Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

АКШ менен Орусиянын ортосундагы тарыхый ракеталык келишим токтойт


Михаил Горбачев жана Рональд Рейган келишимге кол коюп жаткан учур. Вашингтон, 8-декабрь, 1987-жыл.
Михаил Горбачев жана Рональд Рейган келишимге кол коюп жаткан учур. Вашингтон, 8-декабрь, 1987-жыл.

АКШ жана Орусия 2-августта 31 жыл мурда түзүлгөн, ракетанын бир катар түрүн жок кылууга салым кошкон маанилүү өзөктүк келишимден чыгып жатат.

Келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана жерде жайгаштырылуучу канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган. Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу бул келишимге мындан 31 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол учурдагы президенти Рональд Рейган кол койгон.

Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимдин токтоп жатышын сындагандар бул Кошмо Штаттары менен Орусиянын жарыша куралданышына негиз берет деп эскертишүүдө.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерреш 1-августта келишим токтосо, дүйнө “өзөктүк согуштан сактап турган баалуу коргоочудан кол жууйт” деп билдирди.

АКШнын жана НАТОнун өкүлдөрү Орусия келишимди бузган ракеталарды жасап жатканын, өзгөчө «9М729 Новатор» деген жаңы ракетасы документтеги шарттарды бузарын жана анын радиусу 1500 километрге жетерин айтып келишкен. Москва болсо айтылган дооматтарды четке каккан.

Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишим жана 2010-жылы Орусия менен АКШ президенттери кол койгон Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды азайтуу жана чектөө тууралуу келишим өзөктүк куралы бар державалардын жарыша куралдануу дымагын чектеп келе жаткан негизги макулдашуулар болгон.

Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды азайтуу жана чектөө тууралуу келишимдин мөөнөтү да Орусия жана АКШ президенттери улантпаса, 2021-жылы аяктайт.

XS
SM
MD
LG