Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Лукашенко: Путин жакшы дос, бирок басымга чыдабайм


Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Беларус президенттигине талапкер Светлана Тихановскаянын Минскиде белгиленген митинги өтпөй калганына карабастан, анын тарапкерлери баш калаадагы парктардын бирине чогулуп, колдоо билдиришти.

“Жүрөктөрүбүз өзгөрүүнү каалайт”

Ак кийимчен, колуна ак тасма байланган жүздөгөн адамдар 6-июлдун кечинде Беларус баш калаасынын Киев скверинде топтолуп, Виктор Цойдун “Жүрөктөрүбүз өзгөрүүнү каалайт” деген ырын аткарып турушту.

6-июль күнү кечке жуук баш калаанын Эл достугу паркында Тихановскаянын митинги өтмөк. Бирок ошол күнү бийлик ал паркта Темир жолчулардын күнү майрамдаларын кабарлап, митинг өтпөй калган.

Мындан улам Тихановская жана аны колдоп жүргөн Мария Колесникова менен Вероника Цепкало өз тарапташтарын Киев скверине барууга чакырышкан.

Виктор Цойдун ырын ошол жактагы имараттардын биринин кызматкери койгон. "Весна" укук коргоо борбору кийин ал эки адам кармалганын билдирди.

Скверде байланыш начар болуп, Интернет дээрлик иштеген эмес. Ошол себептен топтолгондор маалымат вакуумунда калганын айтып жатышты.

Бир топтон кийин ал жакка Мария Колесникова менен Вероника Цепкало барды. Бирок аларды тартип коргоочулар эл чогулган жерге өткөрбөй койгон. Ошол себептен алар машинеден кыска убакытка чыгып, тарапташтарына ыраазычылык билдирип, чагымга алдырбай тарап кетүүгө чакырышкан.

Пикет аяктагандан кийин Колесникова "Настоящее время" каналына курган маегинде бийлик канчалык тыюу салса да жүздөгөн адамдар өзгөрүүнү каалап турганын акция аркылуу көрсөтүүнү максат кылганын айтты.

Тихановскаянын штаб башчысы кармалды

Ошол эле күнү 6-августта күндүз Светлана Тихановскаянын шайлоо штабынын жетекчиси Мария Мороз кыска убакытка кармалып, бошотулду. Маалым болгондой, ага “уруксат берилбеген митингдер өткөрүлсө, камалып кетиши мүмкүн экенин” эскертишкен.

Морозду Минскидеги Литванын элчилигинин кире беришинде бир нече адам кармап кеткен.

Анын айтымында кармап кеткендер Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулук жана экстремизмге каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери болгон.

Ал арада Беларус бийлиги 6-августта Тихановскаянын командасында иштегендерди өлкө аймагында кармоону улантты. Алардын арасында үгүт кампаниясынын координатору Андрей Хильчик бар. Ал өлкө чыгышындагы Гомель шаарында кармалган. Ошондой эле батыштагы Гродно шаарында кампаниянын дагы бир өкүлүн коопсуздук күчтөрү кармап кетишти.

Светлана Тихановская, Вероника Цепкало жана Мария Колесникова. Гродно шаары. 1-август, 2020-жыл.
Светлана Тихановская, Вероника Цепкало жана Мария Колесникова. Гродно шаары. 1-август, 2020-жыл.

Тихановскаянын соңку жумаларда баш калаа Минскиде жана башка шаарларда өткөрүлгөн митингдерине он миңдеген тарапташтары топтолгон.

Президент Лукашенко 9-августта өтө турган шайлоонун алдында оппозициянын буга чейин болуп көрбөгөндөй каршылыгына туш болууда. Анткен менен аналитиктердин көбү ал алдоо жана оппозицияны куугунтуктоо жолу менен жеңип чыгарын боолгошууда.

4-августта айрым аймактарда мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды.

Оппозициячыл саясатчылар, укук коргоочулар жана Лукашенконун сынчылары бардык жарандарды мөөнөтүнөн мурда добуш бербөөгө чакырышкан. Алар дал ушул жол аркылуу бийлик шайлоонун жыйынтыгын бурмалайт деген пикирде.

Лукашенко: Өлкөмдөн эч жакка качпайм

Беларус президенти Александр Лукашенко өлкөсүнөн эч кайда качпай турганын кайталады. Бул тууралуу ал украиналык журналист Дмитрий Гордон менен маегинде билдирди. Бейшембиде кечинде интернетте жарыяланган берүүдө Лукашенко эгер анын мамлекетине каршы кандайдыр куралдуу агрессия жасалса, чагымчыларды атууга буйрук бере турганын кошумчалады.

Беларусту 26 жылдан бери башкарып келаткан Лукашенко Орусияны шайлоого кийлигишкени үчүн дагы бир ирет айыптады. Ал бийликтегилерге жакында Беларуста кармалган орусиялык жарандарга Москвадан “ким буйрук бергени" маалым экенин айтты.

Беларус президенти Александр Лукашенко украиналык журналист Дмитрий Гордонго маек куруп жатат. 5-август, 2020-жыл. Минск.
Беларус президенти Александр Лукашенко украиналык журналист Дмитрий Гордонго маек куруп жатат. 5-август, 2020-жыл. Минск.

Лукашенко ошондой эле Украинанын мурдагы жетекчилигин дагы Крымды колдон чыгарып жибергени үчүн сынга алды. “Эгер менин алакандай жеримди кимдир бирөө басып алууга аракет кылса, миңдеген киши жок болмок», - деди ал.

Лукашенко Орусиянын президентин “саясатта жол көрсөтүп жардам берчү улуу ага" жана "жакшы дос" катары сыпаттады. Ошону менен катар ал ар кайсы убактарда Москва Минскиге басым жасап келатканын, азыр Кремль ал келечекте да Беларустун президенти болушун каалабай турганын кошумчалады.

Лукашенко ага коронавирусту атайлап жугузушканын, бирок ал инфекцияны чуркап иштеп жүрүп жеңгенин билдирди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG