Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 01:05

Кытайдын чечими Гонконгду кайра козгоду


Полициянын чабуулунан качып, тилектешин куткарып бараткан демонстранттар. Гонконг. 24-май, 2020-жыл.

Кытайдын Гонконгго карата иштеп чыккан коопсуздук мыйзамы кайрадан эл аралык коомчулуктун талкуусуна түштү. АКШ санкция саларын эскертсе, башка өлкөлөр Бээжинди сындап жатат. Гонконгдун өзүндө миңдеген адамдар көчөгө чыкты.

Гонконгдун миңдеген тургундары жекшембиде кайрадан көчөгө чыгышты. Полиция аларды жаш агызчу газ, суу менен атып тосуп алды. 200гө чамалуу киши кармалды.

Коронавируска байланыштуу чектөөлөргө карабай уюштурулган көчө жүрүштөрүнө бул ирет Бээжиндеги эл өкүлдөрүнүн демилгеси себеп болду.

Өткөн аптада башталган Коммунисттердин жылдык жыйынында Гонконгдун улуттук коопсуздугу боюнча мыйзам талкууга коюлган. Жаңы эреже жикчилдикке, бөлүп-жарууга, козголоңго шыкак берүүгө, террордук аракеттерге жана чет элдик кийлигишүүгө каршы деп түшүндүрүлгөн. Ошондой эле Кытайдын чалгын кызматтарынын аймакта иш алып барышына жол ачат.

Жүрүшкө чыккандар.
Жүрүшкө чыккандар.

Жергиликтүү тургундар мында автономиянын өз алдынчалыгына доо кетирген көмүскө мүдөө бар экенин айтып, каршы чыгышты. Алардын бири демократ-саясатчы Лам Чук-Тинг.

«Гонконгдун абалы чынында өтө оор, - деди ал. - Кытайдын Коммунисттик партиясы келечекте Гонгонгдун элин тыйып-кысыш үчүн кырсыктуу мыйзамды колдонууда деп чочулап атабыз. Алар «Бир өлкө, эки система» эрежесин бузуп, гонконгдуктардын каршылыгын этибарга албай жатат».

Ал эми студент Давид Вонг ансыз да толук эркин болбой жатканына нааразы экенин айтты:

«Бир өлкө, эки система» дегени менен деле биздин эркиндигибизди чектеп жатышат. Ага ылайык, Гонконгдун эли Гонконгду башкарышы керек эле. Бирок жаңы коопсуздук мыйзамы менен ал толук өзгөрөт»

1997-жылы Гонконг Британиянын ээлигинен чыгып, Кытайдын ээлигине өткөрүлгөн. Ошондогу «Бир өлкө, эки система» келишимине ылайык, Гонконгго жогорку деңгээлдеги автономия берилген. Ички башкарууну, коопсуздугун, каржы маселесин аймак өзү чечип, Кытай тышкы саясат менен коргоону моюнга алган.

Гонконгдо сөз эркиндиги, тынч акцияларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү, сот тутумунун өз алдынчалыгы Кытайга караганда болуп көрбөгөндөй өнүккөн.

Бирок бул баалуулуктарга жыл өткөн сайын Бээжин кийлигишип, кысып баратат деп, жергиликтүү тургундар каршылык акцияларын өткөрүп келишти. Былтыр миллиондогон адам жети айга жакын демонстрация уюштурду. Алар автономия аймагында кылмыш кылган адамды Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзамга каршы чыгып, натыйжада Гонконг аны артка чакырткан.

Бул жолку жаңы демилге ошол жүрүш-акциялардан кийин сунушталууда.

Гонконг дүйнөдөгү финансы борборлорунун бири болгондуктан жаңы чыңалуу бизнесмен-инвесторлорду да чочутууда.

Гонконгдун жетекчиси, Бээжинге жан тартат деген сынга кабылып келаткан Кэрри Лам мыйзам жайкын адамдарга эмес, кылмыш жасагандарга гана тиешелүү деп тынчтандырууга аракет кылды:

Кэрри Лам 26-майда билдирүү жасап, Бээжиндин саясатын колдоду.
Кэрри Лам 26-майда билдирүү жасап, Бээжиндин саясатын колдоду.

«Биз Гонконгдогу 7,5 миллион жаран, ошондой эле өлкөнүн 1 млрд. 400 миллион калкынын коопсуздугу тууралуу сөз кылып атабыз. Жыйынтыгында борбордук өкмөт тарабынан мамлекеттик деңгээлде сунушталган мыйзамды милдеттүү түрдө кабыл алабыз. Эгер каршылык болсо, биз оппозициянын мыйзамсыз аракеттерин мыйзам чегинде карайбыз. Чегинбейбиз».

Каршылыктарга карабай Коммунисттик партиянын сунушу ушул аптанын ичинде кабыл алынары күтүлүүдө. Мындай болгондо Гонконг глобалдык финансы борборунун статусунан ажырап калышы, АКШ Кытайга санкция жарыялашы мүмкүн экенин Вашингтон эскерткен. Евробиримдик, Канада, Британия жана Австралия да Бээжиндин коопсуздук мыйзамын сынга алышты. Ал эми Кытай Америкага «жаңы кансыз согушка жакындап баратабыз» деп эскертти. Буга жалаң эле Гонконг маселеси себеп болгон жок.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG