Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Лукашенкону санаага салган шайлоо


Беларуста президенттик шайлоо 9-августта өтөт.
Беларуста президенттик шайлоо 9-августта өтөт.

Беларуста кезектеги президенттик шайлоого бир аптадан азыраак убакыт калды.

Бул шайлоо мурдагылардан кескин айырмаланып, калайман каршылык акциялар көбөйгөн маалда өтүп жатат.

Андан сырткары азыркы президент Александр Лукашенкого атаандаш талапкерлер чыкты.

Бир катар саясат талдоочулар соңку 26 жылдан бери бийликте турган Лукашенко бул жолу добуш берүүнүн биринчи айлампасында эле утулуп калышы мүмкүн дешет.

Электен өтпөй калган талапкерлер

Беларус бийлиги талапкерлерди каттоо маалында эле Александр Лукашенко менен теңтаймаша алышы мүмкүн деген адамдарды электен өткөрбөй койгон. Аларды бири - белгилүү видеоблогер, Сергей Тихановский ушул тушта камакта. Ага «калайман башаламандык уюштурууга аракет кылган» деген айып коюлган.

Шайлоого катышуу ниетин билдирген «Белгазпромбанктын» мурдагы башчысы Виктор Бабарико да камалган. Ал «Арам акчаны адалдоо», «Көз боёмочулук жана паракорчулук» деген беренелер боюнча шек саналып жатат. Андан сырткары IT-ишкер Валерий Цепкало жетиштүү кол топтой алган жок жеген негизде шайлоого катталбай калган. Жергиликтүү маалымат каражаттар ага дагы кылмыш иши козголгонун жазышкан.

Цепкало Беларустан Украинага чыгып кеткенге аргасыз болгон. Ал ушул тушта Киевде жүргөндө «Настоящее время» телеканалы менен маектешип, соңку жагдай тууралуу комментарий берди. Эгер Беларуста калайман каршылык акциялар башталса, Александр Лукашенко өлкөдөн качууга аргасыз болот деген оюн айтты:

«Мен Лукашенко курал колдонуу тууралуу буйрук берүүдөн сестенет деп ойлойм. Эгер добуш берген күнү 20 миң адам чыкса, балким аларды кууп таратышы мүмкүн. Эгер 100 миңдей адам чыкса, ал учагына отуруп алып, кайсы бир өлкөгө качат. Мен беларус армиясы өз элине каршы курал колдоноруна ишенбейм. Бул аларга атак-даңк алып келбейт. Аларды баатыр кылбайт. Бул жерде эч кандай эрдик жок. Алардын абийири төгүлөт. Алар Лукашенко менен алардын үй-бүлөсүнө кызмат өтөйбүз деп ант берген эмес. Алар беларус элине кызмат өтөйбүз, коргойбуз деп ант беришкен. Кыйчалыш учурда алар абийир, ар-намыс деген эмне экенин ойлонот деп ойлойм. Алар Лукашенконун кылмыштуу буйруктарын аткарышпайт», - деди бозгунда жүргөн Цепкало.

Лукашенкого атаандаш айымдар

Беларустун Борбордук шайлоо комиссия азыркы президент Александр Лукашенко баштаган беш адамды - Светлана Тихановскаяны, Андрей Дмитриевди, Анна Канопацкаяны, Сергей Череченди каттаган.

Сергей Тихановский камакка алынгандан кийин шайлоого анын ордуна аялы Светлана Тихановская аттанган жана мурдагы үй кожойкеси азыр Александр Лукашенконун башкы саясий атаандашына айланды. Анын штабы менен өткөн айда расмий каттоодон өтпөй калган Виктор Бабарико менен Валерий Цепкалонун штабдары бириккен. Натыйжада шайлоого үч аял - Тихановская, Бабариконун шайлоо штабынын координатору Мария Колесникова жана Цепкалонун аялы - Вероника Цепкало болуп чогуу бир команда болуп аттанган. Светлана Тихановскаянын шайлоочулар менен жолугушууларына миңдеген адамдар катышып жатат.

Дагы бир кызматтык мөөнөткө калууну көздөп жаткан Александр Лукашенко үгүт иштерин расмий өткөргөн жок. Акыркы апталарда ал негизинен аскер бөлүктөрүн, күч түзүмдөрүн кыдырды. Лукашенко демонстранттарды суу бүркүп кууп таратуу боюнча машыгууну көрдү жана «армияда кызмат өтөгөн гана адам президент боло алат» деп айтты. Ал 4-августта беларус элине жана Улуттук кеңешке кайрылуу жасаганы жатат. Анын атынан шайлоочулар менен анын ишенимдүү адамдарды кыдырып жүрөт жана адатта мындай жолугушуулар жабык, журналисттердин катышуусу жок өтүп келет.

Александр Лукашенко Беларусту 1994-жылдан бери башкарып келет.

«Үчүнчү күчтөр»

Беларуста мартта башталган калайман каршылык акцияларда баш-аягы миңден ашуун адам кармалды, алардын арасында саясатчылар, журналисттер жана жарандык активисттер бар. Укук коргоочулардын эсебинде, саясий туткундардын саны 25ке жетти. Лукашенко каршылык акциялар боюнча «үчүнчү күчтөрдү» күнөөлөп келет.

Өткөн айдын аягында беларус атайын кызматы Минскиге жакын жерден «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын жалданмалары болушу ыктымал деген 32 адам кармалганын билдирген. Өлкөнүн Тергөө комитети аларга Беларуста президенттик шайлоонун алдында массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүп жатышкан деген айып койгон.

Беларустун президенти Александр Лукашенко бул окуядан кийин Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакырып, «Орусиянын ыплас ниети» тууралуу билдирген.

Айрым маалымат каражаттары кармалган жалданмалар Беларус аркылуу Ливияга же Суданга ал жактагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн барганы жаткан болушу ыктымал экенин жазып чыгышты.

Москва Минскинин мындай дооматтарын четке каккан. Орусиянын Беларустагы элчиси Дмитрий Мезенцев кармалган орусиялык жарандар жеке ишкананын кызматкерлери экенин, Минск аркылуу Стамбулга коммерциялык келишимге ылайык, «энергетикалык мекеменин коопсуздугун камсыз кылып бериш үчүн» бара жатышкан айткан.

Буга чейин «Вагнер жеке аскердик уюму» Орусиянын президенти Владимир Путиндин «ашпозчусу» атыккан олигарх Евгений Пригожинге таандык экени, анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу бир катар маалыматтар чыккан. Бирок Пригожин да, Кремль да мындай аскердик түзүмдөр бар экенин расмий түрдө бышыктаган эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG