Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Кытай бийлиги Уханда коронавирустан каза болгон адамдардын санын көбөйттү


Уханда карантин 76 күндөн кийин, 8-апрелде тартып алынган сүрөт.
Уханда карантин 76 күндөн кийин, 8-апрелде тартып алынган сүрөт.

Ага ылайык, өпкөнү сезгенткен вирустан ажалы жеткен кишилердин саны Уханда 1290го көбөйдү. Ушул бейшембиге карата Кытайда коронавирустан көз жумган адамдардын жалпы саны 3342 болчу жана алардын басымдуу бөлүгүн Уханда жашагандар түзгөн. Сандарга тактоо киргизилгенден кийин бул илдеттен ажал тапкандардын саны 4632 болуп көбөйдү.

Кытай бийлиги сандардын көбөйгөнүн шаарда илдет күчөп, ооруканаларга бейтаптар батпай турган кезде өз үйлөрүндө көз жумган адамдардын кошулганы менен түшүндүрдү.

11 миллиондон ашык эл жашаган Уханда карантин 76 күндөн кийин, 8-апрелден тартып алынган.

Расмий маалымат боюнча коронавирус Кытайда 82 миңден ашык адамдан табылды.

Буга чейин бир катар эксперттер кытай бийлиги ооруга кабылгандарын жана андан көз жумгандардын санын кыйла азайтып көрсөткөн деп шек санап жүрүшкөн. АКШнын президенти Дональд Трамп да ушинтип шектенген жана ал Бээжинди «оорунун жайылышы тууралуу өз убагында маалымдаган эмес» деп айыптаган.

Кытай бийлиги дооматтардын баарын четке кагып келет.

Дүйнө жүзүндө оору жуккандар 2 миллион 200 миң адамга чукулдап калды, 150 миңдей адам көз жумду. Оору жугузуп алган жана андан мерт болгон адамдардын саны боюнча АКШ биринчи, Кытай жетинчи орунда турат.

XS
SM
MD
LG