Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

Тихановская Беларустан Литвага чыгып кетти


Беларуста үчүнчү түн катары менен нааразылык акциялары токтой элек.
Беларуста үчүнчү түн катары менен нааразылык акциялары токтой элек.

Беларуста президенттик шайлоодо Александр Лукашенконун башкы саясий атаандашы болгон Светлана Тихановская Литвага чыгып кетти.

Анын алдында оппозициячыл талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу арыз тапшырганы барган жана ал жерде бир нече саат бою күч менен кармалып турганы белгилүү болгон.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар үчүнчү түн катары менен Минск баштаган бир катар шаарларда нааразылык акцияларына чыгышты.

Ушул тушта Литвада баш калкалап жаткан Светлана Тихановскаянын штабы өлкө жетекчилерин «бийликти элге өткөрүп берүүгө» чакырды. Штабдын «Телеграм» каналы жарыялаган кайрылууда: «Биз добуштарды бурмалоого каршы чыккандарды жана өз укугу үчүн тынч жолу менен күрөшүп жаткандарды колдойбуз. Биз өзүнүн жана балдарынын жаркын келечегине болгон укугун талашып жаткандар менен тилектешпиз. Биз зомбулукка каршыбыз жана бийликти жайкын жарандарга каршы курал колдонбоого чакырабыз. Биз бийликти элге тынч жол менен өткөрүп берүү боюнча диалог баштоого чакырабыз», деп жазылган.

Беларус, 11-август, 2020-жыл.
Беларус, 11-август, 2020-жыл.

Тихановская дүйшөмбүдө БШКга шайлоонун жыйынтыгы тууралуу арызын тапшыргандан кийин өлкөдөн Литвага чыгып кеткен. Анда оппозициячыл талапкер БШКда бир нече саат бою эркинен тыш кармалып турганы, анда опузага кабылганы боюнча маалыматтар чыккан.

Ошондон көп узабай Тихановскаянын таптакыр эки башка маанайда тартылган видеосу тараган. TUT.BY эркин басылмасы жарыялаган алгачкы эки мүнөттөй кайрылуусунда оппозициячыл талапкер балдарынан улам оор чечим кабыл алганын айткан.

«Мен билем, көп адамдар мени түшүнүшөт, көбү сындашат, көбү жек көрүшөт. Бирок билесиздерби, мен туш болгон тандоону кудай башка салгылык кылбасын», - деп айткан ал видеодо Тихановская.

Андан кийин Орусия менен Беларустагы өкмөтчүл маалымат каражаттары Тихановскаянын 37 секунддук экинчи видеосун коюшкан. Анда Тихановская барактан көзүн албай: «Мен силерди полицияга каршы чыкпоого чакырам. Аянтка барбагыла», - деген сөздөрдү окуп берген.

Бул видеолор айрыкча социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат жана анда экинчи видеону коркутуп жаздырып алышкан болушу ыктымал деген мазмундагы пикирлер басымдуулук кылат.

Минск, 10-август, 2020-жыл.
Минск, 10-август, 2020-жыл.

Беларусту соңку 26 жылдан бери башкарып турган, алтынчы ирет президенттикке шайланганы жарыяланган Александр Лукашенко БШКнын эсебинде добуштардын 80,2% алган. Расмий маалыматтар боюнча Тихановскаяны шайлоочулардын 10% жакыны колдогон. Бирок оппозиция шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тарткан. Минск баштаган бир катар шаарларда шайлоонун мындай жыйынтыгына нааразылык билдирген адамдар үчүнчү түн катары менен көчөгө чыгышты.

Каршылык акцияларында жүздөгөн адам камалды. Ички иштер министрлиги бир адам мерт болгонун ырастады, бирок ал кандай жагдайда көз жумганы тууралуу маалымат берген жок. Оппозиция 11-августтан тартып жалпы элдик иш таштоого чакырды.

Беларустагы окуялар боюнча АКШ үн катты. Ак үй тараткан билдирүүдө: «Биз Беларустагы президенттик шайлоого байланыштуу кабатырлыгыбызды билдирибиз жана Беларус өкмөтүн жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугун урматтоого жана күч колдонуудан карманууга чакырабыз», деп айтылат.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео да элге каршы күч колдонбоого, каршылык акцияларында мыйзамсыз кармалгандарды бошотууга үндөдү. Ушундай эле мазмундагы билдирүүлөрдү Британия, Франция таратты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG