Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:04

Минск: «Орус чагымчылдары кармалды»


Минскиде кармалган орусиялыктар.
Минскиде кармалган орусиялыктар.

Минск Беларуста кармалган орусиялыктарды «теракт уюштурганы келишкен» деп айыптады.

Беларуста колго түшкөн орусиялыктарга «теракт уюштурууга камынып жаткан» деген айып менен кылмыш иши козголду.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Андрей Равков Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) президентикке талапкерлер менен жолугуп, өлкө аймагында дагы 170тей чет өлкөлүк жалданма аскер издөөгө алынганын айтып, массалык иш-чара өткөргөндө чагымчылар менен бүлүк салчулардан этият болуш үчүн коопсуздук чаралары күчөтүлөрүн эскертти.

29-июлга караган түнү Беларустун күч түзүмдөрү Минскинин алдындагы санаторийде 32 киши, өлкөнүн түштүгүндө дагы бир киши кармалганын кабарлашкан. Аларды орусиялык «Вагнер» жеке аскердик компаниянын жалданма аскерлери деп атап, алар «шайлоо өнөктүгү маалында өлкөгө бүлүк салыш үчүн келишкенин» айтып чыгышкан.

Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чакырган президент Алекcандр Лукашенко Орусияны «кара ниеттик» үчүн айыптаган.

«Мен орусиялыктар эмне деп айтарын карап турам. Биз буларды өзүбүз киргизип алгансып, алар актана башташты. Бул түшүнүктүү, алар өздөрүнүн ыплас ниеттерин акташы керек да. Ошон үчүн бул кырдаалда бул фактылар менен ачык жана так болууга чакырам», - деген Лукашенко.

Чукул жыйын.
Чукул жыйын.

Окуядан кийин Орусиянын Минскидеги элчиси беларус Тышкы иштер министрлигине чакырылган. Москвада болсо Мамлекеттик Дума менен Федерация Кеңеши мындай дооматтарды четке кагууда.

Анткен менен кармалгандар - 24-55 жаштагы Орусиянын жарандары. Айрымдары Беларуста, Казакстан менен Украинада туулуп-өскөн.

«Азаттыктын» орус кызматы кармалган адамдардын тизмесин өз алдынча иликтеп, алардын бери дегенде 18и буга чейин Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерге катышканын аныктады.

Бир катар маалымат каражаттары алар Минск аркылуу Суданга же Ливияга өтүп кетүүнү көздөгөн болушу мүмкүн экенин боолголошту. Мындай божомолду колдогон эксперттер бул окуяны расмий Минск «өз кызыкчылыгында колдонуп жатканын» белгилешет.

«Мунун баары митингдерге катышкандарды кескин азайтыш үчүн, нааразылык маанайды басыш үчүн жасалып жатат. Анткени бийлик аймактарда Светлана Тихановскаяны колдогон митингдердин масштабынан чочуп турат. Ал жакта миңдеген адамдар чогулуп, бийликтин тынчын алып жатат. Муну басыш керек болчу», - дейт Минскидеги саясат таануучу Валерий Карбалевич.

Беларуста президенттик шайлоо 9-августта өтөт. Шайлоо өнөктүгү алтынчы ирет президенттикке ат салышып жаткан Александр Лукашенкого каршы нааразылык, массалык жүрүштөр менен коштолуп жатат. Лукашенко өзү «чет жактын күчтөрү», «Москва» шайлоого кийлигишип жатканын башынан айтып келет.

Ал арада президенттикке талапкер - 37 жаштагы тилчи, котормочу Светлана Тихановская өлкөнү кыдырып, миңдеген адамдардын колдоосуна ээ болуп келет.

Ал мурун саясатка аралашкан эмес. Лукашенкону катуу сындаган күйөөсү, блогер Сергей Тихановский «коомдук тартипти одоно бузган акцияларды уюштурган» деп айыпталып, камакка алынгандан кийин президенттикке аттанган.

Светлана Тихановская.
Светлана Тихановская.

Экономист, баяндамачы Сергей Чалый Лукашенко «орусиялык жалданма аскерлерге», «теракт коркунучуна» шылтап чек араларды бекитип, массалык иш-чаралар менен шайлоо өнөктүгүнө даярданып жатат деп эсептейт.

«Орусия тараптан кийлигишүү, аскердик кийлигишүү тууралуу божомол ишке ашырылып жатат, - деди ал. - Бул эки башкы максатты көздөгөн аракет. Биринчиси - бул аракеттерди кийин талапкерлердин бирөө, ошол эле Светлана Тихановская менен байланыштырып коюуга болот. Анткени, анын күйөөсү Сергей Тихановкий Москва менен байланышы бар деген сөздөр тараган. Экиничи максаты – бул «кокустан бизде «2010-жылы 19-декабрда болгон кандуу жекшемби» сыяктуу орчундуу окуялар болуп кетсе, менин оппозиция менен күрөшүм эмес, Орусия тарап уюштурган төңкөрүштүн алдын алуу аракетим катары баалагыла» деп Батыш өлкөлөрүнө карата жөнөтүлгөн кабар».

Орусияда мыйзамдарга ылайык «Вагнер ЧВКсынын» ишмердүүлүгүнө уруксат берилген эмес. Бирок жалданма орусиялык согушкерлер Украинада, Сирияда, Ливияда аскердик аракеттерге катышып жүргөнү тууралуу далилдер жарыяланып келет. Маалымат каражаттары «вагнерчилерди» «Путиндин ашпозчусу» деген атка конгон питердик олигарх Евгений Пригожин каржылай турганын жазып жүрүшөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG