Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 27-май, 2020 Бишкек убактысы 06:08

АКШ ачык асман келишиминен чыгат


АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн байкоо жүргүзүүчү «Boeing OC-135B» учагы.

АКШ 35 мамлекет кол койгон ачык асман келишиминен чыгарын жарыялады. Вашингтон буга Орусиянын келишимдин шарттарын бир нече жолу бузганын жүйө келтирди. Орусия мындай чечимди сынга алды.

Президент Дональд Трамп АКШ дагы бир эл аралык келишимден чыга турганын 21-майда Вашингтондон жарыялап, ага Орусиянын кадамдары себеп болгонун айтты. «Ачык асман келишими» аттуу бул документ 35 мамлекетке бири-биринин аймагына көзөмөл жүргүзүүчү учактарды жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Курал алып жүрбөгөн мындай учактар келишимге кол койгон өлкөлөрдөгү аскердик жайларга байкоо жүргүзө алат. Кошмо Штаттар Москва бул келишимдин шарттарын бир нече жолу бузганын жүйө келтирди.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

«Менимче, биздин Орусия менен мамилебиз абдан жакшы. Бирок Орусия бул келишимдин шарттарын сактабай жатат. Алар шарттарды аткарганга чейин биз чыгабыз. Ошентсе да жаңы келишим түзүүгө же бул документти кайра иштетиш үчүн бир нерсе кылууга жакшы мүмкүнчүлүк бар», - деди президент Трамп.

Ачык асман келишимине 1992-жылы кол коюлуп, он жылдан кийин гана ишке киришкен. Бул документ ага кошулган мамлекеттердин ортосундагы өз ара ишенимди жана эл аралык туруктуулукту камсыз кылууну максат кылары белгиленген.

Мамлекеттик катчы Майк Помпеонун айтымында, Орусия АКШга Грузиядан де-факто бөлүнгөн Абхазия жана Түштүк Осетия менен чек арасындагы он чакырымдык аймакка жана Балтика боюндагы Калининград эксклавына байкоо жүргүзүүчү учактарды жөнөтүүгө бир канча жылдан бери уруксат бербей келет.

Помпео Москва Крым жарым аралына көзөмөл жүргүзүүчү учактарга май куя турган жай ачып койгонун, бул аркылуу алты жыл мурда аймакты Украинадан аннексиялап алганын мыйзамдаштыргысы келерин билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко Вашингтондун чечими Европанын коопсуздугуна шек келтирерин «РИА-Новости» маалымат агенттигине билдирди. Ал Кошмо Штаттар келишимден чыгууну акташ үчүн «техникалык маселелерди» шылтоо кылып жатканын айтты.

Александр Грушко.
Александр Грушко.

«Эреже катары аскердик коопсуздук тармагындагы бардык келишимдердин табияты татаал экенин эске салгым келет. Саясий эрк болсо бардык маселелер кызматташтыктын алкагында чечилет. Мындан улам учурда АКШ Орусия бузду деп көрсөтүүгө аракет кылып жаткан техникалык маселелерди талкуулоону улантууга эч нерсе тоскоол болбойт», - деди Грушко.

Министрликтин басма сөз өкүлү Мария Захарова келишимдин шарттарын аткарууга байланыштуу Москванын да Вашингтонго дооматы бар экенин билдирди.

Кантсе да АКШ соңку чечими тууралуу документке кол койгон башка 34 мамлекетке расмий билдирүү жөнөткөнү жатат. Буга чейин макулдашууга кирген айрым НАТО өлкөлөрү жана Украина сыяктуу башка мамлекеттер Вашингтонду келишимден чыкпоого үндөшкөн.

Кошмо Штаттардагы айрым конгрессмендер да Трамптын администрациясынын кадамы жарыша куралданууга жана кокустуктан аскердик кагылышууга алып келиши мүмкүн экенин эскертишти. Демократтар көзөмөлдөгөн Өкүлдөр Палатасынын Тышкы маселелер боюнча комитетинин башчысы Элиот Энгел келишимден чыгуу мыйзамсыз экенин, Ак үй мындай жараянды баштаардан мурда Конгресске 120 күн мурун маалымат бериши керек экенин айтты.

АКШнын 41-президенти Жорж Буш (солдо) менен Советтер Союзунун акыркы лидери Михаил Горбачев. Хелсинки, 9-сентябрь, 1990-жыл.
АКШнын 41-президенти Жорж Буш (солдо) менен Советтер Союзунун акыркы лидери Михаил Горбачев. Хелсинки, 9-сентябрь, 1990-жыл.

Советтер Союзу менен АКШнын ортосунда байкоо жүргүзүүчү каттамдарды ачуу жөнүндө алгач ирет 1955-жылы Кошмо Штаттардын президенти Дуайт Эйзенхауэр демилге көтөргөн. Бирок анда совет бийлиги мындай сунушту четке каккан. 2002-жылы ишке киришкен бул келишимди түзүү аракети 1989-жылы Жорж Буш (улуусу) президенттик кызматка киришкенде жанданган.

Былтыр АКШ Советтер Союзу менен 1987-жылы кол коюлган Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу келишимден чыгып кетип, анда да Москванын документин шарттарын бузганын жүйө келтирген.

Эки өлкөнүн ортосундагы куралдануу жараянын тескеген «New START» аттуу акыркы ири келишимдин мөөнөтү 2021-жылдын февраль айында аяктайт. Москва бул документтин мөөнөтүн дагы беш жылга узартууну сунуш кылган. Президент Трамптын администрациясы бул келишимге Кытайды да кошуш керек экенин белгилеп келет. Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О'Брайен президент Трамп «New START» келишимин узартууну көздөп турганын 21-майда маалымдады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG