Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Карантин шартындагы Улуу Памир


Түркиянын Ван аймагында жайгашкан Улуу Памир айылынын тургундарынын арасында коронавирус илдетин жугузгандар катталган эмес. 500гө жакын кожолук жашаган Улуу Памирдин айыл башчысы Эйүпхан Кошар айылдагы тиричилик өз нугунда өтүп жатканын билдирди.

- Эйүпхан мырза, Улуу Памир айылынын тургундары кандай турушат? Орозо айы кандай өтүп жатат?

- Айыл тынч. Элеттиктердин арасында коронавируска чалдыккандар жок. Айылга жаз кеч келди. Кар, жамгыр жаап жатат. Айылда 20 жашка толо электерге жана 65 жаштан улууларга көчөгө чыгууга тыюу салынган. Бири-бирибизге кирип-чыкпай калдык. Баары орозо кармап, үйүндө ибадатын кылып турушат.

- Айылдыктар кандай тиричилик кылып жатышат? Улуу Памирде адамдар соода кылчу дүкөндөр ачыкпы?

- Айылда үч азык-түлүк дүкөнү иштеп жатат. Ал эми шаарга түшүп соода кылып келген айылдыктарга болсо "үйгө келгенде кийим-кечени таза жуугула, беткап менен мээлей кийгиле" деп эскертип жатабыз.

Адамдын дене табы көтөрүлүп же жөтөлсө дароо ооруканага билдирүүгө милдеттүүбүз. Коронавирус качан келет деп отура бербей бул илдетти алдын алуу жолдорун айылдыктарга түшүндүрүүгө аракет кылып жатабыз. Мисалы, күнүгө мечиттин үн күчөткүчүнөн айылдыктарга коронавирус тууралуу маалымат берип жатабыз. Эл да буга көнүп, угуп, көчөгө көп чыгышпайт.

Ал эми айылдагы дүкөндөргө кардарлар бирден барып, сөзсүз беткап жана мээлей кийүүгө милдеттүү. Сатуучулар да бул эрежелерге көнүп жатышат. Дүкөндөрдө азык-түлүк жетиштүү. Ал эми түрк өкмөтү айылдын тартыш үй-бүлөлөрүнө пандемия мөөнөтү бүткөнчө ай сайын 1000 лирадан (143 доллардын тегерегинде) материалдык жардамын берип турат. Бул да болсо айылдагы муктаж кишилерге тыгынчык деп ойлойм.

Улуу Памир айылынын дыйкандары.
Улуу Памир айылынын дыйкандары.

- Айылдагы дыйкандардын жазгы талаа иштери башталдыбы?

- Мыйзамга ылайык, дем алыш күндөрү команданттык саат эрежеси бар. Бирок дыйкандарга жана малчыларга бул чектөө тиешелүү эмес. Алар беде сээп, жер айдап, тиричилигин кылып жатышат. Ал эми полиция текшерип келсе алардын дыйкан же чабан экенин билдирген документтерин көрсөтөбүз.

- Түркиядагы карантинге байланыштуу чектөөлөр болгондо айыл тургундары сыркоолоп калса, ооруканага кантип жеткиресиңер?

- Айыл тургундарынын дээрлик баарында жеңил машине бар. Балдар тумоолоп калса машине менен Эржиш шаарындагы мамлекеттик ооруканага алып барып турушат. Ал эми кары-картаңдар оор сыркоолоп калышса анда "Тез жардам" чакырып жатабыз. Ошол Эржиш шаарынан айылга "Тез жардам" келип, ооруп жаткан кишини ооруканага алып барып, кайра алып келип жатышат. Дары-дармектерин да ошол шаардан алдырабыз. Учурда аксакалдардын арасында оор сыркоологондор жокко эсе.

- Түркияда алыскы аймактагы айылдардын кире беришине блокпостторду коюп жатышат. Коронавирусту алдын алуу максатында Улуу Памирге да блокпост коюлду беле?

- Коронавирус жокто деле айылыбыздын кире бериши тосулуп турат. 200гө жакын айыл сакчысы бар. Алардын айрымдары кезек менен ошол тосмого туруп айылга кирип-чыккандарды текшерип турушчу. Учурда коронавирустан улам бул текшерүү андан да күчөгөн. Айылга кирем деген көчмө дүкөндөрдү, мал сатып алуучуларды, деги эле чоочун бир да кишини айылга киргизбей жатабыз. Алар менен вирус киреби деп кооптонобуз. Кыргыздар гана кирип, чыга алышат. Шаардан келгендерди болсо "14 күн үйүндө карантин кылып, анан айылга аралаш" деп жатабыз.

Тоо койнундагы Улуу Памир айылы. 2020-жыл.
Тоо койнундагы Улуу Памир айылы. 2020-жыл.

- Башынан оор сыноолорду өткөрүп, Түркияда орун-очок алып калган айылдын аксакалдары коронавирус тууралуу эмне дешүүдө?

- Биздин аксакалдар "Памирде жүргөндө ушундай апаат болгон" дешет. 80-90 жыл мурун ушундай илдет каптап, бир үйдөн 5-6дан адам кайтыш болгон экен. Аксакалдардын айтымында, жугуштуу оорудан кырыла берип, жада калса өлгөндөрдү көмгөнгө киши калбай калган күндөр болгон. Ошол себептен аксакалдар бул илдеттен арылыш үчүн бийликтин айтканын кылып, тез арада бул апааттан чыгышыбызды тилеп отурушат.

- Учурда Кыргызстандагы туугандардан кабар алып жатасыңарбы? Байланыш кандай?

- Кыргызстан менен Интернет аркылуу сүйлөшүп, кабар алып турабыз. Кыргыз телеканалдарын спутниктен таап алып көрүп отурабыз. Менин келинчегим таластык. Ал жактагы туугандар бул илдеттен кантип корунуп жатканын айтып турушат. Кыргызстанда коронавирус көрсөткүчтөрү көбөйбөй, бейтаптар тез сакайып кетишин каалайбыз.

Өткөндө акын Элмирбек Иманалиевдин каза болгонун угуп айылдагылар өтө кайгырдык. Жакында акын Зайырбек Ажыматовдун дүйнөдөн кайтканын угуп да абдан жаман болдук. Эл акындарынын каза болгону айылдыктарды мындай оор күндө өтө капа кылды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG