Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

Минскиде митингге түмөндөгөн эл чыкты


Президенттикке талапкер Светлана Тихановскаяны колдоп чыккан адамдар. Минск. 30-июль, 2020-жыл.
Президенттикке талапкер Светлана Тихановскаяны колдоп чыккан адамдар. Минск. 30-июль, 2020-жыл.

Беларустун баш калаасында оппозициянын эң ири митинги өттү. Ага түмөндөгөн адамдар чыкты. Мындай көрүнүш соңку он жылдан бери боло элек эле. АКШ Беларусту 9-августка белгиленген шайлоону таза жана калыс өткөрүүгө чакырды.

«Весна» укук коргоо борбору билдиргендей, 30-июлда президенттикке ат салышып жаткан Светлана Тихановскаяны колдоп 63 миңдей адам Минскидеги митингге чыкты.

Алардын алдында сүйлөп жатып Тихановская оппозиция революцияны эмес, «таза шайлоону» көздөй турганын айтты.

«Биз тынчтыкты сүйгөн элбиз жана өлкөбүздөгү өзгөрүүлөр тынчтык жолу менен болушун каалайбыз», - деди ал.

Чогулгандар «Эркиндик» деген ураандарды чакырып турушту. Концерт менен коштолуп, үч саатка созулган митингге коопсуздук күчтөрү кунт коюп көз салып турушту. Кармалгандар тууралуу маалыматтар болгон жок.

Мамлекетти 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко бул жолу оппозициянын катуу каршылыгына туш болууда. Буга соңку бир нече айда көптөгөн жарандык активисттердин, оппозициячыл саясатчылардын кармалышы түрткү болду.

Президенттикке талапкер Светлана Тихановская (ортодо) жана аны колдогон өнөктөштөрү Мария Колесникова менен Валерия Цепкало. 30-июль, 2020-жыл.
Президенттикке талапкер Светлана Тихановская (ортодо) жана аны колдогон өнөктөштөрү Мария Колесникова менен Валерия Цепкало. 30-июль, 2020-жыл.

Светлана Тихановская - оппозициядан шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алган жалгыз талапкер. Калгандарын ар кандай шылтоолор менен Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өткөрбөй койгон. Айрымдарына кылмыш иши козголуп, учурда камакта отурушат.

Алардын арасында Тихановскаянын күйөөсү Сергей да бар. Ал башында президенттикке өзү ат салышууну көздөгөн, бирок БШК уруксат бербей койгондон кийин аялы документтерин тапшырган.

Сергей Тихановский 29-майда Гродно шаарындагы митингде кармалган.

Сергей Тихановскийге коюлган айыптар

Оппозициянын ири акциясынын алдында, 30-июлда Беларустун Тергөө комитети Сергей Тихановскийге каршы бир катар кылмыш иштери козголгонун жарыялады. Ал «социалдык араздашууну козутууга багытталган аракеттерге барган», «тартип коргоочуларга зомбулук көрсөтүүгө чакырык таштаган» деп айыпталууда.

Ошондой эле камактагы дагы бир оппозициячыл саясатчы Николай Статкевичке, Тихановскийге жана башка дагы бир нече адамга «массалык башаламандык уюштуруу фактысы боюнча» кылмыш иши козголгону кабарланды. Бул берене боюнча сегиз жылга эркинен ажыратуу каралган.

Тергөө комитетинин билдирүүсүндө «атайын кызматтардан түшкөн маалыматтарды текшерүүнүн натыйжасында, жогоруда сөз болгон кылмышты аткаруу боюнча шектүү Орусиянын 33 жараны, «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын кызматкерлери Минскиде кармалды» деп жазылган.

Минскидеги акцияда сүйлөп жатып Светлана Тихановская күйөөсүнө коюлган айыптарды четке какты. Ал кармалган жалданма аскерлер тууралуу айтып жатып «баш кесерлер бул жакка атайын шайлоого байланыштуу жиберилгенине эч ким ишенбейт» деп айтты.

Беларус мамлекеттик телеканалдары көрсөткөн репортаждан алынган кадр. 29-июль, 2020-жыл.
Беларус мамлекеттик телеканалдары көрсөткөн репортаждан алынган кадр. 29-июль, 2020-жыл.

Москва: кармалгандар Стамбулга баратышкан

Ошол эле 30-июль күнү коопсуздук кызматтары президенттикке ат салышып жаткан талапкерлерге үгүт өнөктүгүнүн маалында «чагымчыл иштер» болуп кетиши мүмкүн экенин эскертип, этият болууга чакырды.

Өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы Андрей Равков шайлоого бараткан беш талапкер, анын ичинде Тихановская жана президент Александр Лукашенконун өкүлү менен жолугуп коопсуздук эрежелери тууралуу сүйлөшкөнүн билдирди. Равков 33 адам кармалганы менен, дагы «200дөй согушкер» өлкө аймагында экенин, аларды колго түшүрүү аракеттери жүрүп жатканын кошумчалады.

Орусиянын жарандары 29-июлга караган түнү баш калаага жакын жерден кармалган.

Президент Алекcандр Лукашенко Орусияны «кара ниеттик» үчүн айыптады, ал эми Москва бул дооматтарды четке какты.

Орусиянын Беларустагы элчиси Дмитрий Мезенцев Минскиде кармалган орусиялык жарандар жеке ишкананын кызматкерлери экенин билдирди. Элчинин сөзү боюнча алар транзит аркылуу Стамбулга коммерциялык келишимге менен бара жатышкан.

Мезенцев Москва жарандарынын кармалган себебин негиздеп берүүнү жана консулду алар менен көздөштүрүүнү талап кылып жатканын айтты.

АКШ Беларусту шайлоону таза жана калыс өткөрүүгө чакырды

Кошмо Штаттар Беларусту 9-августка белгиленген шайлоону таза, эркин жана калыс өткөрүүгө чакырды. Минск бул жолу Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) өкүлдөрүн шайлоого көз салууга чакырбай койгон.

«Биз бул шайлоонун жүрүшүнө көз салыш үчүн ЕККУ өз байкоочуларын жибере албаганына терең өкүнүчтөбүз», - деп билдирди «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна Мамдепартаменттин өкүлү Жорж Кент.

Ал ошондой эле Вашингтон журналисттердин кармалышы жана куугунтукталышы тууралуу да тынчсызданып жатканын айтып, бул маселени беларус аткаминелери менен сүйлөшүүдө да көтөргөнүн билдирди.

Кент басма сөз эркиндиги чечүүчү мааниге ээ экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле Кошмо Штаттар Беларус эгемен мамлекет бойдон калышын каалай турганын, Минск өз саясий багытын тандоого укуктуу экенин кошумчалады. Ал өлкөнүн АКШ менен болгон алакалары Орусия менен тыгыз байланышына тоскоол болбошу керек экенин да билдирди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG