Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Вашингтон Ооганстанга жардамын азайтат


Майк Помпео жана Ашраф Гани. Кабул, 22-март, 2020-жыл
Майк Помпео жана Ашраф Гани. Кабул, 22-март, 2020-жыл

АКШнын Мамлекеттик департаменти Ооганстанга берилчү жардам бир миллиард долларга азайтыларын жар салды.

Мунун алдында мамлекеттик катчы Майк Помпео президент Ашраф Гани менен атаандашы, аткаруу бийлигинин мурдагы башчысы Абдулла Абдулланы элдештирүү үчүн Кабулга барып кеткен, бирок сапарынан майнап чыккан жок.

Майк Помпео 23-мартта финансылык жардамдан тышкары Ооганстан менен кызматташтыктын масштабы да кайра каралып чыгарын эскертти.

АКШнын тышкы мекемесинин расмий сайтына жарыяланган билдирүүдө Помпео Кабулга чукул вазийпа менен барганы, «ооган элинин тагдырын ойлоп, мунаса табуу зарылчылыгын лидерлердин эсине салууну көздөгөнү» айтылат.

Мамкатчы президент Ашраф Гани менен атаандашы, аткаруу бийлигинин мурдагы башчысы Абдулла Абдулланын бардык саясий күчтөрдү камтыган өкмөт түзүү жөнүндө макулдаша албаганы АКШны өтө өкүндүрөөрүн баса белгиледи.

Помпео эки жетекчинин мунасага келе албай жатышы АКШ-Ооганстан алакаларына кесепетин тийгизгенден тышкары, «өлкөнүн жаркын келечегин куруу үчүн өмүрлөрүн аябаган оогандардын, америкалыктардын жана коалициядагы аскерлердин курмандыктарына көлөкө түшүрүүдө» деп катуу сындады.

Мамкатчынын айтымында, финансылык жардам дароо азайтылмакчы, эмки жылдагы көлөмдү да бир миллиард долларга кыскартуу каралууда.

Президент Ашраф Гани телекайрылуу учурунда, Кабул, 24-март 2020-жыл
Президент Ашраф Гани телекайрылуу учурунда, Кабул, 24-март 2020-жыл

Президент Ашраф Гани 23-мартта Абдулла менен жолукканын телекайрылуусунда айтты:

«Мен ант берүү күнүндө убада кылгандай, кеңири чөйрөдө кеңешүүлөрдү өткөрүү үчүн жаңы өкмөт түзүү кечеңдеп кетти. Мен Абдулла Абдуллага тынчтык процессинде маанилүү роль берүүнү, анын командасына кабинетте кызматтарды бөлүүнү каалагам. Бирок ал конституциялык мыйзамды өзгөртүүнү талап кылууда. Мыйзамдагы мехнизмдерден тышкары менин кайсы бир топтун талабы менен Конституцияга толуктоо киргизүүгө ыйгарым укугум жок».

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Морган Ортагус Кабулдан кийин Помпео Катардын борбору Дохага барып, «Талибан» кыймылынын үч жетекчиси, анын ичинде тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү делегациянын жетекчиси Молдо Барадар менен жолукканын билдирди.

Буга чейин АКШнын мындай жогорку даражалуу бир да жетекчиси «Талибандын» өкүлдөрү менен кездеше элек болчу. Ортагустун айтымында, Помпео талибдерди 29-февралда Вашингтон менен кол коюлган тынчтык келишимин аткарууну улантууга чакырып, кысым көргөзүү үчүн барган.

Америкалык аскердик тик учак. Ооганстан
Америкалык аскердик тик учак. Ооганстан

Ооган жергесинде дээрлик 19 жылдан бер тынчыбай келаткан согушту токтотууну максат кылган келишимдин шарттарынын бирине ылайык, Кошмо Штаттар Ооганстандагы аскерлерин азайтууга тийиш. Бир нече күн мурун аскерлерди чыгарып кетүүнүн биринчи айлампасы башталган.

Эгер келишимдин шарттары бузулбаса америкалык аскерлер 14 айдын ичинде Ооганстандан толугу менен чыгып кетмекчи. «Талибан» лидерлери менен кездешүүдөн кийин Помпео АКШ жана коалициянын мүчөлөрү аскерлерди мурдагы план боюнча ишке ашырып жатышканын айтты.

Кабул өкмөтү тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөргө жана документке кол коюу жараянына катышкан эмес. Президент Гани келишимдин айрым шарттарына көнбөсүн айтып, кийин жарым-жартылай аткарууга макул болгон.

Бул аз келгенсип Ооганстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Гани сентябрдагы шайлоону жеңгенин жарыялаганы менен Абдулла ал чечимди талашып, 9-мартта атүгүл экөө тең өз-өзүнчө инаугурация өткөрүшкөн.

Талибдер ооган өкмөттүк күчтөрүнө каршы кол салуудан баш тарткысы жок, тынчтык келишиминде каралган Кабулдагы бийлик менен диалогго да дилгир эместей. Бир нече күн мурун ооган коргоо министри Асадулла Халид коронавирус жайылып жаткан кезде ок атышууну токтотуу сунушун киргизген:

«Бул кара тумоонун тарашын алдын алуу үчүн ок атышууну токтотуу зарыл. Ошондо тиешелүү чараларды көрүп өлкөнүн булуң-бурчундагы элге жардам бере алабыз».

Помпео зомбулукту азайтуу «реалдуу» деп, «Талибан» АКШ аскерлерин бутага албоо убадасын аткарып жатканын белгиледи.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG