Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Беларуста Лукашенкого каршы ири акциялар өттү


Минскидеги миңдеген киши катышкан жүрүш, 16-август, 2020-жыл.
Минскидеги миңдеген киши катышкан жүрүш, 16-август, 2020-жыл.

Жекшемби күнү Беларуста президент Александр Лукашенконун бийлигине каршы ири акциялар өттү. Баш калаа Минскидеги "Эркиндик үчүн!" маршына он миңдеген адам катышты. Ошол эле күнү президент Александр Лукашенконун тарапкерлери да митингге чыгышты.

16-августта Минскинин Жеңиш паркынын жанында кылкылдаган эл топтолду. Айрым маалыматтарга ылайык, "Эркиндик үчүн!" деп аталган маршка 100 миңден 200 миңге чейин адам катышты. Айрым байкоочулар бул маршты Беларустун эгемен тарыхындагы эң ири акция деп мүнөздөп жатышат.

Жүрүшкө чогулгандар кызыл-ак байрактарды көтөрүп, “Жаша, Беларус!”, “Кет!”, "Трибунал!" жана "Саясий туткундарга боштондук!" деп ураан чакырып жатышты. Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну жана президент Александр Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылган мындай акциялар Беларустун бир нече шаарында өттү. “Азаттыктын” беларус кызматынын маалыматы боюнча өлкө батышындагы Гродно шаарындагы маршка 10 миңдей киши чыкты.

Литвага чыгып кеткен оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская өткөн жума күнү кайрылуу жолдоп, элди өз добушун коргоого, дем алыш күндөрү массалык жыйындарды уюштурууга чакырган болчу. Анын өнөктөштөрүнүн бири Мария Колесникова жекшембиде Минскидеги акцияда сүйлөп, Лукашенкону "мурдагы президент" деп атады.

"26 жылдын ичинде биринчи жолу биз Европанын эркин эли экенибизди сезип жатам. Биз биримдик менен жеңебиз. Биздин башкы талап: мурдагы президент отставкага кетиши керек!", - деди камакка алынганы үчүн шайлоого катыша албай калган мурдагы банкир Виктор Бабариконун штабынын мурдагы жетекчиси Колесникова.

Жекшембиде кечке жуук миңдеген демонстрант Беларустун коопсуздук кызматынын башкы имаратына жана өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, саясий туткундарды бошотууну талап кылды.

Лукашенкону колдогон митинг

Минскиде түштөн кийин башталган бул акциядан эки саат мурда Эгемендик аянтында президент Александр Лукашенкону колдогон митинг уюштурулду. Беларустун Ички иштер министрлиги ага 65 миңдей адам катышканын маалымдады. Бирок бул акцияга башка аймактардан автобус менен адамдарды ташып келип жатышканын айгинелеген видеолор социалдык тармактарга тарап жатат.

Чогулгандардун алдында чыгып сүйлөгөн Лукашенко Беларустун чек арасына жакын жерде НАТОнун танктары менен учактары топтолуп турганын, коңшу өлкөлөр Беларуста жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатышканын, ал мындай талапка көнбөй турганын айтты. Бирок НАТОнун басма сөз кызматы андай дооматты "негизсиз" деп атады.

Мындан тышкары Лукашенко Минскидеги өзүн колдогон акцияда “шайлоону бурмалады” деген айыптарды четке кагып, отставкага кетпей турганын белгиледи.

"Урматтуу достор, мен силерди "мени коргогула" деп чакырган жокмун. Албетте, ал жагдай деле бар. Силер чейрек кылым ичинде биринчи жолу өз өлкөңөрдү, эгемендигиңерди, үй-бүлөңөрдү, аялыңарды, эжелериңерди жана балдарыңарды коргоо үчүн бул жерге келдиңер", - деди Лукашенко.

Александр Лукашенко Эгемендик аянтында сүйлөп жаткан учур, 16-август 2020-жыл.
Александр Лукашенко Эгемендик аянтында сүйлөп жаткан учур, 16-август 2020-жыл.

Аны улай Беларусту 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Лукашенко орус президенти Владимир Путин менен кайрадан телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгилүү болду. Анда Путин эгер зарылчылык болсо Орусия Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында Беларуска жардам берүүгө даяр экенин айткан. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайты кабарлады. Расмий пресс-релизде Беларуска сырттан басым көрсөтүлүп жатканы белгиленгени менен алар кимдер экени так айтылган эмес.

Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы акциялар башталгандан бери Минск менен Москванын ортосунда сүйлөшүүлөр жандана түштү. Бир күн мурда да Лукашенко Путин менен телефондон сүйлөшүп, "коркунуч жалгыз гана Беларусту тооруп турбаганын" билдирген. Аны улай Лукашенко Путин "Беларустун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн" жардам көрсөтүүнү сунуш кылганын өлкөнүн аскердик жетекчилерине айтып берген.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 9-августтагы шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан президент Александр Лукашенко добуштардын 80%, Светлана Тихановская 10% алганын билдирген. Тихановская мындай жыйынтыкты четке кагып, шайлоону өзү жеңгенин күбөлөндүргөн далилдер жетиштүү экенин билдирип келет. Батыш өлкөлөрү да Беларуста Лукашенко бийликте турган учурда өткөн бир дагы шайлоону эркин жана адилет деп тааныган эмес.

Гомель шаарында акция чыккандар, 16-август 2020-жыл.
Гомель шаарында акция чыккандар, 16-август 2020-жыл.

Бир жумадан бери Беларуста токтобой жаткан нааразылык акцияларынын алгачкы төрт күнү милиция күч колдонуп, катышкандарды кармоо менен коштолгон. Беларустун Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, акцияларда 7 миңдей адам кармалып, алардын бир бөлүгү коё берилди. Милициянын аракетинен улам кеминде эки демонстранттын өмүрү кыйылганы кабарланды. Күч кызматкерлери акыркы бир нече күнкү тынч акцияларга кийлигишкен жок.

Ал арада Беларустагы оппозициячыл акцияларды колдогон мамлекеттик кызматкерлердин, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү көбөйүп баратат. 15-августта алардын катарына Беларустун Словакиядагы элчиси Игорь Лещеня да кошулду. Ал “Наша Нива” сайты жарыялаган видео кайрылуусунда беларус милициясынын демонстранттарга жасаган мамилесин советтик доордогу НКВДнын иш-аракеттерине теңеди. Өткөн аптада Беларустагы бир нече завод-фабрикалардын жумушчулары иш таштаган болчу.

Рим папасы Франциск 16-августтагы сыйынуу жөрөлгөсүндө Беларусту диалогго, зомбулукту токтотууга жана адам укуктарын сыйлоого чакырды. 15-августта АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Лукашенкону жарандык коомдун талаптарына кулак салууга үндөгөн эле.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG