Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Гонконгдун автономиясы чектелгени турат


Гонконгдогу нааразылык акциясы маалында тартылган сүрөт. 5-октябрь, 2020-жыл.
Гонконгдогу нааразылык акциясы маалында тартылган сүрөт. 5-октябрь, 2020-жыл.

Бээжин Гонконгдо коопсуздук боюнча жаңы мыйзам киргизүүнү сунуштап жатат. Бул маселе 22-майда башталган Эл өкүлдөрүнүн Улуттук конгрессинин күн тартибине киргенин бийликтин расмий өкүлү билдирди.

Бейшембиде өткөн брифингде Эл өкүлдөрүнүн улуттук конгрессинин маалымат катчысы Чжан Йесуи жыйындын делегаттары Гонконгдо улуттук коопсуздукту сактоо боюнча мыйзам долбоорун карап чыгышарын айтты.

Бирок ал долбоордун чоо-жайын бөлүшкөн жок. "Улуттук коопсуздуктун камсыздалышы бардык жарандарыбыздын, анын ичинде Гонконгдогу мекендештерибиздин дагы кызыкчылыгы", - деди Йесуи.

Расмий Бээжиндин мындай кадамына Гонконгдогу оппозиция дароо реакция жасады.

21-майдын кечинде өткөн маалымат жыйында оппозиция өкүлдөрү бул аракеттер автономиянын беделине шек келтире турганын айтышты. Юрист Таня Чан бул күндү "Гонконгдун тарыхындагы эң кайгылуу күн" катары мүнөздөдү.

1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайтарылган.

Ортодогу макулдашууга ылайык, Бээжин Гонконгдун ички саясатына, анын ичинде сот чечимдерине да кийлигишпеши керек.

Кытай Гонконгду Британиядан кайтарып алып жатканда “бир өлкө, эки система” формуласы боюнча башкара турганын убада калган. Бул формула социалисттик өлкөнүн курамындагы Гонконгдо демократия кепилденет дегенди түшүндүрөт.

Оппозициядагы депутат Деннис Квок Бээжин гонконгдуктарга берген убадасын бузганын айтты:

"Мен эл аралык коомчулукка бул Гонконгдун жок болушу экенин айткым келет. Бул "Бир мамлекет - эки система" деген принциптин аягы. Бээжин Гонконгдун элине берген убадасын толугу менен бузду".

Гонконгдогу демонстрациялар. 8-декабрь, 2019-жыл.
Гонконгдогу демонстрациялар. 8-декабрь, 2019-жыл.

Байкоочулардын пикирине караганда, Кытайдын мындай чарага барышына былтыр Гонконгдо жайында башталып, бир нече айга созулган ири нааразылык акциялары түрткү берди. Ал толкундоолордун тутанышына кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору себеп болгон.

Элдин каршылыгынан улам документ артка чакыртылганы менен бийликке каршы нааразылык толкуну токтогон эмес. Жергиликтүү калк автономиянын башчысы Кэрри Лэмдин кызматтан кетишин жана акциялар маалында камалгандардын чыгарылышын талап кылууну коронавирус пандемиясы башталгыча улантышкан.

2019-жылдын жайында демонстрацияларга 2 миллиондой адам чыккан күндөр болгон.

Кытай нааразылык акцияларын террордук акт катары мүнөздөп, Батыш мамлекеттерин күнөөлөгөн. Ал эми Гонконгдогу Бээжинди жактаган активисттер толкундоолорду ооздуктап, Кытайдын улуттук суверенитетин коргоо үчүн катаал мыйзамдар керек экенин айтып чыгышкан.

The New York Times басылмасы Гонконгдо улуттук коопсуздук боюнча мыйзамдын киргизилиши инвесторлорду, туристтерди чочутушу мүмкүн экенин жазды. Ансыз да былтыр жайында башталган акциялардан улам аймактын экономикасы солгундай түшкөн.

Кыймылсыз мүлккө болгон баа жана ижара акысы төмөндөгөн. Гонконгдогу чет өлкөлүк инвесторлор Сингапур, Тайвань сыяктуу туруктуу аймактарга чыгып кете баштаганы белгиленет.

Кытайдын Эл өкүлдөрүнүн Улуттук конгрессинин жылдык сессиясы быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу эки ай кеч башталды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG