Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:35

«Досье»: Африкадагы орус журналисттеринин өлүмү боюнча маалымат жашырылган


Орхан Жемаль, Александр Расторгуев жана Кирилл Радченко.
Орхан Жемаль, Александр Расторгуев жана Кирилл Радченко.

Борбордук Африка Республикасында киши колдуу болгон үч орусиялык журналисттин өлүмүн иликтеген тергөө бул кылмыш уюштурулган деген жыйынтыкка келген. Бирок бул маалымат тергөөнүн расмий жыйынтыгында ачык жарыяланган эмес.

«Досье» борборунун жазганына караганда, аталган борборго Орхан Жемал, Александр Расторгуев жана Кирилл Радченконун өлүмү боюнча Борбордук Африка Республикасынын Улуттук жандармериясынын материалдары келип түшкөн. Бул маалыматты «Досье» мурдагы жарыяланган иликтөөсүнө кошумча ирети чыгарды.

Буга чейин көз каранды эмес борбор орусиялык журналисттердин өлүмү боюнча иликтөөсүн 30-июлда жарыялаган. Анда Орхан Жемаль, Александр Расторгуев жана Кирилл Радченконун Интернеттеги жазышуулары, телефон сүйлөшүүлөрү жана бир катар күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү талданып, иликтенген. Ага ылайык, журналисттер Борбордук Африка Республикасына келери менен эле аларды аңдуу башталган, ага «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын өкүлдөрү катышкан. Мындан тышкары «журналисттер карактоонун айынан киши колдуу болду» деген мазмундагы маалыматты таратууга да аралашкан.

Жемаль, Радченко жана Расторгуев былтыр июль айынын этегинде Африканын борборунда киши колдуу болгон. Чыгармачыл топ Африкага 28-июлда барып, 18-августта кайтып келмек. Алар «Вагнердин аскердик жеке компаниясы» (ЧВК Вагнера) деген ат менен белгилүү орусиялык кошуундун ал өлкөдөгү жалданма аскерлери жөнүндө Михаил Ходорковскийдин «Иликтөөлөр борбору» үчүн даректүү тасма тартышмак.

«Вагнерди» бизнесмен, Орусиянын президенти Владимир Путиндин жакын адамы экени айтылган Евгений Пригожин каржылайт деген маалыматтар бар.

XS
SM
MD
LG