Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

Италия карантинди жумшартууга киришти


Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте. 21-апрель, 2020-жыл.
Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте. 21-апрель, 2020-жыл.

Дүйнөдө коронавирус жугузгандардын саны 3 миллионго чукулдады. Европанын бир катар өлкөлөрү карантинди жумшарта баштаганы менен айрым мамлекеттерде COVID-19 илдети ооздукталбай жатат.

Карантин эң узакка созулган Италия бир жумадан кийин чектөөлөрдү жумшарта турганын жарыялады. Премьер-министр Жузеппе Конте жекшемби күнү кечинде билдиргендей, Италияда 4-майдан тартып заводдор, парктар жана курулуш жайлары иштей баштайт. Жарандарга чакан сандагы тууган-туушкандары менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берилет.

18-майдан тартып соода жайлары, музейлер менен китепканалар, 1-июнда баштап бар-ресторандар жана сулуулук салондору ишке киришет. Бирок мектептер сентябрдын аягына чейин жабык болот.

Италиянын өкмөт башчысы чектөөлөр жумшарса да жарандар жана ишкерлер санитардык эрежелерди так сакташы керек экенин баса белгиледи.

«Эгер биз ортодогу аралыкты жана эрежелерди сактабасак, эпидемия кайра күчөп, көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн. Өлгөндөр мындан да көбөйүп, экономикабызга чоң сокку урулат. Эгер Италияны жакшы көрсөңөр, ортодогу аралыкты сактагыла!», - деди Жузеппе Конте.

9-марттан бери карантин шартында жашап жаткан Италия коронавирустан каза тапкандардын саны боюнча Европада башкы сапта турат. Бул өлкөдө COVID-19 илдети 197 минден көп адамга жугуп, 26 600дөн ашуун бейтап каза тапты. Италиянын бийлиги коронавирустан көз жумгандар март айынын башындагы деңгээлге чейин азайып калганын билдирүүдө. Ошондо деле жекшемби күнү COVID-19 илдетинен 260тай бейтап каза тапты.

Коркунуч дагы эле бар

Испанияда жаш балдарга көчөгө кыска убакытка чыгууга уруксат берилди.
Испанияда жаш балдарга көчөгө кыска убакытка чыгууга уруксат берилди.

Вируска чалдыккандардын саны боюнча дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи сапта турган Испанияда коронавирустун жайылышы басаңдап баратат. Испан өкмөтү алты жумадан бери биринчи жолу жекшембиде жаш балдардын сыртка бир саатка чыгып келишине мүмкүнчүлүк берди. Бул өлкөдө өпкөнү сезгенткен илдет 226 миңдей адамга жугуп, 23 миңден ашууну жашоо менен кош айтышты.

Коронавируска чалдыккандардын калктын жалпы санына катышы боюнча дүйнөдө биринчи орунда турган Белгия да 4-майдан тартып карантинди жумшарта турганын жарыялады.

Вирус ооздукталып калган Германияда ири ишканалар четинен ишке киришүүдө. 27-апрелде беш жумалык тыныгуудан кийин автоунаа чыгарган «Volkswagen» компаниясы иштей баштады. «Mercedes-Benz» жана BMW компаниялары да өндүрүштү тездете турганын жарыялашты.

Бирок 150 миңден ашуун жараны коронавирус чалдыккан Британия карантинди жумшартууга ашыкпай турат. Коронавирустан айыгып, дүйшөмбү күнү ишке чыккан британ премьер-министри Борис Жонсон кооптоно турган жагдайлар дагы эле бар экенин айтып, элди сабырдуу болууга чакырды.

«Абал кыйын экенин билем. Экономиканы алдыга жылдыргым келет. Бирок бардык аракеттерди, британ элинин эмгегин сууга салып, экинчи ири толкундун жаралышына жол бергим келбейт», - деди Борис Жонсон.

Вирус адеп катталган Кытайдын Бээжин жана Шанхай баштаган шаарларында окуучулар мектепке кайта башташты. Кытайда соңку бир күндүн ичинде коронавирус үч адамдан табылды. 12 күндөн бери илдеттен көз жумгандар каттала элек.

Нью-Йорктогу медицина кызматкерлери, 17-апрель 2020-жыл.
Нью-Йорктогу медицина кызматкерлери, 17-апрель 2020-жыл.

940 миңден жараны коронавируска чалдыгып, 54 миңдейи көз жумган Кошмо Штаттарда да илдеттин жайылышы аз-аздан басаңдап баратат. Колорадо, Монтана жана Теннесси штаттары бул аптада айрым чектөөлөрдү алууга камынып жатканын жарыялашты.

Орусияда вируска чалдыккандар Кытайдан ашты

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө карантин чаралары жумшартылып жатканы менен башка аймактарда COVID-19 илдетине чалдыккандар көбөйүп баратат. Жон Хопкинс университетинин 27-апрелдин таңындагы маалыматына ылайык, дүйнөдө вирусту жугузуп алгандар 2 миллион 980 миңден ашты. Илдеттен каза тапкандардын саны 207 миңге чукулдады. Адистер вирусту жугузуп алгандар алда канча көп экенин, бейтаптардын айрымдары каттоого алынбай калса, айрым өлкөлөр чыныгы санды жашырып жатышы мүмкүн экенин билдирип жатышат.

Вируска чалдыккандардын катары Бразилияда, Орусияда, Түркияда, Түштүк Африкада, Мексика сыяктуу бир нече мамлекетте калыңдап баратат. Маселен, Орусияда COVID-19 илдетине кабылгандардын саны Кытайдын расмий статистикасынан ашып өттү. 27-апрелдеги маалыматка ылайык, соңку бир сутка ичинде Орусияда 6198 адамдан вирус табылып, алардын жалпы саны 87 миңден ашты. Расмий Бээжин декабрь айынан бери өз аймагында 83900дөй адамдан илдет табылганын билдирип келет.

Казакстан өзгөчө абалды узартты

27-апрелге карата Борбор Азиянын үч өлкөсүндө коронавируска чалдыккандардын саны 5370тен ашты. Чөлкөмдө вирус эң көп катталган Казакстанда (2791 киши) өзгөчө абал 11-майга чейин узартылды. Тиешелүү буйрукка президент Касым-Жомарт Токаев дүйшөмбүдө кол койгонун Ак Ордонун басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчынын сөздөрүнө караганда, коңшу өлкөдө «коронавирусту жугузуп алгандардын саны эң жогорку чекке жете элек» жана «кырдаалдын көзөмөлдөн чыгып кетүү коркунучу сакталууда».

Бирок казак президенти 1-майдан тартып Алматы жана Нур-Султан шаарларынын ортосундагы авиакаттамдар жанданарын айтты. Андан тышкары муктаж үй-бүлөлөргө 100 доллардын тегерегиндеги жардам экинчи жолу көрсөтүлөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG