Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-июль, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 01:28

АКШ Конгресси Кытайга санкция салууну колдоду


Иллюстрациялык сүрөт.

АКШда Өкүлдөр Палатасы Бээжиндин аз улуттарга карата саясатынан улам Кытайга санкция салууну караган мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырды.

Ушул айдын ортосунда бул документти Сенат жактырган болчу. Мыйзам долбоору эми президент Дональд Трампка кол коюуга жөнөтүлөт. Кошмо Штаттардын президенти бул демилгени жакшылап карап чыгарын айткан.

АКШ менен бир катар Батыш өлкөлөрү, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) баштаган эл аралык коомчулук Бээжиндин жүз миңдеген улуттук азчылык өкүлдөрүн эркинен тыш саясий лагерлерде кармап келгенин айыпташат. Кытай болсо дооматтардын баарын четке кагат.

Бул документте Бээжиндин уйгур, казак, кыргыз өңдүү мусулмандарды ар тараптан куугунтуктап-кысмактаган саясатынан улам Кытайдын жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрүнө бир катар санкцияларды салуу каралган. Адам укуктарын чектөө үчүн пайдаланылат деген жабдыктарды Кытайга экспорттоого чектөө киргизилери көрсөтүлгөн.

Өкүлдөр Палатасынын спикери Ненси Пэлоси мыйзам долбоорун колдоп: «Бээжиндин уйгур элине каршы жапайы аракеттери дүйнөдөгү жалпы абийирге шек келтирүү болуп саналат. Шиңжаң-Уйгур автоном облусундагы уйгурлар жана башка мусулман азчылыктар катуу басым-кысымга кабылып, укуктары бузулуп жатат», деди.

Бээжин буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Ушул жылдын февраль айында АКШнын мамлекеттик катчысы Казакстанга иш сапары менен келгенде Шинжаң маселесин да козгогон. Майк Помпео казак бийлигин Шинжаңдан качып келген улуттук азчылыктарга башпаанек берүүгө чакырган. Мамкатчы Нур-Султан шаарында туугандары Кытайдагы «саясий кайра тарбиялоо лагерлеринде» кармалып турганын айткан кытайлык казактар менен да жолуккан.

«Шинжаңда болуп жаткандар тууралуу сөз кылсак, биз Кытай өкмөтүнө да, бүгүнкү иш сапарында Казакстандын өкмөтүнө да так айттык. Биз ар бир адамга татыктуу мамиле күтөбүз. Ал жерде болуп жаткандар буга шайкеш келбейт. Казакстандын өкмөтү жакшы иш кылды. Ал Кытай өкмөтү сураган адамдарды өткөрүп берген жок. Биз буга кубанып турабыз. Бирок бул маселе чечилиши керек экенин билебиз», - деген эле Помпео.

Буга чейин АКШ Шиңжаңдагы мусулмандардын абалы боюнча атайын даректүү тасма даярдаган. Кытай бийлиги анда айтылгандарды дароо жокко чыгарган. Шиңжаңдагы өкмөттүк маалымат бюросунун өкүлү Элижан Анаит, маселен, байкоочу камералар тууралуу айткан:

«Даректүү тасмада «Шиңжаңдагы көзөмөл камералары жана адамды жүзүнөн аныктоочу системалар уйгурларды жана башка мусулмандарды басмырлаш үчүн колдонулат» деп айтылыптыр. Бул негизсиз жалган жалаа. Жолдордогу, жол кесилиштериндеги жана коомдук жайлардагы камералар социалдык башкарууну жакшыртуу максатында, кылмыштуулуктун алдын алыш үчүн орнотулган. Бул системалар кайсы бир улутка каршы багытталган эмес. Бул жарандарды коргоого багытталган система. Дүйнөнүн башка өлкөлөрү деле социалдык башкарууну жакшыртуу максатында заманбап технологияларды колдонуп жатат».

Өткөн жылдын аягында АКШда Өкүлдөр Палатасы Кытайдагы мусулман азчылыгынын таламын талашкан мыйзам долбоорун да кабыл алган. Ал документте да мусулмандарды ар тараптан кысымга алган саясатына байланыштуу Бээжинге басым-кысым көрсөтүүчү чаралар жазылган. Андан мурдараак АКШнын Сенаты да Кытайдагы уйгурларга байланыштуу мындан жумшагыраак чаралар каралган мыйзам долбоорун колдогон.

Бээжин документти «Кытайга карата кара ниет чабуул» деп баалаган жана анын кесепети оор болорун эскерткен. Анын алдында Журналисттик иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунда аз улуттардын өкүлдөрү менен мусулмандар күчтөп кармалган лагерлер тууралуу ондогон жашыруун документтерди жарыялаган.

Кеңсеси Вашингтондо жайгашкан «Чыгыш Түркстан» улуттук козголуш кыймылы (ETNAM) Кытайда мусулман азчылыктары кармалып турган 500гө жакын лагерь жайгашкан жерди таап чыккан.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде мындай лагерлерде кеминде бир миллиондой киши эркинен тыш кармалып турат.

Бээжин өз дарегине айтылган дооматтарды четке кагып келет жана лагерлерди «тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор» деп атайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.


Пикирлерди көрүңүз (4)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG