Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 04:52

Кыргыз медицинасын артка тарткан кайдыгерлик


Коронавирусту изилдеп жаткан кытай дарыгерлери.

Кыргызстанда Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык 1-апрелде COVID-19 вирусу менен күрөшүү боюнча илимий эксперттик кеңеш түзүлдү.

Бирок ага чейин мурдагы министр Талантбек Батыралиев баштаган демилгечи топ 24-мартта да өз алдынча илимий кеңеш түзүп иштеп жаткан. Эки кеңешти жетектеген дарыгер-илимпоздор азыр тил табыша албай, кызматташпай жатышат. Ал арада коңшу Өзбекстан, Казакстан сыяктуу мамлекеттер тест системаларын иштеп чыгып, вирусту иликтөөгө бир топ каражат салууда.

1-апрелде коронавирус менен күрөш штабынын көрсөтмөсү менен Саламаттык сактоо министрлигинин базасында илимий кеңеш түзүлдү. Анын курамына өлкөнүн башкы пульмонологу Талант Сооронбаев баш болгон 26 жергиликтүү жана чет элдик адис кирди. Алар күн сайын онлайн чогулуш өткөрүп, COVID-19 боюнча илимий жаңылыктарды талдап, бейтаптарды дарылап жаткан адистерге клиникалык кеңештерди бериши керек. Аталган илимий кеңештин жетекчиси Талант Сооронбаев алардын функциясы тууралуу буларды айтты:

«Биз үч киши эксперттик консилиум кылып, оору жуккандарды аралыктан дарылай баштадык. Анан айрым адистердин кеңеши да керек экен. Маселен, кардиолог, эндокринолог сыяктуу. Ушундан улам министрликтин чечими менен атайын расмий эксперттик илимий кеңешке айландык. Бизге акча-тыйындын кереги жок, күнүгө бейтаптарды кандай дарылоону аймактагы дарыгерлерге аралыктан, Интернеттен айтып, көрсөтмө берип жатабыз. Бул кеңеш акысыз эле иштөөдө. Кытайдын Медициналык академиясынан, Италиядан, Швейцариядан COVID-19ду дарылаган белгилүү илимпоздорду мүчө кылып алып, алар менен кеңешме өткөрүүдөбүз».

«Бул кеңешке макул эмесмин!»

Бирок бул кеңеш түзүлгөнгө чейин эле 24-мартта мурдагы министр Талантбек Батыралиев өкмөткө сунуш кылып, дагы бир илимий-консультативдик кеңеш түзүлгөн. Ал кеңешке Саламаттык сактоо министрлигинде дарыгер болуп иштебеген, бирок илимий чөйрөдөгү белгилүү дарыгерлер, окутуучулар, академиктер кирип, алар да дүйнөлүк илимпоздор менен байланышка чыгып, бейтаптарды дарылоонун жолдоруна байланышкан кеп-кеңештерди англис, немис тилдеринен кыргызчага которуп бере башташкан.

Демилгечи Батыралиев кийин түзүлгөн расмий илимий кеңештин мүчөлөрү мамлекеттик кызматкер болгондуктан, өз функциясын так аткарып, жер-жерлерде бейтаптар менен түздөн-түз байланышып, дарыласа болмок деген оюн ортого салды:

Талантбек Батыралиев.
Талантбек Батыралиев.

«Алар бүгүнкү күндө өзүнүн ишин күнү-түнү туура кылышы керек. Тескерисинче, министрликте отурган бардык жетекчилерди кеңешке киргизип алышкан, Кыргызстандагы реалдуу акыбалды билишпейт. Алардын позициясына мен макул эмесмин. Маселен, бир коронавирус жуккан бейтап инфаркт болду дейли, каякка алып барышат? Кардиология институтун жаап салышты. «Бикард» жеке менчик клиникасына алып барып жатышат. Кант диабети менен ооруган киши коронавирус болсо эмне кылышат? Буга да жооп жок. Коронавирус деген жалаң эле өпкөнү жабыркатпайт да. Ошондуктан башкы пульмонолог катары Талант Сооронбаев өлкөнү түрө кыдырып, ооругандардын абалын жанынан көрүп, дарылашы керек. Калп эле «орустарды, дагы башка чет элдик дарыгерлерди мүчө кылдык» деп, онлайн отуруп алганы туура эмес. Илимий кеңеш деп биз бир айча болуп калды, түздүк, иштеп жатабыз. Биздин кеңешибиз керек болсо сурашсын, бекер эле беребиз. Мына ушулардын айынан мурдагы министр Космосбек Чолпонбаев иштен кетти, азыр анан илимий кеңеш куруп отуруп алганга моралдык укуктары жок. Элди дарылашсын!»​.

Бирок министрликтин эксперттик кеңешинин жетекчиси, профессор Талант Сооронбаев Батыралиевдин айткандарына макул эмес. Ал илимпозду кызматташууга чакырып, азыркыдай оор кырдаалда бейтаптарды дарылоо жолун чогуу издегенге даяр экенин билдирди:

"Өкмөттүк да, өкмөттүк эмес да курулган илимий кеңеш азырынча бир тыйын каражат албай, өз алдынча иштеп жатат. Алардан «Коңшу Өзбекстан же Казакстандай мамлекеттик тест-системасын иштеп чыгуу, вирусту өз алдынча иликтөө жаатында илимий база барбы?» деп сураганыбызда бүгүнкү кырдаалда илимий изилдөөгө зарылчылык жок экенин белгилешти".

Ооруну фундаменталдык изилдөө жүргөн жок

Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча, Кыргыз медициналык академиясынын окутуучулары, кенже илимий кызматкерлери аймактарга өз ыктыяры менен барып, вирусту дарылоого жергиликтүү дарыгерлерге жардам берип жатышат. Бирок ооруну илимий жактан талдоо, мониторинг сыяктуу фундаменталдык иштер азырынча жүрө элек.

Республикалык оорулардын алдын алуу борборунун вирусологдору Кыргызстандагы коронавирусту талдай баштаганына аз эле убакыт болду.

Аталган борбордун илимий кызматкери Зуридин Нурматов мунун баарын алар эч кандай материалдык-техникалык базасы жок эле ишке ашырып жатышканын айтты:

«Бизде илимге акча бөлүнгөндө Билим берүү жана илим министрлигинде Илим департаменти бар. Ошолорго биз жылдын аягында өтүнүч жасып, тема жиберебиз. Аны актуалдуу десе акча бөлөт дагы, бюджетке кошот. Изилдөөчү топто беш киши болсо, ал бөлүнгөн каражат ошол беш кишинин маянасы эле болот. Башкача айтканда минималдык маяна - беш миң сомдой акча. Ал эми изилдөөгө керектүү жабдыктар, реактивдер, тест системалары, ал тургай аймактарга барып келген жол кире каралбайт. Анын баарын өзүбүз тапсак табабыз, таппасак жок. Ушундай система болуп калган. Өзүбүздө мурдагы болгон базабызды эле эптеп-септеп колдонуп, Саламаттык сактоо министрлигинен акча сурап, илимий байкоо жүргүзөбүз. Кардиналдуу түрдө каражат бөлдү деген эсимде да жок. Биздеги мамиле – эптеп эле айлык менен илимпоздорду кармап туруу».

Башкаларда абал кандай?

Өзбекстан февраль айында эле Түштүк Кореянын Илимий ачылыштарды медициналык жактан тастыктоо бирикмесинин төрагасы профессор Чой Жа Вукту чакырып, коронавирус менен күрөшүү боюнча улуттук кеңешчи кылып дайындаганын Сеулдагы журналист Чан Юн маалымдады:

«Түштүк Кореянын президентинин демилгеси менен биздин илимпоздор, медициналык каражаттарды чыгарган тараптар башка өлкөлөргө колунан келишинче жардам берип жатат. Айрыкча дүйнөнү диагностикалык технология менен жабдууда биринчи орунга биз чыктык десем болот. Ошондой эле илимий кеңеш берүү жагынан Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүнө көмөк көрсөтүп жатабыз. Маселен, Түштүк Кореянын Илимий ачылыштарды медициналык жактан тастыктоо бирикмесинин төрагасы профессор Чой Жа Вук Өзбекстанда тест системаларын чыгаруу, ооруну аныктоо боюнча улуттук кеңешчи болуп дайындалды. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев биздин президент менен кат алышып, Түштүк Кореянын оору менен күрөшүүдөгү тажрыйбасын өз дарыгерлерине, илимпоздоруна жайылтууну көздөгөнүн айтты. Ошондой эле COVID-19ду аныктоочу тест системаларын Казакстан алгач бизден сатып алды. Мындан тышкары Израил да биздин окумуштуулардын кеңешин алып жатат».

Шотландияда жашаган мекендешибиз, коомдук саламаттык боюнча адис Гүлжамал Шерипканова британ өкмөтү ооруну дарылоого да, аны изилдөөгө да бирдей мамиле кылып, бирдей каражат бөлүп жатканын билдирди:

Гүлжамал Шерипканова.
Гүлжамал Шерипканова.

«Британиянын өкмөтү коронавирус башталгандан бери 20 миллион фунт стерлингди ар кайсы илимий долбоорлорго бөлүп берди. Бул каражаттарды бир нече университет алды. Алардын арасында Оксфорд, Эдинбург, Глазгоу университеттери бар. Алардын интернет-сайттарынан ар бирине канча акча бөлүнгөнүн текшерип, акча каякка кетип жатканын көзөмөлдөсө болот. Бул акчаны эмнеге коротушат? Азыркы убакта эксперттер коронавирустун генетикасын изилдеп жатышат».

Шерипканова вирустун генетикасы так изилденмейинче аны натыйжалуу дарылоо мүмкүн эмес экенин белгилейт.

Германия Ухандагы вирус башталганда, январь айында эле вирусологиялык институттарынын башын бириктирип, Түштүк Кореядагы илимпоздордон кеңеш алып, өзүнүн мамлекеттик тест системасын иштеп чыккан.

«New York Times» гезитинин маалыматы боюнча Европадагы вирус менен эң мыкты күрөшүп, үлгү көрсөтө алган, ал тургай азыр коңшу Францияга, Италияга жардам берип жаткан немис илимпоздору менен медиктери болуп жатат.

«Профессор-доктор 8 миң сом айлык алат»

2019-жылдын соңунда Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетин 1 миллиард сомго кыскартууну парламент карап, коомчулуктун катуу сынына кабылган эле. 2020-жылы өлкө казынасынан бул секторго 4 миллиард 680 миллиондон ашуун каражат бөлүнмөк.

Дал ушул бюджеттен онкологиялык оорулардын дарыланышына деген 100 миллион сом азыркыга чейин бейтаптарга жете элек экенин айткан «Өсмөнү (ракты) жеңүүгө бирге» аттуу фонддун жетекчиси Гүлмира Абдразакова «Бир профессор дарыгердин айлыгы 8 миң сом болуп жатса, саламаттык сактоо секторунда коррупция кантип болбойт?» деп нааразы болду:

Бизде профессор-онколог, бөлүм башчы деген бакыйган дарыгер 8 миң сом айлык алат, ординатордуку 3 миңге жетпейт. Анан коррупция болбой эмне болот? Кайдагы илим, кайдагы мотивация?
Гүлмира Абдразакова.


«Дарыгерлер илимий даражасын жыл сайын, күн сайын жогорулатып турушу керек эмеспи. Жаңы оорулар чыгып жатат, аларды изилдеген дүйнөлүк ресурстардан кабардар болушу абзел. Ошондуктан жаңыдан ишке кирген ординаторлорго жок дегенде 15 миң сом айлык коюп берсе, ал эми профессор, доктор, хирургдардыкы эң аз 40 миң сом айлык болсо жакшы болмок. Бизде профессор-онколог, бөлүм башчы деген бакыйган дарыгер 8 миң сом айлык алат, ординатордуку 3 миңге жетпейт. Анан коррупция болбой эмне болот? Кайдагы илим, кайдагы мотивация? Ал байкуш профессор үй-бүлөсүн багышы керек. Макул жубайы да иштеп, экөө 16 миң сом алса деле Бишкекте ошого бир ай жашай алабы? Мамлекет өзү коррупцияга жол ачып берип жатат!»

Кыргызстанда азыркы тапта 13 миң 200дөн ашуун дарыгер иштеп жатат. 33,5 миңдей орто медициналык кызматкер бар. Ал эми илимди аркалаган дарыгерлердин так санын билүү мүмкүн болгон жок.

Ак халатчандарды ким коргойт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:34:21 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (34)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG