Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Беларуста кармалган орусиялыктар теракт боюнча шек саналып жатат


Кармалгандар тууралуу Беларустагы мамлекеттик телеканалдарда сюжеттер көрсөтүлдү.
Кармалгандар тууралуу Беларустагы мамлекеттик телеканалдарда сюжеттер көрсөтүлдү.

Беларуста колго түшкөн орусиялык жарандарга «теракт уюштурууга камынып жаткан» деген айып менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 30-июлда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Андрей Равков журналисттерге кабарлады.

Шаршембиде «БелТА» мамлекеттик маалымат агенттиги күч органдары Минискиден анча алыс эмес жерде Орусиядагы «Вагнер жеке аскердик уюмунун» 32 жалданма аскерин колго түшүрүшкөнүн жазган. Ошол күнү кечинде президент Александр Лукашенко Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чогулткан. Анда Лукашенко Орусияны «ыплас ниети бар» деп айыптаган. Орусиянын Минскидеги элчиси беларус Тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы менен Федарация Кеңеши болсо мындай дооматтары четке какты.

Беларустун атайын кызматы өлкөгө жалпысынан 200дөн ашык жалданма аскер келгенин, алардын максаты шайлоо өнөктүгү маалында «жагдайдын туруктуулугун бузуу» экенин айткан. Бир катар маалымат каражаттары алар Беларус аркылуу Суданга же Ливияга өтүп кетүүнү көздөшкөн болушу мүмкүн экенин боолголошкон.

«Азаттыктын» орус кызматы кармалган адамдардын тизмесин өз алдынча иликтеп, алардын бери дегенде 18и буга чейин Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерге катышканын аныктады.

Буга чейин «Вагнер жеке аскердик уюму» Орусиянын президенти Владимир Путиндин «ашпозчусу» атыккан олигарх Евгений Пригожинге таандык экенин, анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу бир катар маалыматтары чыккан. Бирок Пригожин да, Кремль да расмий түрдө мындай аскердик түзүмдөр бар экенин бышыктаган эмес.

Беларуста президенттик шайлоо 9-августта өтөт. Анда азыркы президент Александр Лукашенко кийинки мөөнөткө калууну көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG