Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

Трамп: жыл аягына чейин вакцина чыгат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп АКШ коронавируска каршы вакцинаны ушул жылдын аягына чейин алып калат деп ишенерин айтты.

Бирок адистер вакцина бардык сыноодон өтүп, коомчулуктун калың катмарына жетиши үчүн бери дегенде бир жылдан 1,5 жылга чейинки убакыт керек экенин билдиришкен.

Дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен оору 3,5 миллиондон ашык адамга жукту. Коронавирустан 247 миңден көп киши көз жумду.

Дональд Трамп 3-майда «Fox News» телеканалындагы маегинде COVID-19га каршы вакцина окумуштуулар күткөн убактан алда канча эрте даяр болот деген пикирин билдирди:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

«Биз ушул жылдын аягына чейин бизде вакцина болуп каларына аябай ишенебиз. Жыл аягында вакцина болот».

АКШда коронавирус жугузуп алгандар 1,1 миллион адамдан ашты. Бул дүйнө жүзүндө илдетке кабылгандардын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Кошмо Штаттарда оорудан 66 миңден көп киши көз жумду.

Трамп өз өлкөсүндө оорудан ажал тапкандар 75 миңден 100 миңге чейин жетиши ыктымал экенин айтты.

Ушул тушта дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө ондогон ири фармацевтикалык компаниялар жана изилдөө институттары вакцинанын үстүнөн иштеп жатышат.

Европа Биримдиги 4-майда коронавируска каршы вакцина даярдоо жана бул ооруну дарылоого байланыштуу изилдөө иштерин каржылоо боюнча онлайн жыйын курганы жатат.

Уюмдун лидерлери тараткан билдирүүдө чогултулган акча «окумуштуулар менен жөнгө салуучулардын, өндүрүш менен мамлекеттин, эл аралык уюмдар, фондддор менен саламаттык сактоо тармагынын кесипкөй адистеринин мурда-кийин болуп көрбөгөндөй глобалдык кызматташтыгына өбөлгө түзөт» деп жазылган.

Каражат чогултуу боюнча марафон бир айга созулмакчы. Билдирүүдө вакцина даярдалган күндө деле аны калктын калың катмарына жеткирүүгө, баасынын жеткиликтүү болушуна да каражат керек болору белгиленген.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Европа Биримдигинде даярдалган вакцина баарын жеткиликтүү болот деп ишенерин билдирди:

Ангела Меркел.
Ангела Меркел.

«Бул вирусту ар бир адам эле жугузуп алышы мүмкүн. Ошондуктан биздин максатыбыз - дүйнө жүзүндө баарыбыз чогуу иштешүү. Бул чогуу иштөө мүмкүнчүлүгү гана эле эмес, бул өтө зарылдык. Германия вакцина даяр болгондо ал бардык адамдарга бирдей пайда алып келишин камсыз кылууга байланыштуу жоопкерчиликти алат. Керектүү дары-дармек, диагностикалык каражаттар мүмкүн болушунча көп адамдарга жетишине салым кошобуз».

Британия, Канада, Франция, Италия, Жапония, Сауд Арабиясы жана Европа Биримдиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен чогуу жыйын уюштурганы жатат.

АКШ бул иш-чарага катышпайт. Өткөн айда Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп уюмду «Кытайга жан тартты» деп күнөөлөгөн жана каржылоону убактылуу токтотуп койгон.

Коронавирустан көз жумган жана оору жугузган кишилердин саны боюнча алдыңкы катарда турган, бирок соңку күндөрү көрсөткүчтөрү оңоло баштаган Италия карантин эрежелерин жумшарта баштады. Ушундан улам 4-майда бери дегенде 4 миллион адам жумушка чыкмакчы.

Испания менен Германия да кадимки жашоого кайта баштады. Бирок 25 миң адам жан берген Франция менен оору 28 миңден көп жаранынын өмүрүн кыйган Британия карантин чараларын ала элек.

Бразилияда COVID-19 жугузуп алгандар 100 миңден ашты жана оорудан 7 миңден көп киши көз жумду. Президент Жаир Болсонару 3-майда карантин чараларын алуудан баш тарткан губернаторлорду кайрадан айыптап чыкты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG