Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

AP агенттиги Беларуста каза болгон демонстрантка ок тийген учурдагы кадрларды жарыялады


Кан чулганган ак футболкачан Александр Тарайковский атайын кызматтын аскерлеринин алдында. Минск, Беларус. 10-август, 2020-жыл.
Кан чулганган ак футболкачан Александр Тарайковский атайын кызматтын аскерлеринин алдында. Минск, Беларус. 10-август, 2020-жыл.

"Associated Press" (AP) агенттиги Минск шаарында 10-август күнкү каршылык акциясынын катышуучусу каза болгон учурда тартылган видеону жарыялады.

Бул трагедиянын айрым кадрлары мурдараак интернетке чыккан эле. Ишембиде жакын аралыктан тартылган жаңы сүрөт коюлган. Аны айрым жалпыга маалымдоо каражаттары “күндүн сүрөтү” деп аташкан. Сүрөттө фотограф Александр Тарайковскийди алды жагынан тартканы көрүнөт. Алардын ортосунда атайын кызматтын бир нече аскерлери турганын көрүүгө болот.

Мындан сырткары Тарайковскийдин арт жагынан тартылган дагы бир видео кадр бар. Видеодо колун көтөргөн жаран аскерлер тизилген жерге жакындаганда, ал жактан ок чыккан сыяктуу оттун ачык жарыгы чыгат. Айрымдар муну ок атылган учур деп аташты.

Алгач жарыяланган видеодо ак футболкачан демонстрант бир эки кадам жасагандан кийин чалкасынан жыгылганы тартылган. Бир аздан кийин аскерлер жыгылган адамды алып кетишкен.


"Associated Press" агенттигинин видео кадрларына карата бийлик тараптан расмий билдирүү боло элек.

Минск шаарында ишемби күнү Беларустун борборунда 10-август күнкү каршылык акцияларында мерт болгон Александр Тарайковский менен коштошуу иш-чарасы өттү. «Азаттыктын» беларус кызматы кабарлагандай, 34 жаштагы жаран каза болгон Пушкин аянтына бир нече миң киши чогулду.

Беларустун Ички иштер министрлиги демонстрант өзүнүн колундагы жардыруучу түзмөктөн каза болгон деп белгилеп жатат. Жарандар тарткан видеодо көрүнүп тургандай, анын колунда эч кандай түзмөк болгон эмес, ал эми медициналык бүтүмдө көкүрөгүндөгү жарааттан улам каза болгону айтылат. Акциянын катышуучулары Тарайковский атайын кызматтын огунан өлгөн деп эсептешет.

Расмий маалыматтарга ылайык, Александр Тарайковский Беларустагы акциялардан каза болгон жалгыз адам. Башка адамдардын мерт болгону тууралуу кабарлар ырастала элек. Акциянын бир нече катышуучулары оор абалда жатышат, жүздөгөн адамдар ооруканага жаткырылган. Алардын көбү атайын кызмат жана милиция кызматкерлери менен кагылышуу учурунда жараат алган, айрымдары кармалгандан кийин сабалган. (ErN)

XS
SM
MD
LG