Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:55

Жоолук күнүндөгү жооптор


«Азаттык» радиосунун «Биз жана дин» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында Дүйнөлүк жоолук күнүнүн тарыхын, анын өлкөбүздө кандай деңгээлде белгиленип жатканын, коомдогу жоолук, хижаб маселелерине байланышкан көйгөйлөрдү талкууладык.

Кептин учугун аялдардын коомдогу орду, диний көз караштардын негизинде манипуляцияланган кыз-келиндердин абалы, аялдардын радикалдашуусунун алдын алуу маселелери улады.

Теманы эксперт Канатбек Мурзахалилов менен «Умма» ислам журналынын редактору Айдай Амангелди кызы талкуу кылышты.

Канатбек Мурзахалилов: - 1-февраль Дүйнөлүк жоолук күнү катары кабыл алынганы белгилүү. «Умма» ислам журналынын жааматы беш жылдан бери ушул күнгө карата өлкөдө түрдүү иш-чараларды уюштуруп келатканын билебиз. Бул күндүн тарыхына кыскача токтоло кетсеңиз.

Айдай Амангелди кызы: - «Умма» ислам журналы тарабынан Дүйнөлүк жоолук күнү Кыргызстанда быйыл бешинчи жолу, юбилейлик иш-чара катары өткөрүлүп жатат.

Нью-Йорк шаарынын жашоочусу Назма Хан аттуу кыз бул демилгени 2014-жылы көтөрүп чыккан. Назма Хан өзү жоолук салынган кыз. Балким, ал жакта жоолук салынган кыздардын аз болгонуна байланыштуу ага карата дискриминациялык мүнөздөгү маселелер келип чыкса керек. «Бул эмнеге жоолук салынып жүрөт» деген шылдыңдоо, түшүнбөстүк болгон. Назма Хан өзүнүн жоолук салынып жүрүшүнүн маанисин дүйнө жүзүнө түшүндүрүш үчүн ушул акцияны баштаган. Акцияны дүйнө жүзүндөгү 10 миллиондон ашуун аял колдоого алган.


Бүгүнкү күндө 18ден ашык өлкөдө расмий элчиси бар. 114 өлкөдө белгиленип келет. Анын маанисин түшүндүрүү иштери боюнча маалыматтык колдоо 27ден ашуун тилге которулган.

Баса белгилеп айтып коюуш керек, бул майрам эмес, жөн гана жоолуктун маанисин түшүндүрүү күнү. Башка көз караштагы адамдар менен ислам динин кармангандардын ортосунда сабырдуулук сезимин орнотуу деп айтсак болот.

Канатбек Мурзахалилов: - Ушул күндүн алкагында сиздер тараптан быйыл дагы кандай иш-чараларды өткөрүү белгиленген жана алар мурдагы жылдагылардан эмнеси менен айырмаланат?

Айдай Амангелди кызы: - Быйыл да Дүйнөлүк жоолук күнү ачык жерде өтөт. Ага каалаган адамдар, жоолук салынган да, салынбаган да айымдар катышса болот. Биз бул иш-чараларды көбүнчө соода борборлорунда өткөрөбүз. Анткени ал жакка кишилер ээн-эркин кирип, бардык кызыккандар катыша алышат. Жыл сайын иш-чарага бийлик өкүлдөрү, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү, маданий ишмерлер, журналисттер, илим жаатындагы аялзаты келет. Ошолордун арасынан коомго белгилүү эжелерибиз өздөрүнүн мотивациялык сөздөрүн - жоолуктун динибиздеги, каада-салтыбыздагы, бүгүнкү күндөгү маанисин айтып беришет.

Быйылкы иш-чарабыздын өткөн жылдардан айырмасы – биз журналисттердин арасында үч номинация боюнча сынак жарыяладык. Биринчиси - динчил кыздардын жакшы образын чагылдыруу, экинчиси - стереотиптерди жоюу, ал эми үчүнчүсү - бирдей укуктар жана мүмкүнчүлүктөр үчүн деген номинациялар.

Бизди кубандырганы - сынакка өтө көп эмгек келип түштү. Иш-чарабыздын алкагында эң мыкты автордук эмгектерге сыйлык тапшыруу аземи болот. Мындан тышкары, дүйнө жүзүнө белгилүү Сиам эгиздеринин бири, Куранды толук жаттап чыкан хафиз Гита Ризаханова өзүнүн мотивациялык сөзү менен эл алдына чыгат. Дагы жогоруда айткан ар тармакта иштеген эжелер келет.

Биз жоолукту коомду бөлө турган эмес, аялзатын бириктире турган предмет катары көрсөткүбүз келет. Анткени аялзаты бала багууда, өзүнө кароодо, үй-бүлөнү алып кетүүдө, карьера, жумуш деген көптөгөн жалпы темаларда биригүү жөндөмдүүлүгү бар экендиги белгилүү.


Канатбек Мурзахалилов: - Жалпы эле дүйнөбий принципти карманган өлкөлөрдө жоолук менен хижабга байланышкан маселелер, түшүнбөстүк бар. Бүгүнкү күндө кыргыз коомунда бул маселе анча көтөрүлбөй калды. Бул жоолук салынган аялдардын маселеси чечилип, алар тууралуу айрым терс ой-пикирлер актуалдуулугун жоготту дегенден кабар береби?

Айдай Амангелди кызы: - Суроого өз мисалымда жооп берейин. Менин жоолук салынганыма беш жыл болуп калды. Маселени жоолук салынган кыздарга карата ошондогу мамиле менен азыркы мамилени салыштыруу өңүтүнөн карасак, жыл өткөн сайын жоолукка карата калыптанган кандайдыр бир терс ой-пикирлер аздан болсо да жоюлуп баратат деген бүтүмгө келем. Анткени мурда жоолук маселесине байланыштуу коомдо агрессивдүү ойлор көбүрөөк болчу. Мектептерге да жоолук салынган кыздарды киргизбеген учурлар көп катталчу. Жыл өткөн сайын мындай көрүнүштөр азайып баратканы абдан кубандырат.

Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги башка кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу абдан эркин деп айтсак болот. Бирок бул маселе чечилип калды дегенден алыспыз. Анткени коомдо жоолукка карата стеротиптер дагы эле бар. Динден үстүртөн маалыматы бар, бирок түшүнүгү жок адамдар жоолук салынган кыздарды караңгы, пассивдүү, коомдук иштерге аралашкысы келбеген, коомдон обочодо калган, илимге, билимге умтулбаган, эптеп эле күйөөгө чыгып, үйдө отуруш керек деген сыяктуу образда карашат.

Канатбек Мурзахалилов: - Бирок коомдо чындыгында эле кээ бир кыз-келиндерибиздин арасында сиз айткан ой-пикир, түшүнүктөр бар. Коомдон обочодо калып, обочо турмуш кечирген аялдар да кездешет. Эми буларды кантип коомго кошуп, интеграцияласак болот?

Айдай Амангелди кызы: - Бул алардын өзүнөн да көз каранды. Динди өтө тар түшүнүктө эмес, кенен түшүнүктө караш керек. Мисалы, дин дегенде беш убак намаз окуп, орозо кармап, ажыга барып, зекет берип койгонду эле түшүнгөн туура эмес. Исламдын баалуулугун биз ушуну менен жоготуп коюп жатабыз. Диний кенен түшүнүк – бул жалпы биздин жашообуз.

Ошол эле түшүнүгү жакшы жетпей жаткан динчил кыздарды коомго кошууга мамлекет да, жалпы коомчулук да жардам бериши керек. Мисалы, жоолукчан кыз бир жерге иштегени барса, жоолук үчүн иштетпей коюу туура эмес. Анын кесипкөйлүк жагын караш керек. Тапшырылган ишти алып кете алабы, ага көзү жетеби деген сапаттарын карап, колдосок, алар да Кыргызстанда, коомдо ордумду таба алдым деген ишеним менен жашайт. Коом аларды өгөйлөп, «сен кыргыз эмессиң, арабдарды туурап кеттиң» дей берсе, алар да жашоодогу ордун таба албай, түрдүү радикалдык топторго кошулуп кетиши мүмкүн.


Канатбек Мурзахалилов: - Суроону аялдардын радикалдашуу жаатына бурсак. Байкоолор көрсөткөндөй, диний билимин өркүндөтүү максатында аялдар ар кандай диний уюмдарга кирип, ал уюмдардын принциптеринин негизинде «байкабай» радикалдашып, өзүн коомдон оолак тутуп, изоляцияланган аялдардын катары калыңдап баратат. Жалпы мамлекеттик органдар менен ислам багытындагы түзүмдөр тарабынан динчил аялдардын коомдогу ролуна да кош көңүл мамиле жасалгандыгы байкалууда. Азыркы учурда мындай абал «пассивдүү феномен» катары көрүнсө да, келечекте коомдук чоӊ мүшкүл катары «жарылышы» мүмкүн. Жалпы эле аялдардын арасында радикализмдин жайылышын токтотуу, алдын алуу боюнча кандай сунуштарыңыз, ой-пикирлериңиз бар?

Айдай Амангелди кызы: - Ооба, туура айтасыз. Жалпы дүйнө жүзүнүн, Кыргызстандын алкагынан алып карасак, ислам дини жашарып баратат. Айрыкча жаштардын арасында динди билип эле койбостон, практикалаган адамдар көбөйүп баратат. Ошондуктан биз биринчи кезекте «Адам өзүн качан ишенимдүү жана бактылуу сезет?» деген суроого жооп издешибиз зарыл. Менимче, адам өзүнүн коомдогу ордун таба алганда гана бактылуу болот.

Экинчиден, диний билим берүүдө исламды туура жеткирүү зарылдыгы да келип чыгат. Балким, аялдарын билимин деңгээлин өзүнчө «жабык бөлмөлөрдө» эмес, ачык жерлерде, конференцияларды уюштуруу аркылуу жогорулатуу зарыл. Алар үчүн жакшы бир иш-чараларды уюштурсак максатка ылайыктуу болмок. Мисалы, биздин «Умма» журналы былтыр «Internews» уюму менен бирге Орто Азиядагы журналисттерди Кыргызстанга алып келип, Бишкектеги диний уюмдар мусулман аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу боюнча кандай аракеттерди кылып жатканын көрсөтүү боюнча экскурсия уюштурганбыз. Анан диний уюмдарды кыдырып, алардын жалаң эле динди эмес, психологиялык жактан, кесиптик ишмердүүлүк жагынан да ишмердүүлүгү синтезделип, чогуу жүргүзүлгөндө жакшы натыйжа берет деген жыйынтыкка келгенбиз.


Канатбек Мурзахалилов: - Мына өз сөзүңүздө аялдар «жабык жайларда» окуп жатканын айттыңыз. «Жабык жайлар» деген эмне өзү?

Айдай Амангелди кызы: - Мен өзүм андай «жабык жайларга» барган эмесмин. Бирок, ишмердүүлүгүмдүн алкагында байкоо жүргүзүп келем. Мисалы, кээ бир кыздар «үйгө барып окуп жатам» деп айтып калышат. Ал жактарды жаман деп айта албайсың. Эң башкысы - диний билим алгысы келген кыз бара турган жеринин ишенимдүүлүгүн караш керек. Мамлекет, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы уруксат бергенби, ал жердин бар экендигин мамлекет билеби деген да маселелер бар.

Ошол эле диний китептерди сатып алууда да ал китептердин окууга уруксат берилгенин тактоо зарыл. Ар бир адам китептерди окууда маалыматтарды чыпкалашы керек. Ар кайсы жерден, түрдүү Интернет порталдарынан маалыматты алып, алардын артынан кете берүү туура болбойт деп айткым келет.

Канатбек Мурзахалилов: - Динчил аялзаты жалаң эле диний жактан эмес, азыркы дүйнөлүк тенденцияга жараша ар тараптан илим-билимдүү болуп, өзүнө жана коомчулукка пайда келтириши - учурдун талабы. Бул таризде мусулман аялдарынын коомдогу ролун кантип жогорулатсак болот? Анын практикалык жолдору барбы?

Айдай Амангелди кызы: - Биз дүйнөбий мамлекетте жашайбыз. Көпчүлүк дүйнөбий мамлекетте дин менен мамлекет эки башка деп түшүнөт. Биз коомдон динди алып сала албайбыз. Анткени илгертен эле ата-бабаларыбыз ислам динин карманып келе жатат. Ушунун өзүн мамлекет да түшүнүп, динчил кыздарга, динди практикалаган адамдарга жумуш орундарын түзүп берүү, ар кандай туура эмес калыптанган стереотиптерди жоюу жагынан иштеши керек.

Коом да динчил кыздарды тескери таризде кабыл алып, ушундай бир образ калыптанып жатканы атайын эмес деп ойлоймун. Биз эки жактын ортосунда көпүрө болушубуз керек.

Бул боюнча өз мисалымда айткым келет. Университетти аяктагандан кийин кайсы бир сайтка жумушка орношкону барганда билимимди текшербестен, дароо эле жоолук салынганыма байланыштуу менден баш тартып коюшкан. Бул нерсе чындыгында мага аябай катуу тийген. Ошондуктан адамдар диний ишеним маселесинде жумшагыраак болуп, толеранттуу көз караш менен караса түшүнбөстүктөр жоголот деп ойлойм. Кыргызстандын ар бир жараны диний сабырдуулукка салым кошушу керек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG