Бирок бул көрүнүш бардык эле диний көз карашты карманган жаштарга таандык нерсе эмес. Диний маалыматтар жаштарга туура жеткирилсе, анда өтө деле орчундуу маселе келип чыкпайт эле.

Канатбек Мурзахалилов: - Өлкөдө диний негизде пайда болгон ар кандай жергиликтүү чыр-чатактар бар экени факт. Бул көрүнүш диний азчылыкты түзгөн протестант уюмдардын өкүлдөрүнө гана эмес, бир диндин ичиндеги ар кандай жааматтардын арасында да орун алып, диний ынанымды басмырлоонун алкагында болуп жатканын көпчүлүк талдоочулар белгилеп келе жатышат. Түрдүү диний көз карашты карманган адамдардын бири–бирине кылган терс мамилелеринин өсүш тенденциясы, ага жаштардын катышуусу эмнеден кабар берет?

Расул Момуналиев: - Жаштар өзүнүн курактык, жаштык, психологиялык өнүгүү жагынан алганда эмоционалдык жактан бир нерсени бат кабыл алып, ага берилип кетет. Ошондуктан диний чакырыктарга да алар тез берилишет.

Дин эмоцияга, чакырыктар эмоцияга багытталгандыктан, жаштарды анча-мынча терс жакка багыттап коюш оңой дебейм, бирок мүмкүн. Толеранттуулукту, диндин сабырдуулугун жаштарга жеткирүү абдан маанилүү. Диний чөйрөдө болуп жаткан ар кандай жергиликтүү чыр-чатактарды көбүртүп, ашырып айта берсек анда түшүнбөстүк менен коштолгон жагдайларга туш боло беребиз.

Биздин долбоордун алкагында ар түрдүү диний көз караштарды карманган жаштар арасындагы карым-катнаш жөнүндө изилдөө жүргүзгөнбүз. Изилдөөдөгү суроолорду талдаганда жаштар башка динди карманган адамдарга көбүнчө эч кандай сын көз караш менен карабай турганы аныкталды. Жаштардын баары «биздин динибиз башка диний көз караштагыларга сабырдуулук менен карайт» деген принципти билет экен. Ошол эле учурда күндөлүк турмуш-тиричиликке байланышкан, каза болгон адамды жерге берүүдө маселелер келип чыгууда. Бул көйгөйлөрдүн алдын алууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү диний уюмдар өз ара келишимдерге келип, белгилүү эрежелерди түзсө, менимче эч кандай олуттуу маселе жаралбайт.

Канатбек Мурзахалилов: - Бул багытта башка мамлекеттердин тажрыйбасына токтоло кетсеңиз.

Расул Момуналиев: - Диний чөйрөдө башка мамлекеттердин кандай тажрыйбасын алсак да биздин шартка, менталитетке, ой жүгүртүүгө, психологияга алып келип коюу татаал маселе. Албетте, жакшы жактарын карап көрсөк болот. Бирок аларды биздин жагдайга кантип туура колдонууну байкап көрүш керек. Бул жаатта мисалдар абдан көп. Алсак, дүйнөбий түзүмдө өнүгүп келе жаткан Түркия, Малайзия мамлекеттерин карап көрсөк болот. Албетте, биздин өзүбүздүн бул багытта программаларыбыз, стратегияларыбыз болушу керек.

Борбордук деңгээлде бул багытта түрдүү диний уюмдар, мамлекеттик органдар иш алып барып жатышат. Акыркы үч-төрт жыл ичинде иши мурда солгундап калган «Дин аралык кеңеш» кайра ишмердүүлүгүн жандандыра баштады. Дин аралык ар кандай иш-чаралар да байма-бай өтүп турат. Ага жаштарды кийлигиштирүүгө да аракеттер жасалып жатат. Бул иштерге бизге окшогон долбоорлор да көмөктөшүп келет. Бирок бул иштерди мамлекеттик органдар менен диний уюмдар жер-жерлерде күчөтүшү керек.

Борбордук деңгээлде иш жүрүп, түрдүү диний уюмдардын өкүлдөрү бири-бирин түшүнүп жатышат. Бирок аймактарда маалымат жетишпегендиктен бардык диний жааматтардын арасында түшүнбөстүк бар. Өлкөдө ислам динине ишенгендер көпчүлүк болгондуктан башка дин өкүлдөрүнүн «бизди мусулмандар басынтып жатат» деген стереотиптен алыс болушубуз керек. Андай көз караштар туура эмес болуп калат. Кээ бир учурларда азчылыкты түзгөн диндердин өкүлдөрү да чагымчыл мааниде сөздөрдү айтып коюшат. Бул убакта кастыктын температурасы көтөрүлүп кетиши мүмкүн.

Канатбек Мурзахалилов: - «Сабырдуулукка, толеранттуулукка байланышкан түшүндүрүү иштери борбордук гана деңгээлде жүргүзүлүп, жергиликтүү деңгээлге түшпөй жатат» деп айттыңыз. Муну кайра күчөтүш үчүн мамлекет, ошол эле эл аралык уюмдар, диний уюмдардын өкүлдөрү кандай аракеттерди жүргүзүп, жергиликтүү масштабда бул иштерди ыкчамдатышы зарыл?

Расул Момуналиев: - Мен өзүм эл аралык уюмда иштеп, долбоорду башкарсам да диний маселелерге эл аралык уюмдардын кийлигишүүсүн көп жактыра бербейт элем. Анткени дин - адамдын баалуулугу, ишеними менен байланышкан маселе. Эл аралык уюмдар диний маселелерге киришкенде бул кандай натыйжа берери, кайсы векторго багытталары кичине опурталдуу. Ошондуктан мамлекеттин өзүнүн бир стратегиясы, багыты болушу зарыл. Биздеги дин маселесин тескеген органдар менен дин өкүлдөрү тыгыз иштеши керек.

Саясий түрдө чечимдер борбордук деңгээлде кабыл алынганы менен анын жүзөгө ашырылышын жер-жерлерде көзөмөлдөп, тескеп туруш керек. Ишке ашкан жумуштарга мониторинг күчөтүлүшү зарыл. Техникалык жактан бирөөлөрдөн жардам алса болот. Бирок оюндун эрежесин сөзсүз түрдө мамлекет аныкташы керек.

Канатбек Мурзахалилов: - Сиздин оюңузча түрдүү диний көз карашты карманган жаштардын өз ара мамилесин жөнгө салуу, бири-бирине карата толеранттуу пикирди бекемдөө, чыр-чатактардын алдын алуу, ар кандай ишенимдерди сыйлоону калыптандыруу жаатында мамлекеттик органдардын, диний лидерлердин орду жана ролу кандай болушу керек? Бул багытта алар кандайдыр бир иш алып барышы зарылбы?

Расул Момуналиев: - Албетте, диний лидерлердин ролу абдан чоң болот. Анткени дин маселесине байланышкан суроолор диний лидерлерге таянуу менен чечилет. Жогоруда айткандай, борбордук деңгээлде мамлекет чоң аалымдар менен иштешип келе жатат. Бирок ушундай аракеттерди жер-жерлерде да күчөтүп, диний аалымдар, башка диний уюмдардын башчылары менен тыгыз иштеп, жаштардын арасында толеранттуулук, сабырдуулук маселеси боюнча түшүндүрүү иштерине көбүрөөк басым жасашы керек. Анткени, бөлүп-жаруу оңой, ал эми баарын бир баалуулуктун астына чогултуу татаал.

Канатбек Мурзахалилов: - Диний плюрализм, сабырдуулук, толеранттуулук жаштар арасында орун алдыбы же ал жетиштүү эмеспи?

Расул Момуналиев: - Бул көрүнүш бар десем болот. Бирок плюрализмдин жетишсиздигинен улам кээ бир чыр-чатактуу жагдайлар келип чыгып жатат. Плюрализм толугу менен орноп, бири-биринин оюн баалоо, урматтоо, сыйлоо пайда болгондо мындай түйшүктөргө туш болмок эмеспиз. Өлкөдө бул багытта иштер жүрүп жатат. Бирок аймактарда чабал. Айрыкча бир улуттуу, бир диндүү жамааттарда иш татаал. Плюрализмди көрбөгөн, ошол чөйрөдө тарбияланбаган киши албетте, өзүнүн гана чечимин туура деген ишенимде болуп калат. Анын көз карашынан айырмаланган башка көз карашка туш келгенде сөзсүз түрдө карама-каршылык келип чыгат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (10)

XS
SM
MD
LG